30 жыл ашуун жаза өтөө жайларында иштеген Капар Мукеев 4 жылдан бери адилеттик издеп, кыйла убакты-саатын соттук териштирүүлөрдө өткөрүүдө. 2008-жылы Жогорку сот тарабынан күнөөсү жоктугу ырасталып, Жаза өтөө жайлар башкармалыгына кайрылып барса, министрлик аны 2006-жылы эле иштен бошотуп, запастагы кадрлар катарына кошулуп калганын билет. Анын айтуусунда, жаза өтөө жайларында ушу тапта мурункудай эле башаламандык, дагыле жанкечтилердин эреже-тартиби үстөмдүк кылууда.
- Дежурныйга, начальникке келишет департаменттен, этап деп коюшат. Машине келгендечи. Жарым күн турабыз, байке, дейт. Камактагы чыкпайт дейт. Дежурный текшерүүчү менен издеп жүрүшөт дейт. Анан барып общактан суранабыз дейт. Мынабу ооруканага кетмек эле, чакырып койгулачы, деп. Ал келип коштошуп жүрөт. “Ой, эми кое тургула, мен тиги мүшөгүмдү чогулткан жокмун”. Бул эмне деген акыбал? Аны эч ким көрбөйбү? Баары келишет. Чай-пайын ичип алып биздики жакшы деп кетишет. Кайрадан эле мурунку акыбал, дейт. Малдары да киришти. Койлору. Кайтарып жүрүшөт.
Капар Мукеев жаза өтөө жайларындагы абал көбүнчө жабылып-жашырылып, системада бардыгы тынч, бардыгы жайында сыпатында маалыматтар берилип турат, дейт. Анын үстүнө өмүр бою камакта отурчулар өзгөчө режимдеги башка адамдар менен чогуу кармалат. К. Мукеев өлүм жазасын алып коюу туура болгонун белгилеп, бирок өмүр бою камакта отурчуларга өзүнчө абак жай салынышы керек эле деп эсептейт.
Жаза өтөө жайларында кыйла жылдар иштеп кеткен запастагы полковник Мурзаказы уулу Исанын пикиринде, Кыргызстанда өлүм жазасын жоюп салышка эч кандай шарт да, мүмкүнчүлүк да жок болчу.
- Мисалы, шаардын сыртында жарыгы, суусу, тамак-ашы жок кичинекей үйдө жашап жатып 50 кишин конокко чакырганга окшошуп калды. Биринчи мамлекет даярданыш керек да. Даяр болуш керек. Ошол эле зонаны даярдаш керек. Өмүр бою камакка кесилгенди зонага кое берип койду. Катуу режимдегилер менен жүрөт. Мына 16-колонияда өлүм жазасы жок, өмүр бою камакка кесилген адам дагы өлтүрүп жатат. Эми аны кандай соттойт?
Кыргызстандын Адилет министрлигиндеги Жаза өтөө жайлар башкармалыгынын пресс-катчысы Сергей Сидоров тармакка бюджеттен 1 миллиард ашуун акча бөлүнө турган болсо анын 45% гана алынганын, мыйзамдын жумшартылышы бышып жетилен маселе экенин белгилеп, алиге чейин атайын режимдеги түрмө жок экендигин эскертти.
- Өмүр бою эркинен ажыратып салуу өлүм жазасынан жүз эсе коркунучтуу. Мен ушинтип айта алам.
23-сентябрдагы Коопсуздук кеңештин аппарат жыйынында кылмыштын айрым түрлөрүнө өлүм жазасын калтыруу сунушу айтылган. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Мурат Суталинов:
- Мүмкүн эл алдында өлүм жазасын колдонуу керектир. Андан кийин 3-4 күн ичинде мамлекетте тартип орнойт, деп ойлойм,- десе, аны толугу менен колдогон Коопсуздук кеңеш катчысы Адахан Мадумаров ачык сырды жашырбай эле айтуу керектигин билдирген:
- Балким муну ачык айткан киши жек көрүндү болор. Бирок убакыт келгенде түшүнөбүз. Бул өзгөчө зарыл, ансыз болбой турган нерсеге айланат.
Өлүм жазасын кайтарууну көздөгөндөр андайга кириптер болгондорго арналып салынган абак жайы жоктугун, оор жазалангандар кайра эле көнгөн кылмышын түрмө ичинде жасай бере тургандыгын айтышат. Көпчүлүктүн суроо-өтүнүчүн эске алып парламенттеги коммунисттер фракциясы өлүм жазасын кайтаруу аракетине киришип, жаңы мыйзам долбоорун даярдашууда.