Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:25

Президент спортчуларды кесиптик майрамы менен куттуктады


Президент Роза Отунбаева Сингапурда өткөн жаштар олимпиадасында 1 алтын жана 2 коло медаль уткан Урматбек Аматов, Шадыбек Сулайманов жана Болот Токтогонов менен.
Президент Роза Отунбаева Сингапурда өткөн жаштар олимпиадасында 1 алтын жана 2 коло медаль уткан Урматбек Аматов, Шадыбек Сулайманов жана Болот Токтогонов менен.

30-сентябрда Бишкекте спорт кызматкерлеринин майрамында президент Р.Отунбаева бул тармакты өнүктүрүүгө көңүл буруунун зарылдыгын белгиледи.

“Кыргызстанда ата мекендик спортту өнүктүрүү үчүн зор мүмкүнчүлүк бар”,- деп билдирди өлкө президенти Роза Отунбаева Бишкектеги дене тарбия жана спорт кызматкерлердин кесиптик күнүн майрамдоого арналган салтанаттуу жыйында.

Ал мисал катары Ысык-Көлдүн толук көлөмүндө пайдаланылбай жаткан суу мейкиндиктерин, кыргыз элинин дене тарбия өзгөчөлүктөрүн келтирди.

Бул күн – дени таза, маанайы күчтүү адамдын күнү. Спорт -бул абройлуу тармак. Ал өлкөнүн кадыр-баркын жогорулатууда чоң роль ойнойт. Соңку жылдарда кыргыз туусу ардак тактада көп жолу көтөрүлдү, аны менен бирге элдин маанайы да көтөрүлдү”,- деп баса белгиледи президент Роза Отунбаева.

Иш чаранын аягында Роза Отунбаева жетишилген жогорку ийгиликтери жана көрсөткүчтөрү үчүн айрым спорт кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды жана наамдарды тапшырды.

Өлкөнүн дене тарбиясын жана спортун өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгектери үчүн өлкөгө эмгек сиңирген спорт чебери, грек-рим күрөшүнөн Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Данияр Көбөнов менен анын устаты, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Раатбек Мамбетов “Даңк” медалы менен сыйланды:

"Өлкөнүн дене тарбия жана спортунун эмгек сиңирген кызматкери” наамы Ош облусунун футбол боюнча балдар-уландар спорт мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы, эл аралык калыс Бахадыр Кочкаров менен Бишкек шаарындагы Ленин районунун олимпиадалык резерв адистештирилген балдар-уландар мектебинин грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу Петр Яломага берилди.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен бир катар көрүнүктүү спорт ишмерлери сыйланды.

Алардын катарында бокс боюнча өлкөнүн башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов, Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Кожокелдиев, Футбол боюнча олимпиадалык резервдин республикалык адистештирилген балдар-уландар мектебинин директору Мехлис Кошалиев, эркин күрөш боюнча Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Алексей Крупняков, мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин “Спорттук курулуштар жана спорттук камсыз кылуу башкармасы” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Кадырбек Эргешов жана башкалар бар.

Сингапурда өткөн жаштар олимпиадасында 1 алтын жана 2 коло медаль уткан Урматбек Аматов, Шадыбек Сулайманов жана Болот Токтогоновдун машыктыруучуларына өкмөттүн акчалай сыйлыктарын президент Роза Отунбаева салтанаттуу кырдаалда тапшырды.

Белгилей кетсек, I жаштар олимпиадалык оюндары 2010-жылдын 14-августунан 26-августуна чейин Сингапурда өтүп, 206 өлкөдөн Кыргызстан 47-орунду ээлеген.

Сингапурдагы жаштар олимпиадасында алтын жана коло байге утуп алууга салым кошуп, “Даңк” медалы менен сыйланган өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Раатбек Мамбетовдун айтымында анын эмки максаты олимпиада, дүйнө чемпиондорун тарбиялап, Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу.

“Даңк” медалы менен сыйланган грек-рим күрөшүнөн Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Данияр Көбөнов алдыда үч чоң максаты бар экенин “Азаттыкка” билдирди.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган бокс боюнча өлкөнун башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотовдун пикиринде дүйнө жүзүндө кыргыз желеги көтөрүлүп, гимн ойнолуп турса мекенчил сезим курчуйт.

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов спортчуларды кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга ноябрь айында Кытайдын Гуанжоу шаарында өтө турган 16-Азия оюндарында ийгилик каалап, 2011-жылы Алматыда боло турган кышкы Азия оюндарына жана 2012-жылкы Лондон олимпиадасында мыкты даярдык көрүү керектигин белгиледи.

Спортчуларга демөөрчү болгон “Мегаком” компаниясы да акчалай сыйлыктарын ыйгарды. Майрамдык маанайды эстрада ырчылары, гимнастар жана бийчилер көтөрдү.
XS
SM
MD
LG