Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Бийлик сынчылары Бакиевдин жеңгенине ишенбейт


Жалал-Абат облусундагы бийлик сынчылары шайлоонун таза өткөндүгүнөн күмөн санашып, административдик ыкмалар колдонулбаса К. Бакиевдин көп добуш алышы мүмкүн эмес эле дешет.

БЭКтин талапкери А. Атамбаевдин Аксыдагы ишенимдүү өкүлү Исраил Шергазиевдин айтымында, райондун бир нече шайлоо участокторунда мыйзам бузуулар катталган. Кызыл -Көл шайлоо участогунда А. Атамбаев үчүн ташталган бүлүтүндөр К. Бакиевге берилген добуштарга кошулуп саналган.

-Биз алган протокол боюнча 241 Атамбаев, 370 Бакиев болчу, 100 адамды Бакиевге өткөрүп туруп, Атамбаевдикин 100гө кыскартып коюптур. Ал таза шайлоо эмес. Бюллетендерди да пачкалап салып атышты,-дейт Исраил Шергазиев.

А. Атамбаевдин Токтогул районундагы штабынын башчысы Салават Алиевдин пикиринде, президент К. Бакиев шайлоо учурунда кызматын тапшырбагандыктан улам талапкерлер арасында теңдик болбоду. Кошумча добуш берүүлөр уюштурулуп, мамлекеттик ресурс иштетилди.

Социал – демократиялык партиясынын байкоочуларын « Ак жол» партиясынын өкүлдөрү шайлоо участогунан сүрүп чыгарышкан. Жайлоодогу малчылар үчүн жапма үкөктөр көп жөнөтүлдү. Мыйзам бузуулар тууралуу акт түзүүгө мүмкүнчүлүк берилген жок. “Шайлоонун жыйынтыгына ишенүү мүмкүн эмес”,- дейт Салават Алиев

Бийлик сынчыларынын жогору пикирлерине Аксы район акими Талант Орозов кошулбады:

- Шайлоонун жүрүшүнө байкоочулар көз салып турушту. Анын жыйынтыгы менен макулдук иретинде кол коюп беришти го.

Токтогул райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы Абакиралы Абдылдабековдун белгилешинче, мыйзам бузууларга шайлоо участокторундагы байкоочулар жол ачышкан жок. 23-июлда түштөн кийин добуш берүү улантылып, бүлүтүндөр эсептеле электе анын жыйынтыгы тууралуу, ошо күнү кайсы талапкерди канча адам шайлаганы тууралуу билүү мүмкүн эмес:

-50 пайыз деп кайдан айтып атышат. Түшкө чейин канча добуш бергенин Бакиевге, Атамбаевге мынча болду деп айта албайт да. Шайлоого 36 миң 971 адам катышты. 630 адам, же 1,7 пайыз Атамбаевге салды, Бакиевге 89,38 пайыз салды. Бизге мыйзам бузуу боюнча бир дагы арыз түшкөн жок.

Сузак районунда президент К. Бакиев үчүн добуш бергендер көп болду. Облустун тургуну Ильич Нарматов өлкө башчысынын шайланганын мамлекеттик кызматкерлер тарабынан ага кошомат кылуунун көп болгондугу менен бышыктады. Ал сурамжылоо жүргүзгөн отуз адамдан жыйырмасы К, Бакиевди, алтоосу А. Атамбаевди, калгандары башка талапкерлерди шайлаганын айтышкан.


  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG