Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:50

Алты айдын “түшүмү” - 600 кг маңзат


Ооганстандагы Кандагар провинциясында автоунаалар толтура баңгизаттарды жүктөп кетип жатышат
Ооганстандагы Кандагар провинциясында автоунаалар толтура баңгизаттарды жүктөп кетип жатышат

Маңзаттарына каршы күрөштүн натыйжалары жөнүндө Маңзаттарын көзөмөлдөө боюнча агенттиктин басма сөз кызматынын жетекчиси Кумарбек Чалданбаев менен маек.

- Бүгүн маңзаттарына каршы күрөшүү боюнча эл аралык күн. Маңзаттарын көзөмөлдөө боюнча агенттик баңгизаттары менен күрөшүүдө кандай иштерди жүргүзүүдө?

- Азырынча маңзаттарын көзөмөлдөө агенттиктин кызматкерлери өз иштерин жасап жатышат. Биринчи биздин ишибиз бул баңгизат менен күрөшүү, негизгиси Ооганстандан келген герион, апийим менен күрөшүү милдети биздин алдыбызга коюлган. Экинчи милдетибиз, Кыргызстанда өсүп жаткан баңгизаттар менен күрөшүү.

- Быйылкы жыл канча кг. маңзаттары алынды?

- Бул жылы 24-июнга караганда 600 килограммдан ашык жалпы баңгизат кармалды, анын ичинен 139-140 кг. жакын бул героин, 118ден ашыгы опий. Ошонун баарынын жалпы саны Кыргызстанда, анан биз менен чогуу иштеп жаткан Орусия, Казакстан, Тажикстандын кызматкерлери менен чогуу кармалган.

- Маалыматтарга караганда Ооган апийими Кыргызстан аркылуу Орусия, андан ары Европага чейин кеткен маалыматтар бар. Ал жакка тонналаган ооган апийимдери өтөт экен. Мына ушуну Кыргызстандан кармоодо укук коргоо органдарынан, же болбосо жетекчилик кызматтарда иштеген адамдардан ушуну өткөрүүгө байланышы бар деп кармалдыбы?

- Кыргызстандын аймагы аркылуу баңгизаттарды башка өлкөлөргө ташылып кетет. Бул жактан көбү кармалбайт. Көбү Орусия, Казакстан ташый турган максат менен келет, бирок кайсы бир саны Кыргызстанга да калат. Келген жагы болсо Тажикстан. Албетте кишилер ташыйт. Баңгизат жактан финансы жагы кирешелүү. Азыркы экономикалык акыбалга караганда элдер оңой акча табабыз деп ошого кирип кетиши мүмкүн.

- Апийим, героин, нашаа башка дагы организмге терс таасир тийгизген таблеткалар дагы Бишкектин эс алуу, окуу жайларына чейин жетти деген маалыматтар бар. Бул боюнча кандай күрөштү жүргүзүп жатасыздар?


- Бизде психотроптук заттар деп коет экстази таблеткаларды. Бул боюнча да биз иш чараларды өткөрүп жатабыз. Жакында эле биздин кызматкерлер 400 таблетка кармаган болчу шаардан. Бул Казактандан алып келип биздин дискотекаларга тарата турган кылмышкерлер келген. Аларды кармап, азыр иш чаралар өткөрүлүп жатат. Бизде маалымат бар, бул жака ошондой канал түзгөнгө аракет кылып атышыптыр кылмышкерлер психотроптук заттарды биздин жаштарга сатуу боюнча. Биз ал боюнча албетте иш чараларды өткөрүп жатабыз, жөн отурбайбыз биз, буюрса дагы жыйынтыктар болот.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG