Орусиянын хоккей федерациясы Ысык-Көл областында муз аянтын курууга көмөк көрсөтүүгө даяр. Мындай макулдашуу Москвада өткөн орусиялык Биринчи каналдын “Еврохоккей” кубогунун учурунда жетишилген.
Аталган кубокко өлкөдөн расмий чакыруу менен Кыргызстан хоккей федерациясынын президенти Мурат Жакыпов, федерациянын финансылык деректири Бектур Бараханов жана Дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Александр Воинов барышкан.
Өлкөнүн хоккей федерациясынын жетекчиси Мурат Жакыповдун айтымында Москвада орусиялыктар менен Ысык-Көл облусунда муз аянтын куруу маселеси сүйлөшүлгөн:
-Москвада орусиялык тарап менен биздин республикабызда муз аянтын куруу маселеси талкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн биринчи кезеги ийгиликтүү өттү, азыр талкуу улантылууда. Ошондой эле бүгүнкү күндө муз аянтын куруу долбоору али иштелип чыга элек, европалык стандарттарга ылайык мындай муз сарайын куруу 1,5-3 млн. евро. турат.
Кыргызстандык өкүлдөр Москвада Чехия, Швеция жана Финляндиянын хоккей федерацияларынын жетекчилери менен өлкөдө хоккейди өнүктүрүү программасын талкуулашты.
Ошондой эле ушул жылдын 24-25-январында Кыргызстандын хоккей боюнча биринчилиги болмокчу. Ал белгилүү саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты, маркум Эркинбек Матыевдин эскерүүгө арналып, Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында өтөт.
Аталган чемпионат жергиликтүү администрациянын, демөөрчүлөрдүн жана хоккей сүйүүчүлөрдүн колдоосу менен өткөрүлөт. Ага Бишкектен эки, Караколдун жана Чолпон-Атанын, Нарындын командалары катышып, мөрөй талашат.
Кыргызстандын хоккей федерациясынын президенти Мурат Жакыповдун айтымында 9 жылдан бери ар жыл сайын өткөрүлүп келаткан Эркинбек Матыевди эскерүү мелдеши бул оюндун өлкөгө жайылышына өбөлгө болууда:
- Бизде хоккей ойноо үчүн бардык шарт бар. Топ жана шайба хоккейи биздин өлкөдө мурда эле бар болчу. Мурда “Алтын шайба” аттуу мелдеш ар жыл сайын өткөрүлүп турчу. Учурда Жумгалда 7-8 жылдан бери Эркинбек Матыевди эскерүү турнири өткөрүлүп жүрөт. Биз бул оюнду колго алып, жайылтып, жакшы саамалыктарды колдоого алуубуз керек. Себеби Орусиянын спорт министри Фетисов менен хоккей федерациясынын президенти Вячеслав Третяк жардам берүүгө убада кылышты. Биз бала кезде «Алтын шайба» мелдештери өтүп турчу. Ал түгүл Орусияда өткөн биринчиликке дагы катышып келген балдар болгон. Бул хоккейди өнүктүрүү мезгил талабы.
Кыргызстанда кеңеш доорунда шайба жана топ менен ойнолуучу хоккей оюндарына көңүл бурулуп, мелдештер өткөрүлүп турса, эгемендик алгандан бери бул оюн эстен чыгып, колдоого алынбай калган. 8-9 жылдан бери хоккей боюнча Чаекте Эркинбек Матыевди эскерүү мелдеши өтүп, бул оюнга кайрадан кызыгуу башталды.
Дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты, балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касенов хоккейди өнүктүрүүгө табигый шарт бар экенин белгилеп, бирок ал үчүн көп каражат талап кылынаарын айтып, учурда андай мүмкүнчүлүк жоктугун ачык билдирди:
- Кыргызстанда Нарын, Ысыккөл, Талас облустарында бул хоккей оюнун колго алууга жаштар өздөрү демилге көтөрүүдө. Конькини табууга болот. Орусиялыктар дагы жабдуулардан жардам беребиз дешүүдө. Бирок бул спортту колго алыш үчүн учурда өкмөттө каражат жок. Жеке демилгелер менен гана өнүктүрүү аракетин көрүү керек.
Хоккей спортунун ардагери Мурат Дүйшөналиевдин пикиринде Кыргызстандын жаратылыш шарты хоккейди өнүктүрүүгө ыңгайлуу болгону менен дүйнөлүк деңгээлге жеткирүүгө мүмкүн эмес:
-Каракол, Нарын шаарларында, айрым айылдарда хоккей оюну кайрадан жандана баштады. Бирок Азиянын кышкы оюндарына, эл аралык мелдештерге өлкөнүн тандалма командасын алып баруу үчүн чоң даярдык, көп каражат талап кылынат. Азия өлкөлөрүнөн Кытай, Корея, Жапан, Казакстан мамлекеттеринде гана хоккей өнүккөн. Алар менен кыргыз жигиттери тең ата таймашка чыгып, чеберчилигин өстүрө албайт.
Хоккей оюну 16-17 кылымдарда Голландияда пайда болуп, кийин англиялыктар ойноп, Европага тараган. 1886-жылы канадалыктар шайба менен ойнолчу хоккейдин эл аралык эрежесин иштеп чыгышкан. 1893-жылдан бери Канадада расмий турнир өткөрүлүп, 1899- жылы Монералда 100 миң орундуу биринчи жабык хоккей сарайы курулган.
1908- жылы хоккейдин Эл аралык Лигасы түзүлгөн. 1947-жылы Чехиянын Прага шаарында шайба хоккейи боюнча биринчи дүйнө чемпионаты өткөрүлгөн.
Ал эми 1957- жылдан бери топ хоккейи боюнча дүйнөлүк биринчилик өткөрүлүп келет. Бул топ хоккейи эл аралык аренада орус хоккейи катары таанылган.
1998- жылы гана Жапониянын Нагано шаарында хоккей олимпиадалык оюндарга кабыл алынып, АКШнын тандалма командасы алгачкы чемпион аталган.
Чолпонатада былтыр өткөн Эл аралык хоккей федерациясынын 100 жылдыгына арналган хоккей мелдешине 6 команда катышкан. Мында Нарын шаарынын “Дордой-Алатоо” командасы баш байгенин ээси болгон. Жумгал районунун Чаек айылынын “Тенти ата” командасынын хокейчилери экинчи орунду камсыз кылышкан.
Чаектин “Эркинфарм” командасы бул жолу үчүнчү орунду ээлеген. Мелдештин “мыкты оюнчусу” деген сыйлыкка нарындык Султан Токоев арзып, чолпонаталык Бердибек Ыманбеков “мыкты коргоочу” деп табылган.Чаектин “Эркинфарм” командасынын дарбазачысы Бактыбек Көккөзов “мыкты дарбазачы” деген сыйлыктын ээси болгон.
Бишкекте эл аралык стандарт менен курулган шаардык муз ордосу да хоккейдин өнүгүшүнө өбөлгө болмокчу дешет спорт адистери.