Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

А.Атамбаев: “...Оппозицияны бөлүп-жарайын деп шыбап атышат”


Кыргызстандагы оппозициячыл саясий күчтөр биригип жаңы жалпы элдик кыймыл түзүүгө бел байлап жатат.Бул багытта экс-премьер министр Алмаз Атамбаев "Азаттыкка" маек курду.

-Алмаз мырза, оппозициячыл күчтөр биригебиз деген ниетте болуп турушат. Ал толук ишке ашат деген ишеним барбы?

-Бардык күчтөр биригет деп айта албайм. Себеби, кээ кишилер оппозицияны бөлүп-жарайын деп шыбап жатышат. Оппозициядагы негизги партияларды бири-бири менен кагыштырайын деген ойлор менен кээ бир кадыр-барктуу эле адамдар болбогон ушактар менен кептерди айтып, өздөрүнүн эле баркын кетирип жатышат.

-Үсөн Сыдыков президенттин кеңешчилигинен кеткенден бери “Жаңы Кыргызстан” менен “Акыйкат үчүн” кыймылынын ортосунда сүйлөшүүлөр болду. Элдик революциялык кыймыл менен “Жаңы Кыргызстандын” ортосунда да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Социал-демократтар мындай жүрүштөргө кандай баа берип жатат?

-Кечээ өткөн сүйлөшүүлөргө биздин мүчө да катышты. “Акыйкат үчүн” кыймылынын саясий кеңешинде биздин өкүлүбүз бар. “Акыйкат үчүн” кыймылы жана негизги 3-4 партия болуп баарыбыз кеңешип, макулдашып, чогуу ойлонуп, чогуу аракеттерди көрүп жатабыз.

-Жаңы Конституцияга ылайык кен байлыктарын жана тарыхый маанилүү жайларды менчиктештирүүгө жол ачылып калбадыбы. Бул жатта өкмөт башчы И.Чудинов менчиктештирүү программасы боюнча токтомун чыгарган. Ушул жагдайдан алганда оппозиция Кыргызстандын байлыктарын сактап калыш үчүн кандай аракеттерди көрүш керек деген ойдосуз?

-Биринчиден, курултайда кабыл алынган резолюцияда бул боюнча бир пункт бар. Анда менчиктештирүү боюнча азыр өкмөт кабыл алып жаткан чечимдерди эл кабыл албайт деп жазылган. Албетте, менчиктештирүү парламент аркылуу ачык өткөрүлсө жакшы. Бирок жашыруун, жабык эшик артында жасалып жаткан менчиктештирүүдөн элге эч кандай пайда болбойт. Бул уурдамай, тономой гана болот. Бул бийликтин бат-бат эле менчиктештирип, сатканга шашкалактап жатканынан улам баарын тез сата коюп, шапкасын ала коюп качкан турабы деп да кээ бирде ойлоп кетип жатам. Деги түшүнүксүз болуп турат.

-20-декабрда Элдик революциялык кыймыл жең ичинен менчиктештирүүгө, энергетикалык кризисти мындан ары тереңдетпөөгө аракет жасап, ушундай талаптар менен нааразылык митингге чыккан жатат. Социал-демократтар партиясы аны колдойбу?

-Биз өзүбүздүн сөзүбүздү курултайда айттык. Ага катышкан Социал-демократтар, “Ак шумкар”, “Ата Мекен” партиялары бийликке мартка чейин ойлонгула деп мөөнөт берип жатабыз деп айттык. Анан ошол эле Азимбек досум “булар Ак үйгө сатылган, Ак үйгө берилген” бизди кинелебедиби. Бирок бир нерсе бар да - бакылдаган сөз менен иш айкалыш керек. Жанагы Түптөгү жөө жүрүштөн деле сөз иш менен айкалышпай калганын көрбөдүк беле? 20-декабрда элди бекер эле алып чыгып кыйнап коебу деп турам.

-Кыргызстандын элге таандык байлыктары аз эле калды. Ошону биротоло алып кетүүгө, маселен Токтайым Үмөталиева Березовский башында турган бир топ кызыкдар болуп жатат, алар суу башын менчиктештирип алууга аракет кылып жатат деп айтты.Ушуга каршы эл кандай аракет корүш керек деген ойдосуз?

-Менимче, биз ошондой ала качам дегендерге жакшы эле белги бердик. Мындай менчиктештирүүнү кабыл албайбыз деп катуу эле айттык. Менин оюмча, акылдуу, олуттуу инвестор булардан алганым менен жаңы бийлик келсе кайрадан баарынан куру калам деп дароо түшүнөт. Ошондуктан, бул бийлик андай жаман иштерди жасатып кеткенге баары бир үлгүрбөйт!

-Маегиңиз үчүн рахмат!

XS
SM
MD
LG