Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Четтегилер добуш берүүдөн четтетилеби?


Шайлоо күнү дүйнө боюнча 22 мамлекетте 44 шайлоо бекети иштейт
Шайлоо күнү дүйнө боюнча 22 мамлекетте 44 шайлоо бекети иштейт

Кыргызстанда шайлоого туура беш күн калды. Борбордук шайлоо комиссиясынан “Азаттыкка” билдиришкендей, шайлоо күнү дүйнө боюнча 22 мамлекетте 44 шайлоо бекети иштейт. Алардын ичинде эң көп сандагы шайлоо бекети Орусияда болот. Жалпысынан бул мамлекетте 18, Германияда 3, Казакстан, АКШ жана Түркияда экиден, калган мамлекеттерде бирден шайлоо бекеттери иштей турганы маалым болду. Азыр “чет жактарда консулдук кызматтарда каттоодон өтпөгөн, бирок ошол чет-өлкөлөрдө убактылуу эмгек мигранты катары жүргөндөр бул шайлоодо добуш бере алышабы?” деген суроо өзгөчө кызыгууну жаратууда.

Шайлоого саналуу гана күндөр калганына карабай, чын эле бул маселе азыр чечиле элек окшойт. Алгач Москвада кыргыз элчилигинин жанына мигранттар өздөрүнүн укугунан пайдаланууга шарт түзүп берүүнү талап кылып чыгышкан эле.

БШК "ооба" дейт

Биз бул маселе боюнча Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиянын шайлоо технологиялары бөлүмүнүн жетекчиси, чет-өлкөлөрдөгү шайлоо бекеттери боюнча расмий өкүлү Берик Исаковго кайрылдык.

“Кыргызстандан сырт жактарда убактылуу жашаган кыргыз жарандарынын ичинде шайлоого ал мамлекеттердеги консулдук кызматтарда расмий каттоодон өткөндөр катыша ала тургандай кылып “негизги тизме” түзүлгөн. Ал эми чет-мамлекеттердеги кыргыз элчиликтеринде каттоодон өтпөгөн кыргыз жарандары “кошумча тизме” менен добуш бере алышат”.

Демек, чет-мамлекетте жүргөн кыргыз мигранттарынын ичинде мыйзамсыз жүргөн, консулдук кызматтан каттоодон өтпөгөн жарандар да добуш бере алышабы?

“Чет-мамлекетте мыйзамсыз жүргөн кыргыз жарандары буга чейинки шайлоолордо деле добуш бергенге укуктуу болчу, - дейт Берик Исаков. - Бул азыр гана киргизилип жаткан жок. Эгерде Орусияда же башка жакта мыйзамсыз жүргөн мигрантта кыргыз жаранынын паспорту болсо, ал Кыргызстанда каттоого турган болсо, анда чет-мамлекеттеги консулдукта “кошумча тизме” менен добуш берүүгө укуктуу. Жарандын бул укугу Шайлоо кодексинде жана Конституцияда так көрсөтүлгөн. Буга эч ким тоскоолдук кылбайт. Бирок маселенин баары – алар өздөрү шайлоого келбей жатышканында болуп жатпайбы!”

Бирок бул кабар азырынча ушул эле комиссиянын чет-мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүнө, консулдук кызматтарга жете элек окшойт.

Консулдуктар азырынча "жок" дешти

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисяев дүйшөмбү күнү “Азаттыктын” кабарчысына айтканына караганда, эч кандай кошумча тизме болбойт.

“Бизде азыр негизги тизме берилди да. Ошол боюнча бюллетендер келди. Азыр аны Орусиянын ар кайсыл шаарларына таркатып жатабыз. Ал бюллетендер алдын ала берилген тизмеге ылайык жиберилди, - деди Алмаз Абдисяев. - БШК чектөө коюп койгондон кийин, азыр эми кошумча тизме жаратуу кыйын болуп калат да. Эл нааразы болуп жатканын, бир чети, мен колдойм. Анткени баарына эле шайлоодо добуш бергенге мүмкүнчүлүк болбой калып жатат”.

Түркияда бул ирет шайлоодо эки шайлоо бекети иштейт. Бири Анкарадагы элчиликте, экинчиси Стамбулдагы консулдук кызматта ачылмакчы. Стамбулдагы шайлоо комиссиясынын төрагасы Бакыт Үмөтов “Азаттыкка” айткандай, алар да азырынча “кошумча тизме” боюнча тапшырма алыша элек.

“Бишкектеги БШКдан бизге ошондой тапшырма түшсө, кошумча бюллетень жиберилсе эле, бул жакта консулдук кызматта каттоодон өтпөгөн жарандарыбыз да шайлоого катыша алышат. Буга чейинки шайлоолордо, маселен, “кошумча тизме” менен 150-200 адам добуш берчү. Азыр деле ошондой эле болсо керек”, - деди Бакыт Үмөтов.

Жарандык парыз, тилек

Эркин Кундузов Түркияда 6 жылдан бери жашайт. Азыр Анкарадагы Гази университетинде педагогика боюнча докторандурада окуйт. Ал азыр үй-бүлөсү менен Стамбулда турат экен. “Бирок 10-октябрда шайлоого Анкарадан катышам”, - дейт. Анткени ошол жердеги консулдукта каттоодо турат. Анын айтымында, өлкөдө мыйзамсыз иштеп жүргөн кыргыз жарандары бул ирет маалыматтын жетишсиздигинен да шайлоого катыша албай калышы мүмкүн.

“Мыйзамсыз жүргөндөрдүн көбү кабарсыз деле калып калышы мүмкүн. Анткени фабрикаларда иштегендер бар. Алар көбүнчө түрдүү маалымат булактарын колдоно алышпайт”, - дейт Э.Кундузов.

Бул ирет Германияда 3 жерде шайлоо бекети ачылат. Алардын бири – Франкфурт шаары.

Баатыр Алымкулов Германиянын Йена студенттик шаарчасында магистратурада окуйт. Ал Франкфурттагы консулдук кызматка чалып: “Мен силерден каттоодон өткөн эмесмин. Консулдукка келип, добуш берсем болобу?”, - деп сураган экен. Консулдук кызматтагылар: “Келе бер, добуш бере аласың” деп айтышты, - дейт.

“Шайлоого катышайын деп жатам. Бизде Франкфуртта консулдук кызмат бар. Ошол жерден добуш берем. Мага, негизи, Берлин жакын. Бирок 9-октябрда Франкфуртта кыргыздардын жыйыны болот экен. Досторум менен ошого катышабыз. Андан ары баарыбыз эртеси барып, добуш беребиз. Бул шаарда кыргызстандыктар көп”, - деди Германияда окуган кыргыз студенти Баатыр Алымкулов.

“Азаттык” сүйлөшкөн чет-өлкөлөрдөгү кыргыз консулдук кызматтары азырынча аларга “кошумча тизме” киргизүү боюнча буйрук түшө электигин билдиришти. Көпчүлүгү бүгүн-эртең маселе чечилсе керек дешет. Ошол эле учурда Борбордук шайлоо комиссиясы ал тизме киргизилгенин, сыртта жүрүп, консулдук кызматтарда каттоодон өтпөгөн кыргыз жарандары да добуш бергенге укуктуу экенин билдирди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG