Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:16

Президенттик жарышта жети талапкер калды


23-июлда болчу президенттик шайлоого чейин бир жарым ай мезгил калды. Ага чейин БШКнын каттоосунан өткөндөрү 18-июндан тарта үгүт өнөктүгүнө киришет. Шайлоону таза жана калыс өткөрөбүз деп жарандык коом менен БШК макулдашууга кол койгон менен коомдо добуш берүүдөн кийин катуу кармаш болот деп чоочугандар арбын.

Бул жумада талапкерлердин акыркылары мамлекеттик тил сынагынан өтүп, экинчи баскычтагы сыноого жети талапкер жетти. Алар Акбаралы Айтикеев, Алмазбек Атамбаев, Курманбек Бакиев, Нурлан Мотуев, Жеңишбек Назаралиев, Темир Сариев, Токтайым Үмөталиева. БШК бүгүнкү жыйынында тил сынагынан өткөн Мурат Боромбаев менен Куттубек Асылбековду жарыштан чыгарды. Буга алардын өздөрүн колдогон 50 миң адамдын колун топтой албаганы себеп болду. Ушундай эле себеп менен талапкерликке аттанган экс-депутат Бакыт Керимбеков тил сынагына чейин эле жарыштан чыкты. Эми шайлоо комиссияларына берилген колдор текшерилгенден кийин жети талапкердин канчасы калары белгисиз. БШКнын уюштуруу жана укук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мырзабек Аргымбаевдин билдирүүсү боюнча, ал 18-июнга чейин такталат:

-Талапкерлер 2-июнга чейин топтогон колдорун облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларына беришкен. Алар колдордун аныгын тактап, жыйынтыгын 7-июнга чейин БШКга билдирет. Биз ошондон кийин гана кайсы талапкер белгиленген өлчөмдө кол чогултуп, кимиси күрөөсүн коюп, кимиси шайлоо фондун ачкандыгын ачык айта алабыз. БШК 17-июнга чейин берилген документтердин негизинде гана талапкерлерди расмий каттоого алып, 18-июндан тарта үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксаат берет.

Шайлоо мыйзамына ылайык расмий каттоодон өтүү үчүн талапкерлер шайлоо күрөөсүн коюп, өз корун ачууга милдеттүү. Бирок, кол тамгаларды облустук, шаардык шайлоо комиссияларына тапшырган талапкерлердин жалпы саны жетиден ашкан жок. Саясат талдоочулар ушул талапкердин ичинен деле шайлоо күрөөсү менен корун ачууга кудуреттүүлөрү саналуу, ошондуктан бара-бара жарышка чөнтөктүү 3-4 талапкер гана түшөт деп божомолдоп жатышат.

Ал эми үгүт иштерин жүргүзүү үчүн БШКнын каттоосунан 135 массалык маалымат каражаты өтүп, азыр катуу даярдык көрүп жатат. Маалымат каражаттарынын үгүт өнөктүгүнө чейинки жана андан кийинки ишмердигине медиа тармагындагы бейөкмөт уюмдар байкоо салып жатышат.

Анткен менен өлкө боюнча канча шайлоочу добуш берери тактала элек. Шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчысы, премьер-министр Игорь Чудиновдун билдирүүсү боюнча тизмеге өлүү жандардын кирип кеткени катуу чуу жаратып, азыр жергиликтүү бийликтер тизмени тактап жатышат. БШКнын билдирүүсү боюнча тизме добуш берүүгө 25 күн калганга чейин такталып, бюллетендер даярдала баштайт.

Сыртынан караганда шайлоо процесси мыйзам чегинде, уюшкандыкта өтүп жаткандай түр жараткан менен андан чыккан карама-каршылык катуу болот деп санааркагандар арбын. БЭКтин мүчөсү Эмилбек Каптагаевдин айтымында, буга административдик басымдын мурда болуп көрбөгөндөй күч алышы ушундай ойго түрткү берип жатат:

-Баарыбызда эле тууган, куда-сөөк бар. Кайсы районго, кайсы акимге, кайсы айыл өкмөтүнө кандай тапшырма берилип, кандай иштер жасалып жатканы көрүнүп, угулуп турат. Бизге бүгүн мындай тапшырма келиптир, тизмени моминтип түзүп жатабыз, момундай иштер жасалып жатат деп эле айтып жатышат. Анын баары эле көрүнүп турбайбы!

Мына ушундай басым жана будамайлоолорго жол бербеш үчүн жарандык коом өкүлдөрү шаршембиде БШК менен макулдашууга кол коюп, шайлоочулардын укуктун билимин өркүндөтүү жана башка уюштуруу аракетин көрүүгө киришти. Саясат талдоочу Табылды Акеровдун баамында, БШК 2005-жылкы парламенттик шайлоодогудай кырдаалга кептелбеш үчүн макулдашууга кол койду. Себеби, шайлоонун жыйынтыгы бурмалана турган болсо элдин кыжырдануусун жаратпай койбойт. Бирок шайлоонун калыс жана ачык болору жарандык коомдун аракетине байланыштуу болот дейт Табылды Акеров:

-Жарандык коом күчтүү болуп, талапты катуу коюп иштесе шайлоо демократиялуу негизде өтмөк. Себеп дегенде азыркы талапкерлердин ичинен эл үчүн тандоо бар. Бул жерде жарандык коом массалык маалымат каражаттарына көп чыгып, бийликтин же оппозициянын катачылыгын ачык айтып, элге жеткирип тура турган бир гана күч-жарандык коом. Анткени бүгүнкү күндө оппозициянын массалык маалымат каражаттарына дайыма чыгып, бийлик тарабынан жасалып жаткан мыйзамсыз аракеттерди коомго жеткиргенге мүмкүнчүлүгү жок.

Ал эми тутумуна алты ири бейөкмөт уюмду камтыган “Жарандык коомдун биримдиги” үч миңден ашык байкоочусун даярдап, узак жана кыска мөөнөттүү байкоосун жүргүзүп жатат. Мындан башка да бейөкмөт уюмдар бийлик менен БШКны шайлоону калыс өткөрүүгө мажбурлачу кызматташууга чакырып жатат. Мындай аракет шайлоодо боло жүрчү будамайлоолорго бөгөт боло алабы же жокпу, азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG