Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:46

Ош-Бишкек жолундагы киши өлтүрүүлөргө шектүүлөр кармалды


Аскерлер адамдар өлтүрүлгөн жерди издөөдө, Жалал-Абад, 2010-жылдын 17-июну.
Аскерлер адамдар өлтүрүлгөн жерди издөөдө, Жалал-Абад, 2010-жылдын 17-июну.

Жалал-Абад облусунда июнь айындагы кандуу окуяларга байланыштуу милициянын полковник ардагери менен мурдагы колхоздун башкармасы кармалды. Алар бир канча адам өлтүрүүгө катышкан жана кишилерди барымтага алган деп шектелүүдө.

Облустун Сузак районундагы “Сампа” аттуу пахта тазалоочу ишкананын айланасына чогулган адамдар өткөн айда Ош – Бишкек жолундагы Топурак-Бел ашуусу аркылуу жүргөн жолоочуларды аткылап, кармап, өлтүрүшкөн. Облустук ички иштер башкармасынын маалымат катчысы Таалайбек Сусунбаевдин айтымында, окуяга байланыштуу 16 адам кармалган. 11-15-июнь күндөрү аталган аймакта 16 адам өлтүрүлүп, эки киши дайынсыз жоголгон.

Облустук жана райондук ички иштер башкармалыктарынын кылмышкерлерди издөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жоголгондорду 30-июлда издөө маалында Сузак айылындагы өз үйлөрүнөн шектүү эки кишини колго түшүргөн. Алардын бири милициянын ардагер полковниги, анын үйүнөн жазылып берүүгө даяр, мөөр басылган, актай кыргыз паспорттору, каскалар (темир чопкут), МАИнин номерлүү таякчасы жана желим союл табылган. Экинчи киши райондун мурдагы Москва колхозунун башкармасы болгон. Адамдарды барымтага алган жана кишилерди өлтүрүүгө шектелген бул жарандардын кылмыш ишин аталган райондук прокуратура тергөөдө.

Кармалган милициянын ардагер полковниги июнь айында суракка алып, "башка улутка каршы чыктым" дедиртип сүйлөтүп, аны көрмө тасмага тарттырып алдырганы тууралуу барымтага түшүп, бошонуп чыккандардын бири көрсөтмө берген, - дейт милициянын подполковниги Т. Сусунбаев:

- Бири милициянын отставкадагы полковниги. Экинчиси Москва колхозунун мурунку раиси. Булар окуя болгон жерде бир адамды барымтага алышып, андан биз айтканды айтасың деп айттырып, видеого тартышып, жалган жерден интернетке берип жиберишкен. Ошол жерде эки адам дайынсыз жоголуп атат. Дайынсыз жоголгондордун үстүнөн иштеп атышып, ушул адамдарга чыгып, кечээ буларды прокуратура убактылуу кармоочу жайга киргизишти. Ал жерде бир кылмыш иши боюнча 16 адам каза болгон. Ошол боюнча иштеп, милиция кызматкерлери башка маалыматтарды да алып атат. Дагы бир дайынсыз жоголгон адамдын өздүгү аныкталып атат азыр.

Буга дейре кармалган адамдардын кыйноолорго туш болгону тууралуу эл аралык жана жергиликтүү адам укугун коргоочулар билдиришкен. Атын атабаган сузактык ардагер шектүүлөргө зомбулук көрсөтпөй, тергөөнү туура жүргүзүп, айыптууларды улутуна карабай жазага тартууну сунуш кылды.

Сузак айылынын тургуну Рано Сатыбалдиева эки элдин тынчтыгын бузган адамдар менен макул эмес. Ал коменданттык сааттын натыйжасында ага дейре аскерлер менен милиционерлерди киргизбей, жолду туш тарабынан тосуп алган, бир улут басымдуулук кылган айылда тынчтык сакталып калганын, шектүүлөр кыйноого алынган деген маалыматтардын бири да аныкталбаганын билдирди:

- Кыргызстанда бардык жарандар тең укуктуу, бардыгы мыйзамдын алдында жооп бериш керек. Сампада болгон окуя боюнча атайын тергөө амалдары жүрүп атат. Улуттук коопсуздук кызматы, милиция, коменданттык сааттын аскерлери мыйзамсыз элдин үйүнө кирип, аларды уруп-тепкилеген фактылар жок. Бири да арыз менен кайрылган жок. Бардыгы мыйзамдын негизинде болуп жатат. Сузак айылында коменданттык саат учурунда мен көргөн жокмун аскерлер өзбектерди уруп, ооруканага түшкөнүн.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG