Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:35

Азия чемпионатында алатоолук балбандардын жеңиши


Декабрдын башында Түштүк Кореяда өткөн оор атлетика боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында эки кыргыз жигити күмүш жана коло медалды жеңип алышты.

Түштүк Кореядагы Чонзу шаарында өткөн Азия чемпионатына каражаттын тартыштыгынан улам Кыргызстандан үч балбан гана катышты. Өлкө намысын үч жаш балбан: Бекзат Осмоналиев, Султан Молдодосов жана Элдияр Шадманов коргоду.

Мөрөй талашуунун натыйжасы дурус болгонун оор атлетика боюнча өлкөнүн башкы машыктыруучусу, Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Үсөн Майназаров телефон аркылуу сүйүнчүлөдү.

Анын айтымында, 56 кг. салмактагы балбандардын күч сынашуусунда өспүрүмдөр арасында Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Бекзат Осмоналиев 110 кг салмакты жулкуп көтөрүп, 133 кг. оордукту түртүп көтөрүү менен Азия чемпионатынын үч күмүш медалына арзыган.

Белгилүү оор атлетчилердин үй-бүлөсү Өмүржан Молдодосовдун кенже уулу Султан дагы 62 кг. салмактагы чоюн билектер таймашында 121 кг. жулкуп, 147 кг. оордукту түртүп көтөрүү менен Азия чемпионатында бир күмүш жана эки коло медаль тагынды.

Ал агалары Улан, Кутман Молдодосовдон калышпаган намыскөй экенин далилдеди. Былтыр Йорданияда өткөн уландар арасында Азия чемпионатында Султан Азия чемпиону болгон.

Султан Молдодосов 13 жашында спорт чебердигинин талабын орундаткан. Аларды оор атлетчилердин үй-бүлөсү дешет.Себеби атасы-Өмүржан агалары Эсен жана Үсөн спорт чеберлери гана болбостон өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучулар.

Бир тууган агалары Улан менен Кутман Молдодосов Азия чемпионаттарынын жана кубогунун бир нече жолку жеңүүчүлөрү. Ошондой эле Улан Молдодосов студенттердин дүйнөлүк чемпионатында алтын, коло медалдарга арзыган.

Султан да бул бийиктиктерди дагы жогорулатып дүйнө чемпионатынын жана олимпиада оюндарынын алтын медалдарын жеңип, Кыргызстанды ааламга тааныткысы келет.

Азия аймагында Кытай, Корея, Жапон, Казакстан жана Иран жана башка мамлекеттердин спортчулары сан-сапат жагынан күчтүү экенин эске алсак бирде ач, бирде ток болуп жүргөн жигиттер Кыргызстанды эл аралык аренага таанытып жүрүшөт.

Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу, эл аралык калыс, Кыргызстандын оор атлетика федерациясынын вице-президенти Өмүржан Молдодосовдун айтымында ноябрь айында өткөн Азия Кубогунан кийин Түштүк Кореянын оор атлетика федерациясынын өтүнүчү менен кыргызстандык үч жигит алар менен бирге машыгуу өткөрүшүп, тажрыйба алмашып, чеберчилиги жогорулаган.

-Бул мелдешке баруу үчүн көп кыйынчылыктар болду. Биз Азия Кубогуна жана чемпионатына 5-6 жигитти даярдаганбыз. Каражат маселеси кендирди кесип айла жоктон үч жигитти гана алып барууга туура келди. Ошого карабай экөө жеңип бергенде баардык кыйынчылыктар унутулуп калды. Дүйнөдөгү эң күчтүү делген кытайлык жана ирандык балбандарга каршы туруу кыйын. Себеби кийинки олимпиадалык оюндарда жана дүйнө чемпионаттарында алардан алдыга озуп байге алгандар боло элек. Ошондуктан алардыкындай шарт түзүп бере албасак да биздин жаштарга камкордук көрүп, чоң спорттогу жолуна тоскоол болбосок. Жаштарга учурунда көңүл бөлүнбөгөндүктөн башка мамлекеттерге же бөлөк тармактарга кетип калууда.

Оор атлетика боюнча олимпиада жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин пикиринде эгерде бул жаш таланттарга азыртан камкордук көрүлбөсө Казакстанга Азия оюндарынын алтын медалын жеңип берген Бакыт Ахметовдой болуп башка коңшу өлкөлөргө кетип калышы да толук ыктымал.Бул жигиттер 2012- жылы Лондондо өтө турган олимпиадалык оюндардын баш байгелерине негизги талапкерлер болуп саналат.

Адистердин айтымында, мурдакы кеңеш доорундагы штанга менен машыгуу ыңгайсыз жана кооптуу. Учурдагы эл аралык талаптарга ылайык жаңы жабдуулар өлкөдө жокко эсе. Жаңы мезгил талабына ылайык, жулкуп көтөрүүдө серпилгич штанганын наркы 5-6 миң АКШ долларына барабар.

Ал эми айыл жергесинде оор атлетика менен машыгууга шарт жок. Ошентип жөндөмдүү айылдык балбандардын багы ачылбай, эл аралык аренага, мелдештерге чыгалбай турат.

Ошентсе да багын сынап, чоң спортко тагдырын арнап көрүүнү каалагандар бүгүн 12-декабрда Бишкектеги “Кожомкул” атындагы спорт ордосунда баштала турган олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык мелдеште өздөрүн көрмөкчү.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG