Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:56

Кыргызстан – АКШ алакаларын чыңдоо үчүн биргелешкен комиссия түзүлөт


Уильям Бөрнс Кыргызстандын көз карансыздыгын, эгемендүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздай турган ар бир кадам маанилүү экенин айтты.
Уильям Бөрнс Кыргызстандын көз карансыздыгын, эгемендүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздай турган ар бир кадам маанилүү экенин айтты.

11-12-июнда Бишкекте АКШ Мамлекеттик катчысыын орун басары Уильям Бөрнс башында турган расмий топ Кыргызстандын жетекчилиги жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууларда aймактык коопсуздук маселеси талкууланып, эки өлкө алакаларын өнүктүрүү максатында кыргыз-америка кызматташтык комиссиясын түзүү боюнча кеп болду.

Бүгүнкү маалымат жыйында АКШ Мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Уильям Бөрнс президент Барак Обама жана анын өкмөтү Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыкты күчөтүүгө, анда чөлкөмдөгү өлкөлөр менен АКШнын жалпы кызыкчылыгы камтылып, ар бир мамлекеттин өнүгүүсүнө жана коопсуздугуна артыкчылык берилээрин айтып кетти.

Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы байланышты чындоо максатында кыргыз-америка биргелешкен комиссиясы түзүлөт. Келээрки айларда Кыргызстандын тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев Вашингтонго барып, соода-экономикалык, маданий-билим берүү, айыл чарба тармактарында кызматташуу жолдорун талкуулоого катышат.

Эми чындап эки өлкө "база саясатынан" чыгып кызматташуунун ар кыл багыттарын камтыган долбоорлорго бет алабы, же дагы эле тараптар өз кызыкчылыгынын ченгээлинде калабы деген суроо туулат.

Кыргызстандык саясат таануучу Аскар Мамбеталиев эки өлкө тең узак мөөнөттүк, өз ара пайда алып келе турган көз караштарды бекем карманганда гана мындай кадамдар натыйжа берет дейт:

- Иштин алдыга жылып кетиши, кандай түшүм берээри бул жеке гана америкалыктардан эмес биздин өзүбүздөн дагы көз каранды. Биз тез акчага кызыгып эле көп адамдардын ишениминен кетип калышыбыз мүмкүн. Баарынан дагы келечектеги, узак мөөнөттөгү мамилени ойлонуп, ушул сунулган колго таза жооп берсек, мындай долбоорлор бизге пайда эле болот.

Жалпыга маалым болгондой, ушул жылдын июнунда «Манас» эл аралык аба майданында Транзиттик ташуулар борборун түзүү тууралуу чечим кабыл алган. Бул борбор Кыргызстан бир тараптуу баш тарткан АКШнын аба-аскерий базасынын ордуна эки өлкө ортосундагы узак дипломатиялык аракеттерден кийин түзүлгөн. Америкалык делегация кыргыз бийлигинин бул чечимин эл аралык терроризмге каршы курөшүүдөгү бараандуу салым деп баалады.

Уильям Бөрнстүн айтымында, "Манас" аба майданындагы Транзиттик борбордун ишмердүүлүгү кыргыз коомчулугуна ачык-айкын болуп, коопсуздук жаатында биргелешкен долбоорлор ишке ашырылат. Жаңы кыргыз-америкалык келишимде борбордун жалпы коопсуздугу үчүн негизги жоопкерчиликти кыргыз тарап өз мойнуна алаарына дагы токтолду.

Ошол эле учурда, Кыргызстанда чет элдик аскерий базаларды ачуунун жаңы долбоору каралып жатат деген маалымат тарады. 7-июлда Бишкекке Орусия өкмөт башчысынын орун басары Игорь Сечин менен коргоо министри Анатолий Сердюков келип, кыргызстандык жетекчилер менен жолугушуп кеткен. Айрым булактарда орусиялык жетекчилердин сапары түштүк Кыргызстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерий базасын жайгаштыруу максатын көздөп, учурда маселе талкууланып жатканы айтылууда.

Кыргызстанда Орусиянын дагы бир аскердик курамын түзүүгө расмий Вашингтондун көз карашы кандай деген "Азаттыктын" суроосуна мамлекеттик катчынын орун басары Уильям Бөрнс мындай пикирин билдирди:

- Бул сыяктуу кандай гана чечим болбосун, ал кыргыз өкмөтүнүн өз укугу болуп саналат. Биздин оюбузда, Кыргызстандын көз карансыздыгын, эгемендүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздай турган ар бир кадам маанилүү. Мен баса белгилегендей, бул сыяктуу чечим бул жердеги өкмөттүн өз иши.

Курамына Мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Роберт Блейк, Евразиядагы энергия боюнча атайын өкүл Ричард Морнингстар, Коргоо министринин Ооганстан, Пакистан жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Дэвид Сидней жана Улуттук коопсуздук кенешинин Орус жана Евразия иштери боюнча директору Мичел МакФаул кирген америкалык расмий делегация Кыргызстандагы жарандык коомдун лидерлери менен да баарлашты. Жергиликтүү лидерлер өлкөдөгү маалымат каражаттарынын абалы, анын ичинде “Азаттык” үналгысынын уктурууларынын чектелиши, интернетти көзөмөлдөө аракеттери өңдүү маселелер боюнча сөз кылышты.

АКШнын тышкы иштер мекемесинин жогорку денгээлдеги расмий тобу мындан аркы иш сапарын Өзбекстан, Түркмөнстанда улантуу үчүн Бишкектен учуп кетти.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG