Бириккен Диний кеңештин алгачкы жыйынына Кыргызстан, Казакстан, жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышты. Маалыматтарга ылайык, Тажикстан жана Түркмөнстандын өкүлдөрү аба-ырайынын начар болуп, учактар болбогон үчүн жыйынга келе алган жок, бирок жакынкы арада анын курамын толуктары күтүлүүдө.
Кахак муфтиятынын өкүлү Онгар казы “Азаттык” үналгысына берген маегинде, Борбор Азиянын беш өлкөсү тең ислам динин жабынып алып, иш-алып барган радикалдык топтордун коркунучу алдында болгонун, андыктан кеңеш бул багытта кызматташарын айтат:
– Кеңештин мүчөлөрүнүн максаты бир. Алар өз ара кызматташат жана ортодогу маселелерди бирдикте талкуулап, кеңешип, чечим кабыл алат.
Жаңы негизделген кеңеш бардык беш өлкөнүн лидерлеринин тең колдоосуна ээ болгону маалымдалууда. Ал эми Казакстандын Адилет министрлигинин өкүлү Загипа Балиева буларды айтат:
– Акыркы жылдары диний уюмдардын саны бир топ көбөйдү. Сырткы күчтөрдүн таасиринен улам Казакстандын аймагында айрым диний радикал топтордун күч алышы мүмкүн. Алардын негизги максаты – калкты толугу менен ислам же христиан диндерине өткөрүү.
Бирок аталган кеңештин негизделиши Борбор Азиядагы дин өкүлдөрү жана адистер арасында кайчылаш пикирлерди жаратты. Кыргызстандагы Саясий изилдөөлөр борборунун адиси Нур Омаровдун айтымында, кеңеш алдына койгон бир топ пландарын ишке ашыра албай калышы мүмкүн.
– Расмий диний лидерлер өзүнүн ыкласмандары менен жолугушканда, алар өздөрүн өкмөттүк чиновниктер катары алып жүрүшөт. Алар ар бир ыкласман менен өз алдынча сүйлөшпөйт. Кээде такыр эле көңүл бурбай коет. Мындан сырткары бул диний мекемелерде коррупция күч алган. Булардын айынан албетте карапайым калк арасында расмий диний өкүлдөргө ишенич бара-бара жоголуп жатат.
Тажикстандын “Ислам кайра жаралуу” партиясынын төрагасы Мухиддин Кабиринин пикиринде, жаңы негизделген кеңеш ар бир аймактагы диний лидерлер менен тыгыз байланышта иштеши керек:
– Тилекке каршы, чыныгы диний лидерлер мындай уюмдардын катарына кирбейт. Аларды карапайым калк урматтайт, алар коомчулук арасында чоң кадыр-баркка ээ. Бирок расмий түрдө катталбагандыктан мындай лидерлер экстремизмдин калк арасында жайылуусун токтотууда жардам бере албайт.
Мухиддин Кабиринин айтымында, калк арасында бир топ белгилүү болгон дин адамдары Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстанда коопсуздук кызматтары тарабынан куугунтукка алынып келет. Жакында эле тажик бийлиги Вахдан провинциясындагы белгилүү дин адамын камакка алса, Өзбекстанда Абдували Кори Мирзоев аттуу дин ишмери белгисиз жагдайларда жоголуп кеткен.
– Андыктан, бийлик террорчулук жана экстремизм менен күрөш баштар алдында, калк арасында таасири күчтүү дин ишмерлери менен кызматташса жакшы болмок,-дейт Мухиддин Камири.