Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсү боюнча Кыргызстандын калкынын 70 пайызы табигый кырсык болушу мүмкүн болгон өтө кооптуу жерлерде турат. Ошондонбу, жыл өткөн сайын табигый кырсыктар менен андан жапа чеккендердин саны өсүп барат. Маселен, өткөн жылы 312 кырсык болуп, андан 281 адам каза тапты. Өкмөт башчы Игорь Чудиновдун парламенте берген маалыматы боюнча, бул кырсыктар өлкөгө бир миллион 190 миң сомдук зыян алып келди.
Ал эми быйылкы жаздагы сел, нөшөр алып келген чыгымдардын саны тактала элек болгон менен сел менен кошо агып кеткен малынын башын кайра толтура албай, үрөнүн чиритип, жерин кайра айдап жаткан жарандар бир топ.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусундагы жооптуу кызматкери Талант Атабековдун айтымында, 20-21- майдын түнү болгон сел Токтогул районундагы бир тургундун жүздөн ашык малын агызып кеткен:
- Токтогул районундагы чабандын үйүнө суу кирип, сарайын жарым-жартылай талкалап, 110 коюн жана бир уюн агызып кеткен.
Т. Атабековдун билдирүүсү боюнча, ушул тапта облустун Ала-Бука районундагы көпүрөлөрдү суу жеп, Аксы районундагы Беш-Батман каналынан ашкан суу Кербен шаарындагы бир топ үйдү каптап кеткен.
Андан тышкары Ош облусундагы Өзгөн районунда, Баткен облусунун Лейлек районунда да катуу сел жүрүп, элди убайга салганы айтылууда.
Ал эми 5-майдан 7-майга чейин тынбай жааган жамгырдын аягы карга айланып, бийиктиги 70 сантиметрге жеткен кар түшкөндө Ысык-Көл облусундагы Тоң районундагы малчылардын көп малы кырылып калды. Ал тууралуу Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Тосорбек Идирисов мындай дейт:
- Жалпы айыл өкмөт боюнча бир жарым миң кой чыгым болду. Жеке эле кой эмес бодо мал да өлдү. Отуз беш уй жана 48 жылкы кырылды. Комиссия келип көргөндөн кийин аларды ветеринардык тартип менен көмүп салдык.
Тосорбек Идиросовдун айтымында, жеке чарбасын өстүрүү үчүн банктан кредит алып, ага жандык алган жеке фермерлер азыр кредитти кантип кайтарарды билбей өкмөттөн жардам күтүп отурушат:
- Эл азыр жардамга муктаж. Кредит алып, ага мал алган кардарлар көп экен. Айрымдар кредитине 30-50 кой алышкан экен. Алардын ичинен 30 кой алган фермерлердин отуз кою тең кырылып калгандары бар. Кредиттик компанияларга ошолор тууралуу маалымат берип, кырылган малынын санына жараша кредитин төлөө мөөнөтүн узартып, жардам береби деп күтүп жатабыз. Ал эми өткөндө келген комиссия өкмөткө кайрылып, жок дегенде жарым-жартылай жардам бергенге аракет кылабыз деп кетишкен. Бирок азырынча андан жооп боло элек.
Быйылкы жаанчыл жаздын кесепети коңшу мамлекеттерге да бир топ зыян алып келди. Кыргызстанга окшоп жаратылышы тоолуу келген Тажикстандын өкмөтү эки айдан бери тынбай жааган жаандын кесепетин жоюуга көмөк көрсөтүүнү өтүнүп БУУга кайрылды.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тышкы инвесторлор менен байланыш департаментинин башчысы Таалай Темиралиев кыргыз өкмөтүнүн эл аралык уюмдар менен донорлорго кайрылуусуна азырынча негиз боло элек дейт:
- Эл аралык уюмдарга кайрылган жокпуз. Эмне үчүн дегенде министрлик жергиликтүү органдар менен абалды жөнгө салууну өзү чечип жатат. Өзгөчө кырдаалдарды аныктоонун өз деңгээлдери болот. Алар райондук, айылдык же облустук деңгээлде деп бөлүнөт. Эгер Нура айылындагыдай жер титиреп, көп кишилер жапа чексе, жоготуулар болсо же 2007-жылдын аягында Кочкордо, 2008-жылдын январь айында Баткенде болгон жер титирөөдөгүдөй бир нече миң адамдар үйүнөн жарака кетип, көчөдө калышса министрликтин чечими менен эл аралык уюмдарга кайрылып, жардам суроо аракети көрүлөт.
Ал эми бөөдө кырсыктан жапа чеккен тургундар жер көчкү, сел жүрүү коркунучу бар жерлерде турган элге эртерээк кабар берип, алдын-ала чара көрбөйт же кырсык алып келген кесепеттерди жоюуга көмөктөшпөйт деп өкмөт менен тиешелүү министрликке нааразы.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Таалай Темиралиев мындай дооматка негиз жок деп, себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:
- Эки-үч жылдан бери жасаган реформа өз натыйжасын берип жатат. Айыл жерлеринде биздин мобилдик топтор инженердик-техникалык жабдуулардын жардамы менен суу ташкындачу жерлерди бүтөп, селге каршы көп аракеттерди көрүп жатышат.
Ал эми суу алган жерин кайра айдап, жоготкон малынын ордун кайра толуктоого аракет кылып, өз арбайын өзү согуп жаткан эл чет жерден жардам келсе деле тезинен жетээрине күмөнү чоң.