“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санына “Укук коргоочулар өздөрү укук бузушса, анда арызыңды кимге айтасың?” деген жана “Зыяратчылар Манастын Кан Тоосуна сыйынышты” деген баштемалар менен ачты.
Гезитте андан ары кызматтык дайындоололр менен катар Ошто 75, Жалал-Абадда 40 бөлмөлүү үйдүн курулушу башталганы тууралуу маалыматтар бар.
“Кыргыз тили - кыргыздар эле сүйлөшүүчү тил болбойт” деген аталыштагы маегинде Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Азимжан Ибраимов кыргыз тилинин өтө бай тилдердин катарына кирерин башка элдерге ачып берүүнүн үстүндө иштеп жаткандыктарын белгилеп, алдыдагы бардык иш-чаралары мамлекеттик тилде өткөрүлүүгө тийиш экендигин шайлоого аттанган саясый партиялардын эсине салган.
Профессор Осмонакун Ибраимовдун маеги “Доско күлкү, душманга таба болбойлу” деп аталат. Маек ээси анысында: “Быйылкы жылдын кандуу окуялары баарыбыздын алдыбызга бир чоң диллеманы койду - биз же чыныгы улут болуп биригип тынабыз же жуурулбаган камырдай ыдырап жүрүп, акыры эгемен мамлекет деген улуу мартабадан кол жууйбуз” деген ойду айтуу менен улут деген кандай болуш керектигине басым жасаган. Окумуштуу Осмонакун мырза: “Улут деп айрыкча биримдик үчүн бирин-бири колдой билген, бири тарткан көйгөйгө же күйүткө экинчиси ортоктош болгон элди айтат. Улут деп керек учурда бийликти колдогон, ага баш ийген жана тартибине чыдаган элди айтат. Анткени бийлик дегендин артында мамлекет, анын мыйзамдары турат. Өз мамлекетине, анын мыйзамдарына баш ийбеген эл-жапайы эл, келечексиз эл, туруксуз эл. Бул ойду мен ойлоп тапкан жокмун. Бул ойлорду бизге чейин эле улуу ойчулдар Макиавелли менен Монтескье айтып кеткен” деген өтө олуттуу жүйөнү алдыга тартты.
Бийликтин азыркы учурдагы абалына байкоо салган Осмонакун Ибраимов жеке баамында Роза Отунбаеванын аракети дурус болуп жатканы менен ал жалгыз калып, командасы жок өңдүүдөй сезилип жатканына, анткени Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү негизинен баягы эле шайлоого даярданып, эптеп эле депутат болуу аракети менен убакыт өткөрүп жүрүшкөнүнө көңүлдөрдү бурган.
Башкы кожоюну саясый ырчы Сагынбек Момбеков болгон “Эл сөзү” гезити жарыкка чыкты.
Гезит Урмат Баыктабасовго карата Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын билдирүүсүн жарыялады. Анда мындай сөздөр бар: “Алдын ала айтып коюучу нерсе – Мен У. Барыктабасовдун тарапкери эмесмин, анын көптөгөн көз караштарын бөлүшө албайм. Айрыкча анын жалпы элдик референдумга шек келтиргени терең жаңылыштыгы. Барыктабасов парламенттик шайлоого баргандан көрө, бийликтин жогорку тепкичине өзү каалаган жол менен жеткиси келди”.
Акыйкатчы Турсунбек Акун андан аркы сөзүндө У. Барыктабасовго козголгон кылмыш ишин кайрадан карап чыгуу керек деп эсептеп, жаңы бийликти бакиевчилердин баскан изи менен барбоого чакырган. Акыйкатчынын айтымында, азыркы күч түзүмдөрүнүн аракеттери акаевдик дагы, бакиевдик дагы мезгилдеги күч түзүмдөрүнүн аракеттеринен аз эле айырмаланууда.
“Форум” гезити журналист Тынчтык Алтымышевдин шайлоого байланыштуу макаласын басты. Ушундай кырдаалда партиялардын биригиши керек деген ойду айткан автор “болбосо мындай 50дөн ашкан партиялардын жарышка чыкканы дүйнөлүк практикада да кезиккен эмес. Саясый деңгээлибиз төмөн экенин дүйнө коомчулугуна өзүбүз далилдеп беребизби?” деген суроону коет.
Ушул эле гезит “Аскар Акаевдин кол тийбестигинин алынышына көз карашыңыз?” деген суроо менен бир катар атуулдарга собол салды.
Кыргыз эл баатыры Сүйүнбай Эралиев: - Мен саясатчы эмесмин. Туурабы же туура эмеспи убакыт көрсөтөт,-деп,
Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков: - Кыргызстандан качып кеткен адамдардын баарынын кол тийбестигин алыш керек. Элдин ырыскысын кыйып, жеп-ичип, түгөтүп качкан кишилерге аео жок,-деп,
Коомдук ишмер Бегиш Ааматов: -Декрет менен кол тийбестиктин алынышын эч ким тааныбайт. 1993-жылкы Конституция менен ишке ашырганда бүткүл дүйнө башчылары расмий түрдө кабыл алмак,-деп,
Генерал Исмаил Исаков: - Эң туура чечим болду. Эл алдында Акаевдин зор күнөөсү бар. Каркыранын, Үзөңгү –Кууштун сатылышына кол коюп, өзү чуркап кыргыздын жерин саткан,- деп,
Генерал Өмүрбек Субаналиев: - Акаевдин кол тийбестиги мыйзам чегинде болуш керек. Азимбек Бекназаровдун декрет менен алам дегени жөн гана саясый упай топтоо деп айтар элем. Себеби Акаевди дүйнө өлкөлөрү 1-президент катары билишет. Бакиевдин кезинде бул маселе козголгон эмес. Кол тийбестик легитимдүү түрдө ишке ашып, парламенттик шайлоодон кийин депутаттар чечим кабыл алышы туура болот,-деп,
Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов: - Акаевдин кол тийбестигин Убактылуу өкмөттүн алгандыгы мыйзамсыз, мен 27-июнда өткөн референдумга Акаевдин кол тийбестигин алууну да кошуп койгула деп Убактылуу өкмөткө кайрылуу жөнөткөм. Бирок кулак кагышкан жок. Акаевдин кол тийбестигин жалпы эл алса болмок. Азыр Убактылуу өкмөт жок. Декреттин күчү жок,- деп жооп берди.
Белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаровдун маеги “Кыргызфильмде” коррупция күч алды” деп аталып, “Кыргызфильмге” мамлекет тарабынан жылына 9 млн. сом бөлүнөрүн, анын з миллиону кино тартууга жумшаларын, бирок буга чейинки акчалардын кайда кеткени белгисиздигин, бүгүн кино тартууга кеткен акчанын 3 тыйыны да табылбай олтурганын кеп кылган. Режиссер Бирназаров андан ары Замир Эралиев тасма тартам деп 1 жарым миллионго чукул акча алып, азыр студия же тасмадан, же акчадан жок калганын, Болот Шамшиев да 3 млн. сом алып киносунун аягына чыкпай токтоп калганын, ошентип ортодо мамлекеттин акчасы ары-бери чачылып келатканына жаны кашайган.
Куудул Тынар Курбаналиенвдин маеги “Мамлекеттин кызыкчылыгын акчага алмаштырбайм” деген ат менен жарык көрдү. Ал жай бою Россиядагы кыргыздарга барып концерт коюп келгенин, ушу күндө иштешели деп чакырган партиялар көп экенин, бирок баарынан баш тартканын, элге, келечекке пайдасы тийбеген партиялардын акчасы үчүн аларды мактай албастыгын айткан.
Куудул акыркы күндөрү бир нерсеге катуу таңкалып жүргөнүн, азыр бирөө жыгылып кетсе деле Бакиев чалып жыкты дешерин, Бакиев убагында ушундайлардын баарын Акаевге шылтап жүргөнүн, саясатчылардан ушуну токтотууларын суранарын билдирген.