Былтыр Кыргызстандын тышкы саясатында айрым көңүл бура турган окуялар болуп өттү. Президент Курманбек Бакиев башкарууну реформалоо программасынын алкагында Тышкы иштер министрлигин өкмөттүн курамынан чыгарып, ага мамлекеттик деген статус берүү менен түздөн-түз өзүнө баш ийдирди.
Былтыр жазда ошол Ооганстандагы согушка көмөк кылып аткан аскерий аба базасы чыгарылары жарыялангандан бери Кыргызстанга АКШ менен Орусиянын жогорку деңгээлдеги чиновниктери биринин аркасынан бири каттап калышты. Аба базасы жабылары айтылгандан кийин эле Вашингтондон делегаттар келип кетишти. Москвадан президенттик администрация башчысы Сергей Нарышкин, вице-премьер-министр Игорь Сечин сыяктуу таасирлүү адамдар да Бишкекте болушту. Эми АКШ президентинин атайын өкүлү Ричард Холбрук келүүдө.
Тышкы иштер министрлигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, Р.Холбрук мырза президент К.Бакиев менен жолугушмакчы. ТИМдин батыш өлкөлөрү жана АКШ боюнча департаментинин директорунун орун басары Кайнарбек Токтомушев мындай дейт:
- Холбрук кызматы боюнча Ооганстан жана Пакистанга жооп берет. Андыктан менин оюмча Ооганстан жана аймактагы коопсуздук боюнча сөз болот президент менен. Ал иш сапарында бир гана президент менен жолугушат.
Холбрук мырза Ооганстан жана Пакистан боюнча иштерге жооптуу болгондуктан президент К.Бакиев менен жалпы эле чөлкөмдөгү коопсуздук, аны менен кошо АКШнын Кыргызстандагы аба базасы тууралуу кеп кылышы мүмкүн. Ал арада Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин биринчи катчысы Виталий Скринник “Eurasianet” интернет басылмасына интервью берип, кыргыз бийлиги Орусия былтыр берген 450 миллион долларды туура эмес пайдаланып атканын айтып чыкты.
Буга чейин эле Орусия-Кыргызстан алакалары салкындай түшкөнү айтылып, жазыла баштаган болчу. Президенттин кичүү уулу, Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси Максим Бакиев да алгачкы чет элдик иш сапарын кошуна Кытайдан баштап, ГЭСтерди куруу сыяктуу долбоорлорду сүйлөшкөн. Талдоочулар муну Орусия менен 1,7 миллиард долларлык кредит маселеси жарга такалгандан кийинки арга катары баалашкан.
БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиевдин пикиринде, Кыргызстанда ички саясат сыяктуу эле тышкы саясатта да олуттуу кемчиликтер болууда. АКШ, Орусия, Кытай сыяктуу ири өлкөлөр менен алакада ар башка нерселерди убада кылып, тышкы саясатта туруксуздугун көргөзүүдө. Бул – былтыркы АКШ базасынын айланасындагы окуяларда даана байкалды:
- К.Бакиев Орусияны карап бирди сүйлөп, батышты карап экини сүйлөп, Кытайды карап үчтү сүйлөп атат. Ал эми четтен келген жана өлкө ичиндеги миллиарддаган акчаларды туура эмес пайдаланганды булар тээ мурдагы заманда эле Акаев менен Бакиев башташкан. Азыр болсо андан да күчөп атат.
Мына былтыр В.Путин айтты эле 2 миллиард беребиз деп. Ал акчалар да келе баштаган. Ал эми булар келген акчаларды Максим Бакиев башкарган агенттиктин фондуна сала коюп, өздөрү пайда табыш үчүн ар кайсы жакка көзөмөлсүз жумшап атышат да. Аны тигилер да көрүп турат да. Анан албетте акча бербейт. Чет элден келген акчаларды булар тоноп атышат.
Андан тышкары Т.Тургуналиевдин айтымында, Кыргызстан тышкы саясатында нейтралдуулукту, көп багыттуулукту чындап карманып, керек болсо өз аймагында Орусия менен АКШнын да аскерий базаларын жайгаштырбоосу керек эле.
Башкаруу академиясынын мамлекетти башкаруу магистри Айнура Аскарованын пикиринде, жетекчилер тышкы саясатта абдан эле этият болуп, былтыркы АКШ базасы менен болгон окуялардын кайталануусуна жол бербөөсү, негизги өнөктөштөр менен мамилесин эч качан бузбоосу керек:
- Тышкы саясатта колдон жылмышкан, тайгалак саясат болбош керек. Туруктуу саясат жүргүзүү зарыл. Орусия менен мамилени да абдан туруктуулукка жеткирүү керек деп ойлойм.
Дүйнөлөшүү маалында тыш дүйнөсүз өнүгүп-өсүү мүмкүн болбогондуктан Кыргызстан үчүн сөзсүз түрдө чет элдик каражаттар, карым-катнаштар абдан маанилүү. Талдоочулардын баамында, буга чейин Кыргызстандын экономикасы Орусияга көбүрөөк байланган болсо, азыркы бийлик тараза ташын Кытай тарапка оодарууга бел байлап калгандай. Ошол эле маалда аты өзгөртүлгөн транзиттик база аркылуу АКШны да региондо негизги оюнчу катары кармап, Кыргызстан үч киттин ортосунда иш алып барууда.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда АКШнын аба базасынан тышкары Кантта Орусиянын да аба базасы турат.
Президент К.Бакиев АКШнын антитеррордук борборунда 11-сентябрдын курмандыктарынын эстилигинин ачылышында
Ырасмий Бишкек Кремль менен 2 миллиард долларга жакын кредит алууну сүйлөшкөн соң "Манас" аба майданында жайгашкан АКШ баштаган антитеррордук жамааттын аскер аба базасын чыгарарын жарыялады. Бирок кийинчерээк анын аты гана өзгөртүлүп, база борборго айланып, ордунда кала берди. К.Бакиев болсо жыл соңунда Кыргызстан тышкы саясатында кайсы бир өлкөгө артыкчылык бербей турганын, көп багыттуу саясат жүргүзөрүн жарыялады.Былтыр жазда ошол Ооганстандагы согушка көмөк кылып аткан аскерий аба базасы чыгарылары жарыялангандан бери Кыргызстанга АКШ менен Орусиянын жогорку деңгээлдеги чиновниктери биринин аркасынан бири каттап калышты. Аба базасы жабылары айтылгандан кийин эле Вашингтондон делегаттар келип кетишти. Москвадан президенттик администрация башчысы Сергей Нарышкин, вице-премьер-министр Игорь Сечин сыяктуу таасирлүү адамдар да Бишкекте болушту. Эми АКШ президентинин атайын өкүлү Ричард Холбрук келүүдө.