-Конституциянын жаңы редакциянын долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлуп бүтүп, толук варианты иштелип чыкканы айтылууда. Баш мыйзамдын жаңы вариантында Кыргызстанда кайсы башкаруу формасы тандалып алынды?
- Так аныктама жок. Ар бир нерсенин жакындаганы болгону менен так математикалык формула, же эреже сыяктуу жок да. Бирок көбүнчө басымдуулук кылганы парламенттик бийлик менен премьер-министрдин бийлиги, укугу президенттикине караганда көбүрөк болуп турат.
- Демек бул парламенттик республика дегенге толук укуктуу болуп калат турбайбызбы?
- Жалаң парламент деп айткан болбойт. Себеби ал жерде президент жокко эсе болуп калат. Бул жерде президент башкы кол башчы болуп, анан өзүнүн куралдуу күчтөрдөгү жогорку башкаруучу кызматтарын коюп, прокурорду коюп, иши кылып мунун укугу бир топ эле болот. Жалаң парламент деп айтуу да кыйын, аралаш десек болот. Бирок парламенттин басымдуулугу бар деп айтса болот.
- Жаңы вариантте президенттин кайсы укуктары негизинен чектелди?
- Президенттин укуктары мурункудай кеңири эмес. Бирок айтып кеткендей, бир топ эле укуктары бар да. Өлкөнүн ичинде болсун, чет өлкөдө болсун Кыргызстандын президентимин деп өзүн мамлекеттин жетекчиси, башчысы катары көрсөткөнү эле муну бир топ көтөрүп атпайбы.
- Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорунда Жогорку Кеңеш мамлекеттин ички жана тышкы саясатын аныктайт деген маселе талаш-тартыш туудурду эле. Бул эмне болуп чечилди?
- Долбоордо жазылып турат, мисалы Жогорку Кеңеш ички жана тышкы саясаттын негизги багыттарын аныктайт деп. Бирок ошонун баарын ишке ашырганда негизинен премьер-министр менен макулдашып, президент ишке ашырып, эл аралык келишимдерге кол коюп аткан президент болуп атпайбы. Ошондуктан де-юре деп коет юридикалык тилде, беркиси чечкен менен президенттин колу болуп атпайбы. Ошон үчүн мунун бийлиги аз деген менен, чындыгында күчтүү эле болуп атат.
- Баш мыйзамдын жаны варианты орус тилинде жазылып кыргыз тилине которулдубу, же кыргыз тилинде жазылып орусча которулдубу?
- Экөө жанаша болуп атты. Бир жумушчу тобу орусча, бир жумушчу тобу кыргызча болуп. Анан негизинде бир талкууларда орусча, башка талкууларда мамлекеттик тилде болду. Кээ бирөөлөр намысыбызга тийип атат, эмне үчүн орусча жазылып кыргызчага которулат деп. Бул туура эмес. Анткени негизинен мааниси баары эле кыргызстандыктардын кызыкчылыгы үчүн болуп атат да.
- Азыр 20-майда коомчулукка жарыяланган атпайбы, ошондо мунун жөрөлгөсү кандай болот?
- Менин түшүнүгүмдө, аяккы жазылышы менен элге талкууга эмес, элге жеткирүү үчүн, түшүндүрүү үчүн, эл ушуну билип, маанисин терең түшүнүп, анан референдумга барып макулмун, макул эмесмин дегенге коюлуп атат. Азыр элге жеткиргенде кошумча болбойт, элге тааныштырып, ушуга добушуңарды бергиле, же бербегиле дегендей коюлуп атат.
- Рахмат.