Жети-Өгүз районунун тургуну К. Жамгырчиев: -Урматтуу мекендештер, саясатчылар, маалымат каражаттарынын кызматкерлери! Бүгүнкү күндө Кыргызстанга тынчтык, коопсуздук аба менен суудай эле керек болуп турат. Биз ар бирибиз мына ушул маселелерге үлүшүбүздү кошушубуз керек эле. Тескерисинче, биз коомго дүрбөлөң салып жатпайбызбы. Кечээ эле маданиятсыз саясатчылар референдумду артка жылдырышыбыз керек, туура эмес кабыл алып жатасыңар деп кыйкырып, кабыл алынбасын деп коомчулукту дүрбөтүп чыгышты эле. А.Атамбаев, Текебаев кетсин деп жатышты эле. Мына эми алар кызматтарынан кетип, убактылуу Техникалык өкмөт түзүлгөндө, муну да сындап чыктыңар. Анадан көрө өлкөбүздүн коопсуздугу, бүтүндүгү үчүн салымыбызды кошсок жакшы болбойбу. Роза Отунбаеваны ар тарабынан карышкырча талабай, жардам берип, иштегенине мүмкүнүчүлүк, шарт түзөлүк.
Бишкек шаарынын тургуну Ш.Шаршеев: -Кечээ Германия менен Франциянын Тышкы иштер министрлери Ош, Жалал-Абадды барып кыдырышып, ал жердеги абалды көрүп, “ии-ушулар дагы мамлекет болуп жүргөн экен” дегендей түр көрсөтөт. Андан көрө стратегиялык өнөктөшүбүз Орусия менен мамилени жакшыртып, кызматташууну артырышыбыз зарыл. Анан жанагы ЕККУнун полиция күчтөрү Ош, Жалал-Абадга киргизилет дегенине мен караманча каршымын. Президентибиз ойлонбой, эл менен макулдашпай эле макул боло береби? Эгерде минте берсе Орусияга жек көрүнүп калат.
Европадагы коопсуздук кызматташтык уюмунун полиция күчтөрүн киргизүүгө каршы болуп аткандарга президент Роза Отунбаеванын бул маселе боюнча пикири: -ЕККУнун 50 полициясы куралсыз болот. Алар кыргыз менен өзбектин ортосунда чыр-чатак болбосун, адам укуктары сакталсын, милиция тарабынан мыйзамдан сырткары күч колдонбосун деген мааниде келишет. Алардын үч функциясы бар. Мониторинг, консультация жана тренинг. Мына ушул эле функциялар. Булардын эч кандай зыяны жок. Биз ушул кырдаалды тынчытып алсак деген эле максат. Чын-чынына келгенде түштүктө кырдаал оор эле бойдон калууда. Эки элдин ортосунда карым-катнаш али ордуна келе элек.
Дүйнө коомчулугу Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяга тынчсыздануусун билдиришип, кантип жардам беребиз деп турган чак.
Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын мурдагы төрагасы Касым Чаргынов “Эл үнү” программасына кайрылып, мындан беш жыл мурда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынгандан баштап этностор аралык каршылашуу күч алганын айтты.
- Башта бир улут боюнча бир эле уюм бар болчу. Бир улуттун атынан бир эле адам сүйлөй билчү. Кийинки убакта 5 жылдан бери “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам кабыл алынгандан баштап, өзбектерде улуттук лидерлер көбөйдү. Бир адамга баш ийбей, өз алдынча "мен кыйынмын" дегендер чыкты. Мына ошонун кесепети түштүктөгү кагылышууга алып келди.
Касым Чаргыновдун пикиринде, этностор аралык каршылашууну эч качан күч менен басууга болбойт. Өкмөт бул маселе боюнча кечиктирилгис мыйзам чыгаруусу зарыл.
- “Улуттардын өнүгүүсү боюнча” мыйзам кабыл алыш керек. Биз батыштын жолу менен баралбайбыз. Европада аз улуттарды бир районго чогултуп, аларды коргойт. Минтип-антип жиктешүүгө бөлүүгө болбойт. Өнүгүүгө кыргыз дагы, өзбек дагы муктаж. Мына ушул өткөн ыза-ачуунун барын унутуп, барыбыз улуттарга бөлүшпөй, бирдей мекенчил болушубуз керек. Мына өзбек туугандар деле түшүнүп калышты, коңшу Өзбекстан “колтугун ачып, кулачын жайып” баарын тосуп албастыгын. Биз азыр эки улуттун жакшы жактарын, баягы кыз алышып, кыз беришкендерди, бири-бирине жан тарткан адамдар бар, мына ошолорду “актив” катары колдонуп, ошолорго таянып туруп, эки улуттун ортосундагы ажырымды жакындаштыруу процессин арттырышыбыз зарыл. Ал үчүн биринчи кезекте “Улуттардын өнүгүүсү жөнүндө” мыйзам кабыл алынышы керек.
Касым Чаргынов ошондой эле этностор аралык маселени көзөмөлдөй турган атайын мамлекеттик орган түзүлүшү керек деп эсептейт.
-Кыргызстанда этностор аралык мамилени көзөмөлдөп, бул багыттагы көйгөйлүү маселелер менен алектене турган мамлекеттик бир дагы комитет, бир дагы агенттик жок. Жада калса бул маселе боюнча комиссия, ал түгүл президенттин администрациясында, өкмөттүн аппаратында бир дагы адис жок. Же президенттин, премьер-министрдин кеңешчиси жок. Ушундай этностор маселеси боюнча иштеген атайын топ түзүлүшү керек. Ал эми чет мамлекеттерге министрликтин дгээлиндеги органдар бар. Мына азыр айлабыз кетип, амалыбыз куругандыганан улам түштүктөгү окуяны күч менен басып турабыз. Күчкө салып конфилктти тыйып атабыз. Бирок дайым эле күч колдонуу аркылуу маселе чечилбейт. -деди Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын мурдагы төрагасы Касым Чаргынов.
Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектин 0312 коду менен 31-61-65 номурлуу телефонуна чалып, “Эл үнү” программасына деп пикириңизди жаздырып коюңуз.