Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:30

Эки балбан Азия чемпионатында алтын медалдын ээси болду


Кыргызстандык жаш балбандар Азия чемпионатында жети медаль утса, эрежесиз мушташ боюнча спортчулар жана жеңил атлеттер Казакстанда ийгилик жаратышты.

Кыргыз балбандары Азия чемпионатында командалык экинчи орунга татыды

Уландар арасында Таиландда өткөн биринчиликте тогуз спортчу өлкө намысын коргоп, алардын жетөө байгелүү орунга татыды. Анда Самат Эркинбаев жана Аманбек уулу Аскат алтын медалдын ээси болсо, Замир Дунканаев менен Кылычбек Исмаилов күмүш медаль жеңип алышты. Ал эми Шухрат Сайдазимов, Арсен Айылчиев, Самат Шырдаков өз салмак категорияларында Азия чемпионатынын коло байгесине татыды.

Эрежесиз мушташта жеңишке жеткен спортчулар

Өткөн аптада Казакстанда профессионалдар арасында эрежесиз мушташ боюнча эл аралык мелдеш өттү. Анда спортчу Мирлан Асеков үч беттешүү өткөрүп, атаандаштарын жеңип, алтын медалга татыды. Чемпиондук наамга Тилек Кийизбаев менен Тилек Жээнбеков бир кадам жетпей күмүш медаль ээси болду. Ошондой эле дагы алты спортчу коло байгеге татыды.

Жеңил атлет жеңишке жетти

Жайкы биатлон боюнча Казакстанда өткөн Азия кубогунда Зафар Шахмуратов чемпион аталып, бир жарым километрге жалпы чуркоодо ийгилик жаратты. Мелдештин жүрүшүндө биринчи айлампада ок атууда бир ката кетирген Шахмуратов экинчи айлампада таза жеңишке жетти. Ошондой эле ал 1 жарым километр жарышта коло байге ээси болду. Кыргызстандык дагы бир спортчу Екатерина Дорогина мелдештин коло медалына татыды.

Кыргызстандын спортчулары даярдык жолунда

Учурда өлкөнүн спорттук гимнастика боюнча курама командасы Ысык-Көлдө машыгуу өткөрүшүүдө. Алар жакында Москвада өтө турган эл аралык мелдеште мөрөй талашат. Жакынкы аралыкта өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Украинада машыгуусун улантат. Кыргыз спортчулары Алушта шаарындагы спорт борбордо Орусиянын жана Украинанын балбандары менен биргеликте алдыдагы мелдештерге даярдык көрүшөт. Спортчулардын катарында Канат Бегалиев, Данияр Көбөнөв, Руслан Түмөнбаев, Жанарбек Кенжеев өңдүү алдыңкы спортчулар бар.

Жаштар олимпиадасына сегиз спортчу жөнөйт

14-26-августка чейин Сингапурда өтө турган жаштар олимпиадасына Кыргызстандан тогуз эмес, сегиз спортчу барат. Буга чейин аялдар күрөшү боюнча жолдомо жеңип алган Айша Акбарова жашы жетпегендиктен улам мелдешке катышуу укугунун ажырады. Спортчу Акбарова учурда 15 жашта, ал эми жаштар олимпиадасына 16-17 жаштагы атлеттер катышат. Эми Сингапур оюндарында өлкө намысын сууда сүзүү, грек-рим, дзюдо, бокс жана башка спорт түрлөрүнөн Кыргызстандын сегиз спортчусу өлкө намысын коргойт. Бул олимпиадага 14 жаштан 18 жашка чейинки 3 жарым миң жаш спортчу катышып, спорттун 30 түрүнөн мөрөй талашат.

Дене тарбия жана спорт агенттигинин спорт массалык иштер бөлүмүнүн башчысы Камчыбек Касымов жаштар олимпиадасына болгон даярдыктарга токтолду:

-
Жакында эле агенттикте стипендиялык комиссиянын жыйыны өттү. Биринчи жаштар олимпиадасына бара турган спортчуларга стипендия карадык. Эми алар жылдын аягына чейин өкмөт тараптан акчалай колдоо алып турушат. Спорт агенттигинин каржылоосу менен алар мелдештерге катышып, атайын машыгуу иштери менен алектенишүүдө.

- Спорт агенттиги Улуттук Олимпиада комитети менен биргеликте иш алып баруудабы?

- Биз спортчуларды кийим-кече менен камсыз кылуу максатында атайын сынак жарыялаганбыз. Анда жеңген ишкана атлеттердин сумкасынан баштап кийимине чейин кийгизет. Каржылоо спорт агенттиги тараптан болот. Ал эми спортчулардын жана машыктыруучулардын жол киресин жана башка чыгымдарын Эл аралык Олимпиада комитетинин колдоосу менен Улуттук Олимпиада комитети жүргүзүүдө. Биз спортчуларыбызга ишенебиз. Алар жаштар олимпиадасынан медаль менен келет деген тилектебиз. Ийгилик жараткан спортчуларыбызга чоң деңгээлде көнүл бурулат.
XS
SM
MD
LG