Алар кечээ Нью-Йоркко учуп келишкен. Аларга АКШда жүргөн “Ата мекен” партиясынын мүчөлөрү Болот Шерниязов, Акыл Жумабаев, Равшан Жээнбеков жана оппозициялык бириккен фронттун мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов кошулду. Дагы эки саясатчы Темир Сариев менен Кубатбек Байболовдун келиши да күтүлүүдө. Ошол оппозициялык саясатчылардын иш сапары 10-декабрда Вашингтондогу “Америка добушу” үналгысына кеңири маек куруудан башталат.
Оппозиция өкүлдөрүнүн 10 күндүк иш сапарында кыргыз саясатчылары эл аралык Карнеги кору, Хельсинки комиссиясы, Демократияны колдоонун улуттук уюму сыяктуу Кыргызстан менен иш алып барган, Америкада жайгашкан уюмдар менен катар эле АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлдөрү, Улуттук конгресстин мүчөлөрү менен ар кандай жолугушууларды өткөрүшөт.
Ошондой эле Борбор Азия Кыргызстан менен алектенген окумуштуу адистер, серепчилер жана Колумбия университетинде дагы кыргыз саясатчыларынын жолугушуулары пландаштырылган. Оппозиция лидерлери Кыргызстандын саясий-экономикалык системасындагы кризис, сөз эркиндиги, диний эркиндик, дегеле адам укуктарынын абалы тууралуу кеңири маалымат беришери айтылууда.
Ошондой эле оппозиция тарабынан түзүлгөн Кыргызстандын саясий системасынын жаңы концепциясы дагы ушул жолу америкалык кызыккан тараптарга тааныштырылат деп билдирди оппозициянын өкүлү Равшан Жээнбеков.
Оппозиция саясатчыларынын бул сапарын ошондой эле эрте келбей, же эртең келбей деген мааниде кабыл алгандар дагы бар. Америка коомчулугунда “аксак өрдөк” деген сөз бар. Бул болсо мөөнөтү бүтүп жаткан президентке айтылган сөз. Башкача айтканда бийлиги аяктап калган президент баштагыдай мамлекеттик жоопкерчиликти көтөрбөйт.
Ошол эле учурда мамлекеттик кызматтын негизги жүгүн аркалаган адистер өз ордунда өз жумуштарын уланта берет. Бул жагынан алып караганда кыргыз саясатчылары америкалык, эл аралык бир нече уюмдар, адистер менен жолугушууларды өткөрүшөт экен.
Ошол жолугушуулардын тизмесин карап отуруп коноктордун иш сапары өз максатына жетет деген үмүт пайда болот. Оппозиция лидерлеринин АКШга келгенин Кыргызстан Борбор Азия менен алектенген адистерге бетме-бет жолугуп, өз көз карашын, ой-максаттарын түшүндүрүү, ошондой эле экинчи жагынан эл аралык деңгээлде кызматташууга америкалык тарапты чакыруу аракети катары баалоого болот. Ал эми Америкалык тараптын кыргыз оппозициясынын сунган колун суутпай кабыл алып, кандай кадамдарга барарын айтуу болсо азырынча кыйын.