Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

Ачкачылык кармагандардын көбү- карылар


 supporters. 26May2009
supporters. 26May2009

Петровкадагы башаламандыкты уюштурду деп күнөөлөнүп жатышкан С. Аргынбаев менен Э. Бөлөкбаевди бошотуу талабы менен жети адам ачкачылык кармашууда. Алардын басымдуу бөлүгү кары адамдар. Кечээтен бери атайын акция катышуучулары үчүн тигиле турган эки боз үй ээлерине кайтарылып берилди. Буга жергиликтүү бийликтин катуу эскертүүсү себеп.

Акциянын катышуучуларынын айтымына караганда, жергиликтүү тартип коргоо кызматкерлери ачкачылык акциясы өтүп жаткан жеке турак жайды сыртынан көзөмөлгө алып, ал жакка барган ММКнын өкүлдөрүнө чейин тактап жана акция болуп жаткан короого эч бир жергиликтүү тургунду киргизбей жатышат.

Дамет (Эркин Бөлөкбаевдин тууганы):

- Бизди колдоп жакынкы айылдан келе тургандардын баарын жолдон тосуп келтирбей жатышат. Кечээ Петровка айылынан отуз аял келе жатса аким Кубанычбек Сыйданов өзү келтирбей, катуу эскертүү берген экен. Бизге балдарыбызды чыгарып берсе болду, бул жерге бир да мүнөт турбайт элек.


Бирок Москва районунун акими Кубанычбек Сыйданов мындай нааразылыктары четке кагууда:

- Мен эмне деп айтмак элем, жасабагыла деп айтайынбы? Короонун ичинде эмне кылсак өзүбүз билебиз дейт, болуптур дедим. Биз аларга эч кандай каршы аракеттерди көргөн жокпуз, болгону акция катышуучулары мыйзамсыз иштерге барбасын дейбиз.

Бүгүн ачкачылык жарыялап жаткандардын абалы менен райондук оорукананын дарыгерлери таанышып кетишти. Ал эми бир катар саясий партиялардын өкүлдөрү, белгилүү саясатчылар алардын абалын сурап кайрылып жатышат. “Жашылдар” партиясынын жаштар канатынын лидери Каныбек Сарымсаковдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, акцияга дагы башка адамдар кошулушу мүмкүн.

Оппозициячыл саясатчы Эркин Бөлөкбаев жана Чүйдөгү “Болуш” бирикмесинин жетекчиси Сапар Аргынбаев Петровка айылындагы башаламандыктын уюштуруучулары катары шектелип, үстүбүздөгү жылдын 26- 27- апрель күндөрү камакка алынышкан.


XS
SM
MD
LG