Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

«Ак шумкарлар» алгачкы оюнда утулду


Тажикстандын курама командасынын оюнчусу Мухаммаджон Рахимов (оңдо) жана Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Бахтияр Дүйшөбеков (солдо). Тажикстан, Дүйшөмбү шаары. 5-сентябрь, 2019-жыл. Сүрөт: fft.tj
Тажикстандын курама командасынын оюнчусу Мухаммаджон Рахимов (оңдо) жана Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Бахтияр Дүйшөбеков (солдо). Тажикстан, Дүйшөмбү шаары. 5-сентябрь, 2019-жыл. Сүрөт: fft.tj

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алгачкы беттешинде, Кыргызстандын курама командасы Тажикстанга 1:0 эсебинде утулду.

Тажикстан менен Кыргызстандын курама командаларынын беттеши Дүйшөмбү шаарынын борбордук стадионунда өттү. Оюн кыргыз футболчулары үчүн жеңил башталганы менен талаа ээлери биринчи мүнөттөн тартып эле үстөмдүккө жетишти.

Спорт журналисти Адилет Темирлановдун айтымында Тажикстандын курама командасы​ 2018-жылы Орусияда өткөн дүйнө чемпионатына болгон жана Азия кубогунун тандоо оюндарында кыргыз футболчуларынан жеңилип калган. Бирок, бул жолку оюнга алар жоопкерчиликтүү карап, жакшы даярданганын билдирди:

Адилет Темирланов.
Адилет Темирланов.

«Тажикстандын курама командасы жай айларында эл аралык мелдештерде ойноду. Алар Индияда өткөн «Hero Super Cup» турниринде финалга чейин жетишти. Андан сырткары дагы эки жолдоштук беттеш өткөрүштү. Жаңы машыктыруучу Усмон Тошиев келгенден бери команданын курамы алмашты. Жаш, жакшы оюнчулар өтө көп. Бул оюнда Кыргызстандын жеңилиши кадыресе көрүнүш. Анткени биздин курама команда Азия кубогунан бери бир гана беттеш өткөрдү. Биздин оюнчулардын физикалык даярдагы начар экени көрүнүп турду. Өз оюнун көрсөтө алган жок. Бири-бирине топ өткөрүүдө көп катачылык кетиришти».

Оюндун жүрүшүндө тажик футболчулары чабуул артынан чабуул коюп, биринчи таймдын 45-мүнөтүндө гол киргизгенге үлгүрүштү. Голду Тажикстандын курама командасынын катарында биринчи жолу ойноп жаткан 10-номердеги Алишер Жалилов киргизди.

Жалилов беттештен соң ой бөлүшүп, оюн тууралуу буларды айтты:

«Оюндун биринчи мүнөтүнөн тартып аягына чейин үстөмдүк кылдык. Оюн биздин гана көзөмөлдө өттү. Гол боло турган учурларда гол киргизе албай калдык. Эгер алардын баарын ишке ашырганыбызда бирден көп гол болмок».

Оюндун калган бөлүгүндө кыргыз футболчулары үчүн атаандашынын дарбазасына гол киргизүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. 1:0 эсебинде Тажикстандын курама командасы жеңишти илип кетти.

Кыргызстандын курама командасынын жарым коргоочусу Эдгард Бренхардт команда өз оюнун көрсөтө албай, топ өткөрүп берүүдө көп ката кетиргенин жашырган жок:

Эдгар Бренхардт.
Эдгар Бренхардт.

«Биринчи 15 мүнөттө жакшы ойнодук. Андан кийин баарын жоготтук. Биринчи 45 мүнөттө өтө көп ката кетирдик. Экинчи таймда кетирген каталарды оңдогонго аракет кылдык. Бирок гол киргизе алган жокпуз. Жеке каталар көп кетти».

Бул оюнга катышуу үчүн башкы машыктыруучу Александр Крестинин курама командага 23 оюнчуну чакырган. Команданын даярдыгы 1-сентябрда башталган. Беттешке команданын капитаны Валерий Кичин жана жаракат алган Антон Землянухин катышкан жок. Кыргызстандын курама командасынын күйөрмандарынын бири Эрлан Алтыбаев команданын жеңилишин дал ушул башкы оюнчулардын ойнобой калганынан көрөт:

Эрлан Алтыбаев.
Эрлан Алтыбаев.

«Коргонуу тараптан көп каталар кетти. Калыс да калыстык кылган жок. Тажик командасынын коргоочулары Люкска карата орой ойносо да, калыс эч кандай чара көргөн жок жана ал тажик футболчулары тарапка көп тартты. Анан башкы оюнчуларыбыз да ойнобой калды. Эми Бишкекте өткөн оюнда көрөбүз».

«Ак шумкарлардын» 500дөн ашык күйөрманы Бишкектеги соода борборлорунун биринде чогулуп, Тажикстан менен Кыргызстандын курама командаларынын беттешин көрдү. Өзүн Сыймык деп тааныштырган күйөрман дарбазачы Павел Матяштын оюнун жогору баалады:

«Дарбазачы Павел Матяш аябай мыкты оюн көрсөттү. Ал дарбазаны көп голдордон сактады. Эгер анын ордунда башка дарбазачы болгондо тажик оюнчулары бирден көп гол киргизет эле. Бирок мен биздин футболчуларга ишенем. Тандоо оюндары эми гана башталбадыбы. Алдыда дагы 7 оюн бар. Кыргызстан тайпадан экинчи орун менен чыгарына ишенем».

Дарбазачы Павел Матяш оюн учурунда.
Дарбазачы Павел Матяш оюн учурунда.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасына туш болуп, Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойнойт.

5-сентябрда Улан-Батордо өткөн беттеште Монголиянын курама командасы Мьянманы 1:0 эсебинде утуп, үч упай алды. Азыр тайпанын сап башын Тажикстан менен Монголия ээлеп турат. Бул баскычта Жапония ойногон жок.

Кыргызстандын курама командасы үчүн кийинки беттеш 10-октябрда Бишкекте өтөт. Мында «ак шумкарлар» Мьянма менен беттешет.

2022-жылы Катарда боло турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогуна тандоо оюндарында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталып, 2020-жылдын 9-июнуна чейин уланат. Жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.

Калган 24 команда кийинки баскычта 2023-жылы боло турган Азия кубогуна 12 жолдомо үчүн ат салышат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG