Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Оппозиция өз ичин тазалай алабы?


Оппозициянын Жалал-Абат облусундагы өкүлдөрү анын сапаттык жактан өзгөрүүсүн каалашат. Алардын ой-пикиринде оппозиция бир максаттын жоктугунан аксоодо.

Оппозиция бир максаттагы саясатчылардын аздыгынан аксоодо

"Ата Мекен" партиясынын Базар-Коргон районундагы мүчөсү Жаныбек Кыдыров өзүнүн партиясынын социал- демократиялык партия менен келечекте биригүү тууралуу демилгесин колдоо менен түрдүү көз караштагы лидерлер оппозицияны бир багытка сала албай жаткандыгын билдирди. БЭКтин курамына бир нече саясий партиялар менен кыймылдар жана бейөкмөт уюмдары, экс жана азыркы депутаттар, эл көзүнө көрүнгөн адамдар кошулганы менен президенттик шайлоо чагында алар чогуу-чаран иштей албай, оппозициянын жүгүн жогоруда аталып өткөн эки партия гана көтөрдү.

Партиялардын облус, район-шаарлардагы мүчөлөрү менен колдоочулары улам азаюуда. Оппозициянын жергиликтүү ишкер өкүлдөрүн бийлик уюмдары кыйыр жана түз текшерүүлөрү, коркутуу – үркүтүү жана жалаа жабуу аркылуу үшүн алып, саясий ишмердүүлүгүн токтотууга мажбурлоодо. Мындай абалда калган элеттик саясатчыларды оппозициянын жогорку төбөлдөрү коргоого ала элек. Демек, оппозициянын катарын тазартуу жана жаңылоо жагын мезгил талап кылууда.

-Булар биримдик болуп, чогуу, бир ат менен чыгышса жакшы болмок. Каалаган оюна, максатына жетишмек. Катарында ары жакка, бери жакка өтүп иштеп аткандар бар. Ошолорду өзүлөрү деле билет. Ал жерде бийликке умтулгандар көп. Оппозициянын катары жаш кадрлардан толуктаса жакшы болот эле,-деди Жаныбек Кадыров.

Демократия үчүн оппозициянын зарылдыгын эч ким тана албайт

«Ак жол» партиясынын Жалал-Абат облустук кеңешинин өкүлү Бекен Кочкорбаев береги ою аркылуу Кыргызстан радикалдуу, бийликке кыр көрсөткөн жана душман боло турган оппозицияга муктаж эмес экендигин билдирди. Анын көз карашы боюнча, оппозиция бийликти сындап, бир жээкте туруп албай, кемчиликтерди сая көрсөтүү менен бирге аны оңдоого өз үлүшүн кошуусу абзел.

Себеби оппозиция өкүлдөрү өлкөгө өгөй эмес, өзү туулуп-өскөн мекенинен түптөлүп чыккан соң, өз эл-жеринин тынч өнүгүүсү үчүн бийлик кемесин ары-бери чайпалта бербей, анын калагын бирге шилтөөсү керек. Оппозициянын дагы бир кенемтеси – аны элдин колдобой жаткандыгында.

Элет жеринде оппозициянын түп-тамыры жокко эсе. Андан калса, президенттик шайлоодо жан тарткан адамдар камалганда, аларга карабай коюшканы да оппозициянын беделине шек келтирбей койбойт. Саясий лидерлердин кызматка жетпей калып, бийликти бөкөчөдөй кылып, сындап, көөлөй бергени жакшы эмес,- деп эсептейт Бекен Кочкорбаев:

-Бийликтин кемчилигин таап туруп, ошону менен кошо кемчиликти оңдоп кете турган оппозиция болуш керек. Булар болсо бийликке сатылып, алданып кетип атат. Булардын мындай кадамын жалпы журт көрүп турат, ал жакпай калат. Бийликке жардам бериш керек, элдин арасында жүрүш керек. Булар туруп алып эле элдин атынан бакырып-кыйкыра берсе жарашпаган нерсе. Оппозиция Балыкчыда адамдарды уюштуруп алып, каматып коюп, өздөрү качып жүрөт. Мындай оппозициянын эч кимге кереги жок.

«Ата Мекен» партиясынын Кочкор-Ата шаарындагы координатору Канатбек Эрбаевдин айтымында, саясий партиялардын бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаруусун элет калкы каалоодо. Бийликти сындоого негиз көп, анткени кайсы жерде болсо да, мыйзамсыздыктар арбын. Оппозициянын үй-бүлөлүк башкарууну уратууга жасаган далалаты эле не деген залкар максат. Ага кызматка жетүү үчүн, бийлик бир күнү чакырса, дароо кете берер саясатчылар да кошулган. Алардан арылуу зарыл. Бирок кирешелүү жайларды менчиктештирүүнү уланткан бийликке каршы сүйлөп, каш кайтарган сынчыл адамдар оюн ачык айта албай атканы ырас:

-Шайлоодон кийин элдин түшүнүгү, оппозицияга болгон ультиматуму ушундай болуп атат, силерди гана карап турабыз, бириккиле деген. Лидерлер баардыгы, СДПК менен «Ата Мекен» бириксе, бир муштум болсо, көп нерселерди жасаганга ынтызар болот. Карапайым эл да ошону күтүп атат. Эки партиянын программасы, келечектеги ой-максаттары бирдей болсо, анда күрөшкөнгө өтө жакшы болот.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG