Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:24

УТРКдагы "лапша" акциясы


Жаш активисттер Улуттук телерадио корпорациясынын имаратынын алдында “Жалганды токтоткула!” аттуу флэшмоб акциясын өткөрүштү.

Алар президенттик шайлоо маалында бир беткей маалымат таратты, чек ара маселелери, адам укуктарынын бузулушу тууралуу чындык маалыматтарды бербей, жарандардын маалымат алуу укугун чектеп жатат деп УТРКны айыпташты.

Жаш укук коргоочулар Улуттук телерадио корпорациясынын астанасында туруп алышып, кирген-чыккан кызматкерлерге кадимки ашкана кесмесин тутамдап карматып жатышты.

- Муну менен элдин нараазылыгын УТРКнын жеткечилигине жеткиргенге аракет кылдык. Эл объективдүү маалыматтан сыртта калып жатат. УТРК бүт республикага көрсөтүп жаткандыктан бир катар айылдарда көрөрмандар айласыздан жалганды көрүүгө туура келип жатат. Мисалы, шайлоону алалы, анда бир беткей маалыматтар кетти. Адам укуктары басмырланып жатат. Алар жөнүндө сөз жок,- деди “AMITY” жаштар уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова.

Ошол эле учурда УТРКнын кызматкери “Ден-соолук” теледолбоорунун жетекчиси Зийнакүл Термечикова жаштардын бул жигердүүлүгүн кубаттап, бирок сындаган пикири менен жооп кайтарды:

- Улуттук биринчи каналды, өзүбүздү өзүбүз басынтканыбыз туура эмес. “Кесме” тагасыңар деп жатасыңар. Ошол кайсыл журналист сизге жалган маалымат таратып жаткан болсо ошонун өзүнө кайрылсаңар жакшы болмок.

Акцияга чыккандарга Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери келишип, иш чараны токтотууга аракет жасашты.

Тартип коргоочуларга уюштуруучулар бул иш чара тууралуу 12 күн мурда Ленин райондук акимчилигине маалымдама берилгенин, бирок акимчилик аны мыйзам боюнча сотко кароого жибербегенден кийин бул акцияга бийликтин эч кандай каршылыгы жок экенин билдирет деп түшүндүрмө беришти.

Бул биринчи жолу тартип коргоо органдары тарабынан кармап-камоо аракеттери жасалбаган иш чара болду деп маалымдады укук коргоочу Азиза Абдурасулова.

Жаштардын акциясына УТРКнын жетекчилигинен эч ким чыгып жолуккан жок жана “Азаттыкка” акция тууралуу комментарий берүүдөн баш тартышты.

Жаштар УТРК алдында "кесме" акциясын өткөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:56 0:00

XS
SM
MD
LG