Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

СПИД менен күрөшүү – биримдикти талап кылат


Кыргызстанда ВИЧ СПИД менен күрөшүп келаткан бейөкмөт уюмдардын Улуттук II форуму “Биздин күчүбүз - биримдикте” деген чакырык менен чыкты. 2009-жылдын 1-январына карата ВИЧти алып жүргөндөрдүн жана СПИДге кабылгандардын жалпы саны 2031 адамга жетти.

“2009-жылдын 1-январына Кыргызстанда ВИЧ СПИДдин инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 2031 адамга жетти. Алардын ичинен 141и чет өлкөлүк жарандар. СПИД менен учурда ооруп жаткандардын саны 145. ВИЧке кабылгандардын 478и аялдар. Алардын 22си СПИД менен ооруйт, калганы ВИЧтин инфекциясын алып жүргөндөр. Мына ушул жерде айта кетүү керек: ВИЧтин инфекциясын алып жүргөндөр жана СПИД менен ооругандар таптакыр эки башка категориядагы оорулуулар. Мындан кийин ВИЧ менен СПИД эки башка категориядагы дарт катары каралмакчы. Бул тууралу аталган жыйында адистер белгилешти. Кыргызстанда ВИЧке жана СПИдге кабылгандардын 1363ү баңгилер болуп саналат. Бул дартка кабылгандардын 1257 си кыргызстандыктар. ВИЧ ти алып жүргөндөрдүн жана СПИДге кабылгандардын 533 ү абакта. Кыргызстанда СПИД менен ооругандардын 95 и бул дарттан каза болду.

Кыргызстанда ВИЧке жана СПИДге каршы күрөш жүргүзүп келаткан бейөкмөт уюмдардын координатору Борис Шапиро бул дарттардан сактануунун эрежелерин балдарга эртелетип эле түшүндүрө баштоо зарылдыгын айтат:

- СПИДди түшүндүрүүнү 1-класстан, бала бакчадан эле баштоо керек. Айрыкча айылдагы айрым жаштарыбыз бул дарт тууралу таптакыр эле билишпейт экен. Мен айылдардан келип Бишкекте сойкулук кылып жүргөн кыздарга жүрөгүм ооруйт. Андыктан биз мугалимдер менен, дарыгерлер менен, коомчулук менен биргеликте иш алып барышыбыз керек. Андыктан бүгүнкү жыйыныбыз да – “Биздин күчүбүз биримдикте” деп аталып жатат.

Кыргызстан боюнча ВИЧке жана СПИДге кабылгандардын саны Ош шаарында басымдуу. Бүгүнкү күндө Ош шаарында 540 адам ВИЧ жана СПИД боюнча каттоодо турат.

Оштогу “Ата-энелер наркотикага каршы” аттуу коомдук фонддун төрагасы Мамасабыр Бурханов "Азаттыкка" буларды маалымдады:

- Тырмакчалап айтканыбызда Ош шаары наркотикага “бай” шаар болуп жатат. Ошол себептен Ош ВИЧке жана СПИДге кабылгандардын саны боюнча республикада биринчи орунда туруп жатат. Андыктан биздин фонд алдын алуу иштерин жүргүзүп келебиз. Жакында биз Кара-Сууда да өз бөлүмүбүздү ачтык.

Ал эми Кыргызстандын аймактары боюнча – Бишкекте 306 адам бул дарт менен катталган. Баткенде – 40 киши. Ош облусу боюнча 16 адам. Ал эми Ош шаарында 540 адам ВИЧтин инфекциясы менен жана СПИД менен катталды. Жалал-Абад облусунда 239 адам. Чүй облусунда 451. Ысык-Көл аймагында 22, Нарын облусунда 4 жана Талас аймагында 8 адам ВИЧ жана СПИД менен каттоодо турушат.

Дагы бир коомдук фонддун өкүлү Нарынбек Жапаров да жогоруда айтылган пикирлерге кошулуп, ВИЧ СПИДден сактануунун, алдын алуунун жолдорун биз балдарга кичинесинен түшүндүрүүнү кыргыз менталитетине жараша уят катары караганды токтотушубуз керек деди:

- Аңдасак, прогресс өнүгүп, муундар да өзгөрүп жаткан экен. Биз да заман шартына жараша ой жүгүртүп, мамиле жасашыбыз керек экен.

Кыргызстанда ВИЧ жана СПИД менен жашап жаткан адамдардын ассоциациясынын төрагасы, ВИЧтин инфекциясын алып жүргөнүнө 9 жыл болгон Нурлан Шанкоров өзү жетектеген ассоциациянын иши тууралу буларга токтолду:

- Биз эл арасында бул дарттар тууралу түшүндүрүү иштерин жогорулатышыбыз зарыл. Биздин ассоциация бул кезге чейин Чүй облусунун аймактарында иш алып барып келген болсо, эми республиканын түштүк аймагына чыгалы деп жатабыз. Көпчүлүк жаштарыбыздын бул дарттар тууралу түшүнүктөрү натуура. Мисалы айрымдар кол кармашкандан деле бул оорулар жугуп калат экен деген түшүнүктө.

XS
SM
MD
LG