“Учур” гезити “Кубатбек Байболов кимдерге коркунучтуу?” деген, “Кулов менен Ташиев 7-апрелге сыйынса…” деген макалаларды тартуу кылды.
Гезит “Башкы прокурор прокуратура органдарында орун алган былыктарды тазалап жатыптыр, апрель окуясына байланыштуу өтө турган сотко Спорт сарайы даяр эмес эле, ишти прокуратура органы кайра суратып алып, кайра тергеп, Малеваная, Жороев, Сатыбалдиев жана Турсункуловго адам өлтүрүү боюнча айып койгону жатыптыр” деп;
“Бүгүнкү көчөгө чыгып аткан элге бийлик себепчи болуп, туура эмес кадамдарга жол берип жатканына Өмүрбек Бабанов да нааразы. Эгер азыркы бийлик шайлоону утуп келген партияларга кыянаттыгын токтотпосо “Республика” партиясы да көчөгө чыгууга даяр экен” деп;
“Мекен шейиттери” кыймылын алгач Арстан Сагындыков деген адам жетектеп жүргөн. Анан эле ал “жинди сууну” тейлеген мамлекеттик кызматка көтөрүлүп кеткен. Бу киши убагында Максим Бакиевдин ЦАРИИсинде мүчө болгон. Бир баласы ошол эле Максимдин катчылыгында иштеген, дагы бир уулу прокуратурада иштеп туруп, Бакиев режимине каршы чыкпай эле, кайып-каскагынан окко учканы айтылат…” деп кабарлады.
“Аалам” гезити “Кулов кыргызды империялык кулчулукка сүйрөөдө” деген макала басып: “Куловдун максаты кандай болбосун кайрадан бийликке жетүү, Россиянын курамындабы, башканыкында болобу, эптеп эле Кулов генерал-губернатор болуп Маңкуртия автономиясын бийлеп турса болду, Кулов кыргызга кыйын күн түшүп турган каргаша күндөрдө эли менен бирге боло алган жок, тескерисинче, Кыргызстандын ишине тышкы күчтөр аралашпаса болбойт деген позиция тутунду, бир кезде ХИПИКке кирбесек өлөбүз дегендердин бири да ушул Кулов болучу. Кыргыздын миңдеген жылдар бою азаттык деп келгенин ойлобой, азаттыгыбыз эми жаңыдан колго тийгенде кайрадан империялык кулчулукка жетелеп турганы ар бир эле ар-намысы бар адамга жакпайт” деп жазды.
Ушул эле гезиттеги эркин журналист Батыралы Акбаровдун макаласынын аты – “Ташиев-Ташизм… Фашизм” деп аталат.
-Бул бийликтин келечеги барбы?
Мына ушундай суроого саясатчылар Мирослав Ниязов менен Кубанычбек Исабеков жооп издеген. Ниязов мырза, мурдагы шайлоолорго караганда бул шайлоо кандайдыр бир деңгээлде таза өткөнүн белгилесе, Исабеков “бул шайлоо акчанын шайлоосу болуп калды” деди.
Исабеков андан ары Кыргызстан эми экономикалык гана эмес, парламенттик кризиске туш болгонун, туруктуулук болуш үчүн парламентке 6 партия келиши керектигин, "эгер жаңы бийликке Мадумаров жакпай жатса, партиясынын тизмесинен чыксын, өзү келбеген менен парламентке партиясынын келгени чоң жетишкендик эмеспи?" деген оюн билдирди.
Ниязов: - Сепаратизм, автономизм деген күчтөр оркоюп көрүндү. Кыргызстан деген бул эгемендүү, унитардуу мамлекет. Демек эч кандай сеператизмге, эч кандай автономизмге жол бербешибиз керек. Бүгүнкү күндө партияларга 84-85 пайыз эл каршы. Эл бир дагы партияга ишенбейт. Азыр элдин кызыкчылыгын ойлогон бир дагы партия жок. Эч кимиси алдыга озуп чыкпады. Ошол себептүү биздин республика парламенттик республика болууга даяр эмес,-деп айтты.
“Айат” гезити “Коалициялык өкмоттү 5 партия биригип түзө алабы?” деген суроо менен айрым жарандарга кайрылды.
Серепчи Бекташ Кылычбеков: - Элдин камын ойлосо тез арада биригүүлөрү керек. Өкмөт жалаң саясат деп отуруп, экономиканы таштап койду. Чет элдик донорлор “27-июнда карыз жардам беребиз” деп убада кылган менен парламент түптөлмөйүн бергенден коркуп турат. Өкмөткө эл чарбасын мыкты билген, мотордой иштеген киши, ал эми парламенттин башына кыргыз тилине күйгөн, элдин үрп-адатын, каада-салтын, тарыхын жакшы билген киши керек, - деп;
Социолог Кусеин Исаев: Менин оюмча булар бириге алышпайт. Биринчиден, жеке амбициялары күчтүү. Азаттыкка чыкканга 20 жыл болду, 2 президент тең элге берген антын актабай, жеке керт баштары, тууган-уруктары үчүн кызмат кылды. Элдин байлыгын талап алды. КСДП, “Ата Мекен” бириксе, “Республика”партиясынын лидери Бабанов эсине келип элге тартышы керек,-деп;
Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев: Беш партия биригип коалиция түзгөндүн эч кандай кажет жок. Эгерде биригип, бирин-бири түшүнүшсө, бир команда болуп иштеп кетишсе болот эле, бирок буга менин көзүм жетпейт. Максаттары, идеологиялары бири бириникине туура келбеген көз караштагы партиялар болуп жатпайбы,-деп жооп берди.
“Айаттын” ушул эле санына политология илимдеринин кандидаты Чолпонбек Сыдыкбаевдин “Улут коопсуздугу коркунучта” деген макаласы, Дүйшөн Маматовдун “Революция максатына жеткен жок” деген, саясатчы Аликбек Жекшенкуловдун “Улуттук конгресс парламентти көзөмөлдөйт” деген маектери окурмандарга тартууланды.
“Пресс. Kg” гезити Данияр Үсөновдун аялы Динара Исаеваны тизмесинен чыгарууга батынган “Ата Журт” партиясы эми мурдагы “акжолчу” Нарынбек Молдобаевди кетире албай жатканын, аталган партиянын ичинде ошондой эле убада кылган добушун алып бере албай калган Нариман Түлеевди да партиядан чыгарат деген имиш жүрүп атканын, ошентип “Ата Журт” партиясы өзүн өзү тазалай баштаганын, демек “Ар-намыс” партиясы да ушундан үлгү алуу менен элдин кызыкчылыгына туура келбеген саясат жүргүзүп келген Акылбек Жапаровду тизмесинен чийип салышы керектигин, муну эл каалап турганын маалымдады.
Конституциялык кеңештин мүчөсү Данияр Нарынбаев маек куруп, Борбордук шайлоо комиссиясы жыйынтыгын чыгаргандан кийин 15 күн кечикпей депутаттар биринчи жыйынга чогулуп иш башташы керектигин, ага дейре фракциялар түзүлүшү зарылдыгын, буга улай эле эл өкүлдөрү ант берерин, ант бергенден тартып президент ыйгарым укуктарынан ажырарын айтып берди.
“Ата Журт” партиясына эл каршы болуп жатса мындан аркы аракеттер кандай болушу керек?” деген суроого:
экс-депутат Гүлнара Дербишова: Азыр партиялардын эмес, өлкөнүн тагдырын ойлоп, мыйзамдуулукту сактап, анын иштөөсүнө жол берүү керек,-деп;
коомдук ишмер Бегиш Ааматов: 93-жылкы Баш мыйзамга кайтып келүү керек. Конституциянын жаңы редакциясын жазгандар, Убактылуу өкмөттүн толук курамы элди оор абалга такаганы үчүн жооп бериши керек.,-деп;
коомдук ишмер Накен Касиев: Эл ишеним арткан биздин азамттар бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ынтымакка келет деп ишенем,-деп;
укукчу Азиза Абдрасулова: Боршайком тез аранын ичинде жыйынтыктарын чыгарып берсе, биз жарандык укугубуздан пайдаланып, алардын ишине көзөмөл кылат элек,-деп;
экс-депутат Бегалы Наргозуев: Калктын кайсы бир бөлүгү “Ата Журтка” каршы болуп атса, кайсы бир бөлүгү ал партияга өз добушун берген. Демек шайлоочулардын тандоосун, эркин сыйлашыбыз керек. Менимче ар бир партия аброюна жараша мандат алды,-деп жооп берди.