Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

“Торго торолгон турмуш”


Бишкектин сыртындагы Степное айылында Кыргызстандагы аялдардын жалгыз абагы жайгашкан. Жакында ушул эле айылда түрмөдө жазасын өтөп бүтүп, эркиндикке чыккандар үчүн кадимки турмушка көнүү борбору ачылды. Борбор үчүн абактын тышында жайгашкан мурдагы эски мончонун имараты атайын оңдоодон өткөрүлүп, кадимки үйдөгүдөй шарт түзүлгөн. Бул жерде түрмөдөн жаңы чыккан аялдар 1 айга чейин жашап, коомго кайра аралашууга кадам таштайт.

№2 аялдардын түзөтүү мекемесинде учурда Кыргызстандын эле эмес, КМШнын айрым өлкөлөрүнүн атуулдары да жаза өтөйт. Учурда жашы жете элек эки өспүрүм кыздан тарта 80 жашка чейинки эки жүз элүүдөн ашуун аял темир тор артында аткан таң менен баткан күндү санап, эркиндикти күтүп жашоо өткөрүүдө.

“Торго торолгон турмуш”
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:39 0:00
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Мирлан Токталиев

    "Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, продюсер. Нарын Мамлекеттик университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG