Эларалык “Human Right Watch” уюму ушул жылдын 9-декабрында президент К.Бакиевге кат жолдоп, анда 19-сентябрда өзүн коопсуздук кызматкери деп тааныштырган адамдын машинесине түшүп кеткенден бери качкын макамын сураган өзбекстандык жаран Хаетжан Журабаевдин дайынсыз жоголуп кеткенине тынчсыздануу билдирилген. Кыргызстандын укук коргоо уюмдары өкмөт Качкындар боюнча, ошондой эле кыйноолорго каршы туруу боюнча Улуттар уюмунун конвенцияларына кол койгону менен, 2005-жылдан бери 8 өзбекстандык качкынды жерине кайтарып ийгенин, 20 качкын коопсуздук кызматтары тарабынан уурдалып өлкөсүнө жөнөтүлгөнүн белгилешүүдө. Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун Хаетжан Журабаевдин дарек-дайнын иликтөөгө киришкенин маалымдады.
- КГБ уюштурду же башка бирөөлөр муну уюштурду деген маалыматты азырынча ала элекпиз. Акыйкатчы институту бул боюнча изилдеп жатат.
“Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын ырасташынча, 2005-жылкы Анжиян алааматынан кийин кыргыз бийлиги Улуттар уюмунун качкындар боюнча улук комиссарынын башкармалыгынын мандатына карабай 4 өзбек качкынын кайтарып берген.
- Бүгүнкү күндөгү качкындардын ахывалы Кыргызстанда аябай оор болуп жатат. Уйгурларды Кытайга, өзбектерди болсо өлкөсүнө кайтарып ийип жатат. Булар өлүм жазасын колдонгон мамлекеттер.
Ал эми адам укугуна байланышкан дагы бир маселе, 2002-жылкы Аксы алааматынан бери акыйкатка жете албай келаткан чиеш ишке баа берилди. Ушул жылдын 17-18-марттарында болуп өткөн карагашалуу окуяга эмдиге чейин соттук калыс баа берилбей келатканын укк коргоо уюмдары белгилеп келатышат. Кыргызстандан калыстык таба албаган аксылык кырчындай жигиттердин ата-эне, жакындары Улуттар уюмунун адам укгу боюнча комитетине кайрылууга аргасыз болушкан.
Ички иштер кызматкерлеринин огунан набыт болгон Элдияр Үмөталиевдин ата-энесинин арызын Улуттар уюмунун адам укугу боюнча комитети туура деп таап, Кыргызстанда жарандык жана саясий укуктар сакталбай жатканын ырастады. Аксы окуясы жакшы изилденбей, калыс сот чечими чыкпагандыгын Улуттар уюмунун комитети айыптады. Элдияр Үмөталиевдин ата-энесинин арызын даярдап берген адвокат Сартбай Жайчыбековдун айтуусунда, мындай аракет дагы улантылмакчы.
- Бардык деңгээлдеги райондон башталган Жогорку сотко чейинки бардык сот системасынын кароосунан өттү. Прокуратура, Ички иштер, Коопсуздук системасынын тергөөлөрү – баарысы карап бүтүштү. Анан айлам кеткенде мен 2004-жылы жай айларында ООН комитетине арыз жаздык.
Ошол жылдын августунда арыз кабыл алынганы белгилүү болуп, ага кыргыз өкмөтүнүн жообу да берилген. Бирок ал жоопко канааттанбаган С.Жайчыбеков кайрадан доо-арызын жөнөткөн.
- Чынын айтканда, бул жерде кыргыз өкмөтү күнөөлүү. Анын башында А.Акаев турган. Анын башында азыркы К.Бакиев турган.
Ички иштер кызматкерлеринин огунан набыт кеткен Элдиярдын атасы Анарбай Үмөталиев каргашалуу күндү мындайча эскерет:
- 18-март күнү К.Садиев келип коменданттык саатты кабыл алып, Аксы районунда бардыгынын үстүнөн башкарып калган. Менин балам ошонун кол алдында атылган. К.Садиев күнөөлүү деп сотко, Жогорку сотко атүгүл К.Бакиев, президентибизге, Башкы прокуратурага дейре кайрылганбыз. Сотко ашырдык деп, бул күнөөсүз экен деп актап коюп атышат.
Сартбай Жайчыбеков Аксыдагы атуудан курман болгон, жарадар болгондордун укугун коргоо үчүн Улуттар уюмунун адам укугу боюнча комитетке башка арыздар да жөнөтүлгөнүн, алардын жыйынтыгы кезмети келгенде чыгып каларын кошумчалады.