Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:31

Партиялардын тизмесин каттоо аяктоо алдында


Кыргызстанда парламенттик шайлоо 10-октябрга белгиленген.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 10-октябрга белгиленген.

Борбордук шайлоо комиссиясы азырга чейин парламенттик шайлоого катыша турган 24 саясий партияны каттоодон өткөрдү. Калган беш партиянын тизмелери эртең каралмакчы. Жума күндөн тарта үгүт иштери башталат.

Айрым серепчилер шайлоо алдындагы атаандаштыктан карама-каршылык күчөп, жыйынтыгында чыр-чатак чыгышы мүмкүн деген кооптонууларын айтышууда. Ошол эле учурда расмий бийлик шайлоо өнөктүгүндө кандайдыр бир чагымдарга жол берилбестигин билдирди.

Шайлоодо канча партия ат салышат?

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Эрик Ирискулбековдун билдиргенине караганда, алдыдагы парламенттик шайлоого ат салышууну көздөгөн 29 саясий партия документтерин БШКга тапшырышкан. Азыркы убакытка карай алардын 24ү катталып, калган 5 партиянын документи эртең жумушчу топтун кароосунан өтөт.

Анын айтымында, партияларды каттоодон өткөрүүдө БШК тарабынан эч кандай бут тосуулар, же кандайдыр бир мыйзамдан тышкаркы аракеттер болгон жок.

- Документтерди алууда анчейин деле проблемалар болгон жок.. Бирок мыйзамда көрсөтүлгөндөй 48 сааттын ичинде документтердеги каталарды оңдоп келсе болот. Кээ бир партияларга ушундай каталар бар экен деген сунуш каттарды бердик. Алар каталарын оңдоп, документтерин кайра тапырышты.

БШК саясий партияларды каттоодон өткөрүүнү 9-сентябрда токтотуп, 10-сентябрдан тарта парламенттик шайлоого карата үгүт иштери башталат.
Катталган партиялар 10-сентябрдан тарта үгүт өнөктүгүнө киришет.

Маалыматка караганда, «Эгемен Кыргызстан» партиясынын тизмесинде каталар болгондуктан документтер партияга кайра кайтарылып, тез эле тизмелери оңдолуп БШКга тапшырылган.

Айрым талдоочулардын баамында, парламенттик шайлоого жыйырмадан ашык саясий партия ат салышканы жатканы менен алардын баардыгы эле шайлоо өнөктүгүн татыктуу өткөрүүгө даярдыгы жок.

Серепчи Турат Акимов да парламенттик шайлоого катышуучу айрым партиялардын өкүлдөрү менен жолугушканын, көпчүлүк партиялардын алдыга койгон стратегиялык багыттары жоктугун айтты.

- Барсак эч кандай даярдыгы жок эле отрушкандарды көрдүк. Офис алып алышып ал жерге жаш балдарды отургузуп коюшкандары бар экен. Эч нерсеси жок. Эч кандай стратегиялык багыттарын көргөн жокмун

Ал ошондой эле айрым бийлик өкүлдөрүнүн айткан пикирлерине талдоо жүргүзүп, алдыдагы парламенттик шайлоого катышкан 29 партиянын он экиси Жогорку Кеңештен депутаттык орун алышат деген божомолун айтты.

Кооптонууга негиз барбы?

Айрым саясатчылар болсо парламенттик шайлоого үгүт иштери 10-сентябрда башталганда эле партиялар ортосунда карама-каршылык күчөп, парламенттик шайлоо чыр-чатак менен аякташы мүмкүн деген кооптонууларын билдиришүүдө.
“Мыйзамдардын сакталышы – шайлоо коопсуздугунун кепилдиги” деген аталыштагы форум, 7-сентябрь.

Президент Роза Отунбаева кечээ “Мыйзамдардын сакталышы – шайлоо коопсуздугунун кепилдиги” деген аталыштагы форумда саясий партиялардын өкүлдөрүн “Өз максаттарына жетүү үчүн элдин сезими менен ойнобоого, бири-бирин кагыштырбоого чакырып, улут аралык байланышты саясатташтырбоону өтүндү.”

Ал ошондой эле ар кандай саясий күчтөрдүн өлкөдө туруксуздукту жаратуусуна каршы президент катары катуу чара көрүп, мамлекеттин бүтүндүгү, биримдиги үчүн өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилерин жарыялады.

Парламенттин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаевдин пикиринде, президент Роза Отунбаеванын мындай алдын-ала эскертүүсүнө саясий партиялар көңүл бурбай коюшу мүмкүн:

- Кечээ президент Роза Отунбаева 28 партиянын жетекчилерин чакырып алып, «бүгүнкү саясатыңарды токтопосоңор өзгөчө абалды киргизип, шайлоону токтотом»- деди. Бул нерсе болот. Анткени азыр бул саясий партиялар мындай нерсени укпайт. Азыр эч кимиси акылды укпай калган.

Мукар Чолпонбаев убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн жана техникалык өкмөттү толугу менен таратып, Конституциянын негизинде президент Роза Отунбаева көз карандысыз өкмөт түзүп, парламенттик шайлоону кийинки жылы өткөргөндө гана өлкөдө кырдаал туруктуу болот деп эсептейт.

Ал эми кээ бир партиялардын лидерлери алдыдагы парламенттик шайлоодо бийлик административдик ресурсту колдонот деген кооптонууларын билдиришсе, убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жана техникалык өкмөт шайлоону таза, калыс, чыр-чатаксыз өткөрүүгө бардык аракеттерди көрүшөрүн айтышууда.

XS
SM
MD
LG