6-апрелде кечинде өкмөт үйдө Азия Олимпиадалык Кеңешинин президенти Ахмад аль-Фахад аль-Сабахты өлкө башчысы Курманбек Бакиев кабыл алды. Азиядагы жана Кыргызстандагы олимпиадалык кыймылды өнүктүрүүго кошкон салымы үчүн Ахмад аль-Фахад аль-Сабах президент К.Бакиевге Азия олимпиадалык алтын орденин тапшырды.
Жолугушууда өлкө башчысы Азия олимпиадалык кеңеши дүйнөлүк кадыр-барктуу уюм экенин белгилеп, 2006-жылдан бери Кыргызстанда спортко мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп жаткандыгын белгиледи.
- Азиядагы олимпиадалык кыймылдын башында туруп, спорттун өнүгүшүнө салым кошуп келатасыз. Биздин өлкөдө да спортко көңүл бурулуп, спорт жайлар курулуп, жаштарга шарт түзүп берип жатабыз. Сиздер менен ар тараптуу кызматташууга даярбыз.
Азия континентинен олимпиадалык кыймылынын башчысы Ахмад аль-Фахад аль-Сабах кыргызстандык балбандар Бээжин олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн күмүш жана коло байге утуп алуу менен тааанылганын белгилеп, 2010-жылы боло турган Азия оюндарына биргелешип даярдык көрүүгө жардам берээрин билдирди.
-Кыргызстандык спортчулар менен кувейттик спортчулардын биргелешип машыгууларына шарт түзөбүз. Кувейттик ишкерлер Кыргызстанга инвестиция алып келип, биргелешкен долбоорлорду каржылоого даяр. Ошондой эле айрым кыргызстандык спортчуларга Азия олимпиадалык кеңеши 2010-жылы Кытайда боло турган 16-Азия оюндарына даярдык көрүүсү үчүн стипендия төлөп бермекчи.
Ошондой эле Ахмад аль-Фахад аль-Сабах өлкөнүн Олимпиада комитетинин жана спорт жетекчилери, коомчулук менен жолугушуп, келечектеги кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкууга алды.
Өлкөнүн улуттук Олимпиада Комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун айтымында кийики учурда Азияда спортко абдан көңүл бурулууда. Ошондуктан Ысык-Көлдө Кувейт өлкөсү менен бирге спорттук база куруу долбору да бар.
-Бээжин Олимпиадасында Кыргызстан ийгиликтерге жетишкендиктен Азия Олимпиадалык Кеңеши көз кырын салып, биздеги көйгөйлөрдүн чечилишине өз таасирин тийгизүү, олимпиадалык комитетибиздин иш-аракеттери менен таанышуу үчүн келди. Май айында Бангкокто (Тайландда) Чыгыш Азия оюндары болмокчу. Алдыда көп максат-тилектер, ойлор бар, аларды аль-Сабах менен тааныштырып, кеңешеп жатабыз, - дейт Канат Аманкулов.
Ахмад аль Фахад аль Сабах өзү менен кошо Азия олимпиадалык Кеңешинин башкы катчысы, жооптуу жетекчилерди жана Кувейт өлкөсүнүн ишкерлерин ээрчитип келди.
7-апрелде Кыргызстан менен Кувейт мамлекеттери ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташуу маселелери өкмөт башчы И.Чудинов менен болгон жолугушууда талкууга алынат. Кувейттен Кыргызстанга инвестиция алып келүүгө көңүлдөнгөн ишкерлер, долбоорлор менен таанышып көрүүгө дилгирлик билдиришти.
Спорт коомчулугу менен болгон Фахад ал Сабахтын жолугушуусунда олимпиадалык кыймылды өнүктүрүү маселелери тууралуу кеп болду.
7-апрелде Фахад аль Сабах баштаган Азия Олимпиадалык кыймылынын жетекчилери Бишкектеги «Аккула» ат майданында болуп, кыргыздын улуттук ат оюндарына күбө болот. Себеби, өзү жана иниси ат спортунун абдан күйөрманы.
Кыргыздын жигиттери меймандарга көк бөрү баштаган улуттук оюндарды тартуу кылат.
Азия Олимпиадалык кеңешинин президенти Ахмад аль-Фахад аль-Сабахты коштоп Кыргызстанга ушул уюмдун башкы директору Хусейин Аль-мусалам, аппарат жетекчиси Сауд Бухамад, Араб экономикалык өнүгүү корунун өкүлү Юсуф аль Бадер жана башка расмий жетекчилер келишти.
46 жаштагы шейх Ахмад аль-Фахад аль-Сабах мурда Кувейт өлкөсүнүн улуттук олимпиада комитетинин жетекчиси, спорт, маалымат, энергетика министри болуп иштеген. Учурда ал Кувейт мамлекетинин улуттук коопсуздук министри болуп саналат.
1992-жылдан бери Азия Олимпиадалык кеңешинин президенти болуу менен академиялык гребле, парус жана ок атуу спорт Араб федерациясынын жетекчиси жана уюштуруучусу.