-Пол мырза, “Манас” аба базасын чыгаруу тууралуу кыргыз өкмөтүнүн чечими боюнча түрдүү пикирлер айтылып атат. Алардын ичинен бул чечимди кыргыз бийлиги Орусиянын басымы алдында кабыл алды, деген ойлор басымдуулук кылууда. Сиздин пикириңиз кандай?
-Менимче бул чечим үчүн Орусия өтө чоң роль ойноду. Эгер басым жасады деп эле айтсак, анда өтө жөнөкөй айтылып калып атат. Мен ойлойм бул жерде Орусиянын каржылык жардам тууралуу кызыктуу жана олуттуу сунушу да чоң роль ойноп кетти. Ошондуктан, бир жактан базаны чыгарууга жасаган басымы, эки жагынан коммерциялык сунушу себеп болду, деп айтса болот.
-Кандай ойлойсуз, АКШ базасынын чыгарылышына Орусия эмне үчүн кызыкдар болуп жатат?
-Бул жерде бир канча фактор жатат. Расмий Кремлге АКШ Борбор Азияда жетиштүү деңгээлде эркин аракеттенип жатканы жакпайт. Америка бул жерде эркин, өз алдынча иштеп жатпайбы. Менимче Орусия дагы деле Борбор Азияда кайсы чет мамлекет иштөөгө тийиштигин өзү чечүүсү керек, деген сезими бардай. Бул өзгөчө аскердик багытта. Экинчи, эң маанилүү себеби - бул база аркылуу Путин мырза Барак Обаманын көңүлүн Орусияга буруу аракетин жасоодо. Орус өкмөтү Обаманын жаңы администрациясы Орусияга тиешелүү деңгээлде көңүл бурбай жатат, деп ойлошот. Албетте мына ушул жерде “Манас” аба базасын Орусия өзүн АКШга теңата держава катары көрсөтүп, эскертүүсүнө чоң рычаг болуп берди.
-“Манас” аба базасы чыгарылган соң Борбор Азия аймагына Ооганстандан террористтик коркунуч туулат, деген божомолдор айтылып жүрөт. Сиз кандай ойлойсуз?
-Менимче Борбор Азия үчүн Ооганстан, радикал исламисттер негизги коркунуч болуп деле эсептелбейт. Чындыгында Борбор Азия өлкөлөрү экономикалык жактан чабал, бечел калган жана өтө коррупцияланган мамлекеттер. Ошондуктан, Борбор Азиянын кайсы гана өлкөсү болбосун, алардын коопсуздугуна коркунуч алып келүүчү нерсе –ички факторлор. Экономиканын чабалдыгы, демократиянын жоктугу, демократиялык институттардын жоктугу жана мамлекеттик бюджеттеги акчанын көпчүлүк бөлүгү таптакыр белгисиз, сол жактарга жумшалганы –мына ушулар Борбор Азия өлкөлөрү үчүн өтө кооптуу. Мен айтар элем, “Манас” аба базасы Кыргызстанда турган учурда деле аймактын коопсуздугун камсыз кылып турду, деп айтууга болбойт. Албетте, аскерлерин “Манас” аэропортунун аймагынан чыгаруу америкалыктарга көп эле түйшүктү алып келет, анын үстүнө азыр алар Ооганстандагы аскер күчтөрүн дагы кеңейтүүнүн үстүндө. Бирок бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугу үчүн кандайдыр бир көйгөйлүү маселе болот, деп айтуудан алысмын.
-Демек, “Манас” аба базасын чыгарып кеткен күндө да Ооганстан тараптан кандайдыр бир коркунучтар болот, деп чочулабай эле койсок болот экен да?..
-Сиздерде көйгөйлөр көп. Ооганстан тараптан качандыр бир келечекте коркунуч болушу мүмкүн, эгер ал жактагы кырдаал азыркыдан да начарлап кетсе. Бирок Борбор Азия өлкөлөрү үчүн негизги маселе –бул мамлекеттердин чабалдыгы, мамлекет жетекчилеринин иштин көзүн билбегендиги, коррупциялашканы. Ошондуктан, Бишкекти, Душанбени жана башка мамлекеттерди бул коркунучтан эч кандай аба базасы коргоп кала албайт.
-Маегиңиз үчүн рахмат!
(Уландысы бар)