Парламенттеги “Акжол” фракциясынын мүчөсү депутат Алтынбек Сулайманов 2006-жылы Кыргызстандын чек арасын бузуп кирген куралчан адамдар менен атышууда күч кызматкерлеринен 5 адам, террорчу деп шектелгендерден да ошончо адам набыт болгонун маалымдап, алардын бири Хусан экенин айтты.
- Ошол Хусандын эгизин Хасан-Фара дегенди Улуттук коопсуздук комитетинин балдары андан кийин кармашып, Бишкекте камашкан. Бишкекте камап, ошол биздин УККнын балдары кармаган баланы биздин азамат соттор акчасын алып шарттууга кое берген. Хасан, “Фара” деген кличкасы. Ошол Хасан деген кечээ Жалал-Абадда каза тапты. Ошол 5 беш кишини баштаган Хасан деген болгон экен. Ошол Хасанды биздин азамат соттор 40 миң долларын алып туруп шарттууга кое беришкен.
Алтынбек Сулайманов Жалал-Абаддагы куралчандар менен кагылышта коопсуздук кызматкери набыт болгонун айтып, Хасан-Фараны “ким соттон шарттуу кое берген, ошол кишилер бүгүнкү күндө жоопко тартылышы” керектигин талап кылды.
Парламент өкүлүнүн суроосуна жооп кылып Жогорку сот төрайымы Жаңыл Алиева депутаттар алдында иштин чоо-жайын момундайча түшүндүрдү.
- Бул ишти Төлөев деген Свердлов райондук соту караган 2007-жылдын июнь айында. Эки жыл болду. Ал карап туруп, 350-жана 229-берене менен карап 2 жылга колония-поселение берген. Соттук заседаниеде мен ишти суратып, протоколун изилдеп келдим. Соттук заседаниеде прокурор айыпты колдобой баш тартыптыр.
Кылмыш иш боюнча райондук сот өкүмүн жокко чыгаруу боюнча эч кандай аппеляциялык, кассациялык арыздар берилбегенин Ж.Алиева кошумчалады.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын прокурорлорду сотко камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Жээналиев парламентте айтылган маалыматтар текшериле тургандыгын ырастап, кылмыш ишти караган райондук сотто прокурордун эмнеликтен айыпты колдобой коюшунун себеп-жөнү териштириле тургандыгын маалымдады.
- Мен азыр мындай болгон, тигиндей болгон деп айткандан ишти көрмөйүнчө алысмын. Анан көрүп, өзүбүзчө кызматтык териштирүү кылабыз. Эмне болуп, кандай болуп, кандай көрсөтмөлөр болгон? Анан эмнеге прокурор айыптоодон баш тартты? А сот эки жыл шарттуу берип коюп жатат. Андан кийин Матаева деген сот аны шарттуу-маалынан эрте деп кое берип жатат.
Нурлан Жээналиев парламентте айтылган Хасандын фамилиясы Сулайманов экенин, ал Бишкектеги соттордуне биринде эркинен ажыратылганын мурдараак билдирген. Анын айтуусунда, кылмыш ишинде Хасанга “террорчу” деген айып коюлганы же коюлбагандыгы да териштирилмекчи.
Кыргызстандын Жогорку сотунун мурдагы төрагасы Курманбек Осмоновдун айтуусунда, шектүү адамды шарттуу кесип, боштондукка чыгарылыш себеп-жөнүн кылмыш иш менен таанышып чыккандан кийин гана айтууга болот.
- Эми ар кандай болушу мүмкүн. Кээде ал иш начар тергелип, соттон өтпөй тургандай кылып, далилдер жок, кыскасы тергөө начар жасалып, ошондой болуп калышы мүмкүн.
Албетте, мыйзам жоопкерчилигинен шектүү адамды куткарып кетүүнүн амал-айлалары толтура экенин реалдуу турмуштун өзү айныксыз далилдеп келатат. Кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетүүгө шарт түзчү жагдайлар катары адистер мыйзамдык бөксөлүктү, тергөөнүн начар жүргүзүлүшүн көрсөтүшөт. Буга кошумча, мамлекет атынан мыйзамдын так сакталыш жоопкерчилигин өзүнө алган соттор менен прокурорлордун текши баары кара кылды как жарган калыс, колу таза, деп айтыш да кыйын.