-Мурат мырза, өткөн 2008- жыл кандай ийгилиги жана өксүгү менен эсиңизде калды?
-Албетте, жылдын башынан бери кыргызстандык спортчулар эларалык ареналарда ийгиликтерге да жетише алышты. Айтсак, грек-рим, эркин күрөштө, оор атлетика менен жеңил атлетикада, кикбоксинг менен тайбокс, самбо, таэквондо боюнча жылдан жылга оозго алынып келаткан спортчулар ийгиликтери жаратышты.
Быйыл жалпы күйөрмандарды сүйүнткөн окуя – Бээжин олимпиадасына барышкан 20 спортчудан грек- рим күрөшү боюнча Азия чемпиондору Руслан Түмөнбаев менен Канатбек Бегалиевдин мөрөй алганы болду.
Чынында спорт адистери Кыргыз спортуна жакшыбы, жаманбы, аны 2008-жылдагы Бээжин олимпиадасынын жыйынтыгы боюнча баа берип жатышат.
Cебеби быйыл дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган Кытайдын борбору Бээжинде жайкы олимпиада болуп, анда 205 өлкөнүн спортчулары мөрөй талашты. Негизги басым да быйыл ушул Бээжин олимпиадасына даярдык көрүүгө жана олимпиадалык таймашуулар болду.
Өтүп бараткан жылдын мыкты спорттук федерациясы деген сыйга өлкөнүн грек- рим күрөшү федерациясы татыктуу .
Себеби Бээжин олимпиадасына кыргызстандык эки балбан грек- рим күрөшүнөн коло жана күмүш байгелүү болушту. Калыстардын айынан Канатбек Бегалиев олимпиадалык алтын байгеден куру калып, күмүш медаль тагынды. Бээжинде олимпиада оюндарынын таймаштарын жалпы журт көгүлтүр экрандан көрүштү.
Канат алдына койгон максаттарына жетти. Кыргыз намысын бийик көтөрдү. Эми ага Кыргызстанда жакшы шарт түзүп, камкордукка алуубуз керек. Олимпиадада атаандашы французга калыстар тартып койгонун жалпы эл, спорт күйөрмандары көрдү. Ошондуктан Лондон олимпиадасында алтын медаль үчүн Канатбектин күрөшүүсүнө бардык шарт түзүүбүз керек.
Себеби мурдагы жылы да Кытайдын Гуанжу шаарында өткөн эркин жана грек- рим күрөшүндө да Канатбек Бегалиев финалда кытайлык балбан менен күрөшүп таза жеңишке жетсе да калыстардын айынан алтын байгеден куру калып, күмүш медаль тагынган.
Быйыл Бээжиндеги олимпиадалык таймашууда грек-рим күрөшүнөн байгелүү үчүнчү орунду ээлеген балбан, Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев жаш, анын алдында дагы дүйнөлүк, Азиялык чемпионаттар жана Лондон олимпиадасы турат.
Бээжиндеги олимпиадалык таймашууларда Кыргызстан 205 өлкөдөн 65-орунга жетүүсү жана эки балбандын ийгилик жаратуусу даярдыктын дурус болгонун айгинелеп турат. Ошентсе дагы спортко болгон мамилени өзгөртүп, дүйнөлүк ыргактан калышпай жаны тажрыйбаларды колдоно билүү зарыл.
-Ошол олимпиадалык жылдын мыкты спортчулары деп кимдердин ысымдарын атай аласыз?
-Бээжинде мөрөй алышкан эки балбан Руслан Түмөнбаев менен Канатбек Бегалиевди жылдын мыкты спортчуларынын тизме башына койгонго татыктуу.
Өтүп бараткан жылдын мыкты спортчусу деп оор атлетика боюнча Азия чемпионатында алтын медаль уткан Улан Молдодосовду атоого болот. Ал Бээжиндеги олимпиадада он биринчи орунду ээледи.
Азиянын көп жолку чемпиону Татьяна Ефименко 8 жыл мурда Пусанадагы 14 - Азия оюндарында чемпион аталса, быйыл Азиянын бешинчи ирет чемпиону болгону менен Бээжинде күйөрмандардын үмүтүн актай албады.
Кыргыз спорт тарыхында төрт ирет удаасы менен Азия оюндарында мөрөй алган велоспортчу Евгений Ваккерди быйылкы жылдын мыкты спортчусу деп атоого болот. Бирок ал быйыл Азия чемпиону болгону менен Бээжин олимпиадасына жолдомо албай калды.
Евгенийдин мындай ийгиликтерге жетүүсүнө Германияда жашап, чет өлкөлүк клубдарда машыкканы өбөлгө болууда.
Ошондой эле 2008- жылы Азия чемпионаттарында мөрөй алышкан балбандар Данияр Көбөнов, Алексей Ялома, Арсен Эралиев, оор атлетчилер Алексей Дудин, Султан Молдодосов, Бекзат Осмоналиев Кыргызстанды таанытышты. Айрыкча Азиянын эки жолку чемпиону Данияр Көбөновдун Бээжин олимпиадасына жолдомо албай калышы күйөрмандарын өкүндүрдү.
-Өткөн жыл эмнеси менен «бармак тиштетип» өкүнүчкө салды, сизди?
-Кыргызстандагы саясый-экономикалык абал кыргыз спортуна да көп жылдан бери өзүнүн залакасын тийгизип келет. Каражаттын жоктугунан стадиондор менен спорт залдар талкаланган. Спортчулар менен машыктыруучулар чет өлкөлөргө кетип жатышат. Ал аз келгенсип, былтыртан бери облусттук спорт комитеттерин жоюп жиберүү айылдык спорттун тамырына балта чапкандай таасир калтырды.
Бээжиндеги олимпиадада бир коло,бир күмүш медаль жеңдик деп жатабыз. Бул көп жылдан бери талыкпай аракет кылган грек- рим күрөш федерациясынын, машыктыруучулардын жана балбандардын мээнетинин акыбети. Эгерде аларга мындан дагы жакшы шарт түзсөк, анда дагы ийгиликтер болмок.
Айрыкча Данияр Көбөнов менен Жанарбек Кенжеевдин мээнети акталбай, арманда калышты. Эркин күрөш балбандары Бээжинде үмүттү актай алышпады. Бирок алар Кыргызстандын өзүндө тарбия- таалим алгандар болсо дурус болмок.
Бээжинге жолдомо алган үч балбан тең Орусиянын инсандары. Велоспортчу Евгений Ваккер Кыргызстанда эмес, Германияда жашап, германиялык клубда машыгат. Бирок Ваккер быйыл Азия чемпиону болгону менен Бээжинге жолдомо албай калганы өкүндүрөт.
Ал Кыргызстандын намысын биринчи кезекте өзүнүн туулуп өскөн өлкөсүнө болгон патриоттуулугунан эмес, эларалык чоң-чоң мелдештерге, дүйнөлүк чемпионат менен олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн коргоп жүрөбү деген да ой келет. Себеби Германия курама командасына ал мүчө боло албайт, анткени ал жакта андан күчтүү спортсмендер жүздөп саналат.
Женил атлетикадан Азиянын көп жолку чемпиону Татьяна Ефименко да жыл сайын эле спорткомитети жакшы көңүл бөлбөй жатканын айтып келет. Айласы кеткенде быйылкы жылы дээрлик толугу менен чет өлкөлөрдө машыгып, ошол жакта мелдештерге катышты.
Бирок ал Бээжинде кыргызстандык күйөрмандардын ишенимин актаган жок. Ошондой эле Бээжинге жолдомо алышкан эркин күрөш балбандары Алексей Крупняков, Базар Базаргуриев жана Арсен Гитинов да орусиялык спортчулар, алар өз өлкөсүндө курама командага илинбей калышып, биз үчүн күрөшүп жүрөт. Демек, алардын жеңиштерде биздин спорткомитеттин, өкмөттүн салымы канчалык?
Айтуу кыйын. Эми бул эмнени билдирет?.. Бул биздин Кыргызстанда жакшылап машыгууга шарт начар экендигин билдирет. Спорт тармагын өкмөттүк деңгээлде камкордукка алуу тууралуу айтылган менен жер- жерлерде ишке ашпай келетат. Айрыкча эркин күрөш, бокс, оор атлетика федерациялары иш- аракеттерине терен талдоо жүргүзүп, жаштарга шарт түзүп берүүсү зарыл.
Эң оор жоготуулар болду. Кыргызды д үйнөгө тааныткан залкан инсандар Чыңгыз Айтматов, Асанкан Жумакматов, Мирсаид Мирахимов, Тууганбай Абдиев, Дооронбек Садырбаев, Ашыралы Айталиев сыяктуу улуу адамдарыбыздан айрылып калдык.
Дагы бир өтө кейиштүү окуя- “Манас” аэропортуна жакын жерден Иранга учуп бараткан учак кырсыкка учурап, кыргыз спортунун келечеги болгон жаш баскетболчу, спортчулар каза болгону абдан өкүндүрдү.
-Эми жаңырган жылы кыргыз спортчулары үчүн алдыда кандай ири таймашуулар, сыноолор турат?
- Биринчи кезекте өз жерибизде спортчуларга шарт түзүп бериш керек. Ал эми күрөштөгү калган медалдар кыргыздын менталитетине (күрөшкө жакындыгы) байланыштуу деп ойлойм. Азыркы мыкты балбандарыбыз өспүрүм кездерин эгемендигибиздин алгачкы жылдарында айылда өткөргөн балдар жалаң карандай чай менен эле чоңоюшту. Анан шаарга келип кичине өзөк жалгап, жаштар арасында ийгиликке жетишип, чоңдорго келгенде эле утулуп калып жатышат. Эгерде балбандарыбызга жакшылап көңүл бурулса мүмкүн дагы бир нече алтын медалга деле ээ болмокпуз.
Айрыкча Билим берүү министрлиги менен кесиптик билим берүү агенттиги дене тарбия багытында иш жүргүзгөнү байкалган жок. Пландоо менен иш жүргүзүп, анализдеген эч ким жок. Кыргыз спорту жеке ишкерлердин жана энтузиасттардын аркасы менен жашап келатат.
Эми алдыда 2009- жылы Сингапурда жаштар арасында Азия оюндары, Бангкокто чыгыш өнөрлөрү боюнча Азия оюндары, Вьетнамда жабык имараттардагы Азия оюндары, Сербияда бүткүл дүйнөлүк суденттердин универсиада мелдештери болмокчу.
Мындан сырткары спорттун бардык түрлөрү боюнча Азия жана дүйнө чемпионаттары, кубоктору өткөрүлөт. Бишкекте оор атлетика боюнча жаштар арасында Азия чемпионаты болмокчу. Ал эми 2010- жылы Гунажодо 16-Азия оюндары, Ванкуверде кышкы олимпиадалык оюндар өткөрүлөт. Ошондуктан Лондон олимпиадасына азыртан даярдык көрүүбүз зарыл.
2008-жылда жылдызы жанган спотчулар, спорт тармагынын күңгөй-тескейи, 2009-жылы боло турган негизги мелдештер тууралуу Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов "Азаттыкка" маек курду.