-Анвар мырза, Таластагы Элдик жыйын өз максатына жеттиби?
-Мен ойлойм, өз максатына жетти.
- Элдик жыйында каралган негизги маселелерге токтоло кетсеңиз?
-Таластагы Элдик жыйында негизинен эки маселе каралды. Бүгүнкү саясий-экономикалык кырдаал. Экинчиси Кыргызстан элдик революциялык кыймылын түзүү жана анын жетекчи органдарын шайлоо.
- Элдик жыйындын жыйынтыгында кандай чечим кабыл алынды?
-Элдик жыйындын өзгөчөлүгү ушунда болду. Атайын чечимдер кабыл алынган жок. Биз эл менен акылдашып, элдин ой-пикирин угуп, эл кандай чечимге келсе ошол чечимди аткарып бергенге даярбыз деп, демилгечи топ барганбыз. Анан Улуттук кеңешти түзүүдө дагы жетекчи органды дайындоого сунуш киргизген жокбуз. Элдин алдына “кимди дайындайсыңар? Кимди койсок болот? Өзүңөр айткыла?”- деген суроону койдук. Эл ошол жерден кеңешке жетекчилик кылууну Азимбек Бекназаровго тапшырышты. Добушка коюлуп, ал бир добуштан шайланды. Таласта бардык чечимди элдин өзү кабыл алды. Мунун өзгөчөлүгү, ошол жерде айтылып кетти, Кыргызстанда биринчи жолу элдик шайлоо менен Элдик кеңеш түзүлгөн 2005-жылы. Ошол эл тараптан шайланган Элдик кеңеш Акаевдин режиминен кутулууга мүкүнчүлүк алып, жеңишке жетишкен. Ошондон бери бир дагы кыймыл эл жактан шайланбаптыр, элдин колдоосуна алынбаптыр. Өздөрүнчө түзүлгөн кыймылдар, уюмдар өздөрүн өздөрү дайындап, өздөрүнчө программаларын ишке ашырганга аракет кылып жатышыптыр. Таластан Кыргызстан революциялык кыймылына бата берилип, силер экинчи болуп жатасыңар, элдин колдоосу менен ийгиликке жетишесиңер деген пикирлер айтылды.
-Улуттук кеңештин аткара турган милдети кайсылар?
-Улуттук кеңеш Элдик революциялык кыймылынын аткаруучу органы болуп эсептелет. Буга негизинен демилгелүү топтун мүчөлөрү кирди, анан жергиликтүү өкүлдөр элдин сунушу менен кирди. Атап айтсам: Азимбек Бекназаров, Дүйшөн Чотонов, Роза Нурматова, Топчубек Тургуналиев, Эркин Бөлөкбаев, мен дагы кеңештин курамына кирдим. Жыйындын үчтөн бир мүчөсүн эл менен акылдашып жер-жерлерден дагы кеңешке киргизгенге мүмкүнчүлүк берилди.
- Таластагы жыйынга эмне үчүн Бириккен оппозициянын лидерлери барышкан жок?
-Эми бул суроону Бириккен оппозиция өкүлдөрүнүн өзүнө берсеңиз жакшы болот эле. Бирок биз бардык оппозициячыл саясатчыларга, уюмдарга түздөн-түз чакыруу жолдогонбуз. Ар кандай себептер менен алар бара алган жок. Мен ойлойм, булардын көпчүлүгү Ысык-Көлдүн Түп районундагы май айындагы окуя кайталанып, ийгиликке жетишпейт деген чочулоосу себеп болду го деп. Болбосо Таласка бир күндө барып келсе болмок.
- Анвар мырза “Жоомарт” кыймылынын лидери Нурлан Мотуев дагы Элдик жыйынга барды деген маалыматтар бар. Ал бийликти колдоп бардыбы, же оппозицияны колдоп бардыбы?
-Нурлан Мотуев менен Турсунбай Бакир уулу жыйын башталгандан кийин бир сааттан соң барып калышты. Бишкектен түнү менен чыгышыптыр. Экөө тең негизинен биздин революциялык кыймылдын ойлорун, жобосун колдошту. Анан бийликти колдошкон жок. Нурлан Мотуев дагы бийликке каршы экенин так айтып кетти.
- Революциялык кыймыл эми элдик жыйындарды ар бир дубанда өткөрөт деген маалыматтар бар. Кийинки жыйынды кайсы дубандан баштайсыңар?
-Биз эми түнү менен жол жүрүп келдик. Бүгүн эс алып, эртең жолугушуп, акылдашып алдыдагы пландарды түзөбүз. Биз алдын ала график түзүп алган жокбуз. Таласта жыйын кандай өтөт деген түкшүмөл ойлор дагы болду. Бизге Таластан ачык чагым болбогону менен тоскоолдуктар абдан күчтүү болду. Өзүңөр деле уктуңар, Таластагы биздин координаторубуз Роза Нурматова минип жүргөн автоунааны өрттөп салышты. Топчубек Тургуналиевди спорт кийимчен жаш жигиттер келишип, “эртең саат онго чейин Таластан чыгып кеткиле, болбосо проблема болот”,- дешип коркутуп кетишти. Психологиялык кысым катуу эле болду.