Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:23

Үсөн Сыдыков үй камагына чыгарылбайт


27-майда Бишкек шаардык соту “Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери Үсөн Сыдыковдун баш коргоо чарасын өзгөртүү арызын карады.

Сот залына маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана кылмышка шектүү деп камалган Сыдыковдун туугандары киргизилбей, сот иши жабык эшик артында өттү.

Соттун жыйынтыгында Үсөн Сыдыковдун баш коргоо чарасы өзгөртүлбөй, 31-июлга чейин абакта кармоо чечими чыгарылганын адвокат маалымдады. Адвокат Татьяна Чильникина сот камакка алуу боюнча туура эмес чечим чыгаргандыгын билдирди.

- Бул айыптар ал киши үчүн күтүүсүз болду. Анын мындай кылмыштарга тиешеси жок. Ошондуктан ал өзүн күнөөлүү деп эсептебейт. Бүгүн сот тарабынан Сыдыковго карата баш коргоо чарасы өзгөргөн жок. Биз эми жогорку сотко кайрылабыз.

Буга чейин башкы прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев 13-14-майдагы Ош менен Жалал-Абад, Баткендеги окуяларга тиешеси бар деп шектелген бир топ кишилерге кылмыш иштери ачылгандыгын билдирген. Телефондогу сүйлөшүүлөр боюнча мындай башаламандыка шектүү деп 14-майда Үсөн Сыдыков камакка алынган.

-Ү. Сыдыков: Мындай кылгыла, Бектур менен сүйлөшкүлө. Сени калтырабыз, биринчи орун басар кылып, бирөөнү койобуз деп айткыла. Анан ал райондорго өзү да барып "бул болот" деп орунга коюшу керек.

Белгисиз адам: Макул.

Ү. Сыдыков: Эгер андайга болбосо, Бектурга "аке, капа болбо, сизге облустан бөлөк кызмат беребиз" деп четтетип койгула.

Мындай маанайдагы телефондук сүйлөшүүлөрдөн кийин өлкөнүн түштүк аймагындагы башаламандыка шектүү деп Үсөн Сыдыков 14-майда Ноокат районунда кармалып, УКМКнын абагына камалган. Ага Кылмыш-Жаза кодексинин 295-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу), 233-беренесинин 1-бөлүгү (Массалык башаламандыкты уюштуруу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев “Үсөн Сыдыков түштүктөгү бул окуянын мыкчыгерлеринин бири болгон” деген ойдо.

- Үсөн Сыдыков 24-марттагы элдик ыңкылаптын уюштуруучусу болгон. Бирок бийликке келгенден кийин мансапка ээ болуп, бала-бакырасы да чон кызматтарга отурган. Уулу аэропортту жетектеп, өзү болсо Кыргыз мамлекетинин көмүскөдөгү жетекчиси болуп калгандыктан, бийликти кетиргиси келбей, жанагындай жолго баргандыгын ар бир адам сезип коюшу керек. Бул болуп аткан окуяда ал киши аймактык саясий мыкчыгерлердин башчыларынын бири болгон десем жаңылышпайм.

XS
SM
MD
LG