75кг. салмактагы кикбосчулардын беттешүүсүнө Шериктеш өлкөлөрдөн: Орусия, Украина, Молдова, Белорусия, Казакстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү келишти.
Кыргызстандын намысын Азиянын чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Кумар Жалиев коргоду.
Биринчи беттешүүдө кыргызстандык Кумар Жалиев менен Орусиянын чемпиону Магомед Хамидов беттешип, кыргызстандык Кумар Жалиев артыкчылык менен жеңип, жарым финалга чыкты.
Экинчи таймашуу да курч мүнөздө өтүп, кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону, өзбекстандык Ахмед Алибеков менен Европанын чемпиону, Молдованын беш жолку чемпиону Иван Гайван атаандашып, 2:1 эсебинде өзбекстандык Ахмед Алимбеков утуп алды.
Үчүнчү таймашууга кикбоксинг жана эрежесиз кармаш боюнча Орусиянын көп жолку чемпиону Рамазан Абдулмеджидов менен кикбоксинг боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, казакстандык Шатлыкжан Хамраев чыгышты. 3 раунддук күч сынашууда казакстандык Шатлыкжан Хамрае артыкчылык менен утуп алды.
Төртүнчү таймашууда Европа чемпиону белорусиялык Геннадий Ткаченко Украинанын чемпиону Александр Медведевге алдырып коюп, Александр жарым финалга чыкты.
Биринчи жарым финалда дүйнө чемпиону, өзбекстандык Ахмед Алимбековду кыргызстандык Кумар Жалиев утуп, баш байгеге талапкердин бири болду.
Ал эми экинчи жарым финалда кикбоксинг боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, казакстандык Шатлыкжан Хамраевди украиналык Александр Медведев упайдын айырмасы менен утуп, баш байгеге талапкер болду.
Ошентип кикбоксингдин Президенттин Кубогунун финалында кыргызстандык Кумар Жалиев менен украиналык Александр Медведев чыгып, биринчи раунда эле Кумар атаандашынын эсин оодара согуп быйылкы Президенттик кубоктун ээси болуп калды. Кубокту жеңүүчүгө Бишкектин мэри Нариман Түлөев тапшырды.
Мелдеш тууралуу кикбоксинг боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Мирбек Сүйүнбаевдин пикири төмөнкүдөй:
- Бул эми дүйнө, Европа чемпиондугу үчүн таймашуу эмес, жөн гана ушул спортту элге кеңири жайылтуу максатында төртүнчү ирет өткөрүлүп жатат Кумардын келечегинен көптү үмүттөнсө болот. Быйыл күзүндө Португалияда дуйнө чемпиону үчүн күч сынашат. Бул турнир элдердин достук байланыштарын гана чыңдап, спортчулардын чеберчилигинин өсүшүнө өбөлгө гана болду.
Быйыл төртүнчү ирет өткөрүлгөн президенттик Кубоктун жеңүүчүсү, Азия чемпиону, 23 жаштагы Кумар Жалиевдин пикиринде атаандаштарынын даярдыгы мыкты мыкты болуп, таймашуу курч мүнөздө өттү. Ал “Азаттыкка” берген кыскачы маегинде алдыда Азиялык жана дүйнөлүк таймашуулар турганын билдирди.
Мамлекеттик кызмат агентигинин жетекчиси, спорт күйөрманы Айдарбек Керимкуловдун айтымында мелдеш курч мүнөздө өтүп, жаштардын намысын ойготту.
Турнирдин алып баруучусу Александр Турчинский болуп, күйөрмандардын бүйүрүн кызытты.
Ал эми таймаштын ардактуу меймандары эрежесиз күрөш боюнча дүйнөлүк чемпиону орусиялык Олег Тахтаров, грек-рим күрөшү боюнча Атланда олимпиадасынын чемпиону Юрий Мельниченко, бокс боюнча дүйнө чемпиону Андрей Курнявка, профессионалдык бокс боюнча дуйнөнун жети жолку чемпиону, Жогорку Кеңештин депутаты Орзубек Назаров болуп, жаш спортчуларга ийгилик каалады.