Freedom House уюму өткөөл мезгилдеги 29 өлкө ичинен 18инде былтыр демократиялык көрсөткүчтөр төмөндөгөнүн, дегеле былтыр посткоммунисттик аймактарда демократия үчүн өтө “караңгы жыл” болгонун белгилейт.
Андай жыйынтыкка далил болчу мисалдардын анабашында былтыр августта от алган Орусия-Грузия ортосундагы согуш, мунайга бай Азербайжан менен Орусияда өткөн президенттик шайлоодо ким утаары алдын-ала беш колдой белгилүү болгону, Армениядагы шайлоо көчөдөгү кагылышуулар менен аяктаганы баяндалат.
Грузин өкмөтү шайлоодо колдо бар башкаруу ресурстарын пайдаланып, каалаган натыйжага жетишкени, дегеле түстүү ыңкылаптар жеңип, бийлик алмашкан Украина, Грузия жана Кыргызстандагы кырдаал андай элдик көтөрүлүштөрдөн үмүттү өчүрө баштаганы өкүнүчтүү факт катары белгиленет.
Freedom House уюмунун эксперттери 28 өлкөдөгү жагдайга 7 көрсөткүч боюнча баа берген.
Алар – улуттук демократиялык башкаруу системасы, шайлоо өнөктүгү, жарандык коом, басма сөз эркиндиги, жергиликтүү башкаруу ыкмасы, соттордун көз карандысыздыгы жана коррупция деңгээли.
Ушул 7 көрсөткүч ичинен Кыргызстанда, мисалы, былтыр жарандык коом, же бейөкмөт уюмдардын абалы, басма сөз эркиндиги, жалпы өлкөнү демократиялуу башкаруу системасы начарлап, өлкө Азербайжан, Беларус, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Орусия жана Өзбекстан менен бирге авторитардык мамлекеттер тизмесине кошулду.
Freedom House уюмунун Борбор Азия боюнча эксперти, Азаттыктын аналитиги Брюс Панниер Кыргызстандагы айрым окуялар жалпы региондун келечегинен күмөн саната баштаганын айтат.
“2008-жыл жаңыдан башталаар алдында Кыргызстанда парламенттик шайлоо болду. Ал шайлоого эки ай калганда президент Курманбек Бакиев өзү түзгөн Ак-Жол партиясы парламенттеги көпчүлүк мандаттарга ээ болду. Кыргызстан ага чейин парламентте ар түрдүү пикирдеги саясатчылар, оппозициячыл депутаттар бар өлкө катары белгилүү эле, анан эле Бакиевдин Ак-Жол партиясы 96 орундун 71ин ээлеп калып, саясий кырдаал таптакыр өзгөрдү”, - дейт ал.
“Өткөөл мезгилдеги өлкөлөр – 2009” отчетун жазган авторлордун бири Владимир Школьников Кремлдин саясаты көп жагынан терс баа алганына токтолду.
“Ошону менен Орусиянын беш категория боюнча көрсөткүчтөрү төмөндөдү, шайлоо, жарандык коом, демократиялык башкаруу системасы, соттордун иши жана коррупция деңгээли мурдагыдан начарлап, эң башкысы Түштүк Осетиядагы согуштук аракеттер, грузин аймактарын басып алуу жана шайлоо кошумча терс баа кошту. Шайлоо маалында орус бийлиги өлкөгө чет элдик байкоочуларды киргизбей, аларга бут тосконун эле айта кетсек азырынча жетиштүү болчудай”, - деп жыйынтыктайт сөзүн Школьников.
Freedom House уюмунун изилдөөсү ошентип, посткоммунисттик өлкөлөрдө демократиялык өнүгүү артка кеткенин айгинелейт.
Эксперттер абалга глобалдык финансылык кризистин кесепети тийгенин, аны менен алпурушуп, АКШ, Батыш мамлекеттери адам укуктары маселелерине мурдагыдай басым жасабай калганын айтышат.
Айрыкча энергетикалык ресурстарга бай Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан өңдүү өлкөлөрдүн жетекчилери өзүлөрүн ишеничтүү кармап, Батыш менен бул жаатта соодалашууга даяр турганы укук коргоочуларды тынчсыздандырбай койбойт. АКШнын Ооганстандагы антитеррордук операцияларына пайдасы тийген база жайгашкан Кыргызстандын жетекчилиги да бул жагдайдан зыян тартпайт шекилдүү.