Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:02

Кыргызстан эгемендигинин 18 жылдыгын белгилөөдө


Эгемендүүлүк күнүнө арналган расмий салтанат быйыл жылдагыдай борбордук аянтта эмес, Улуттук филармонияда өттү.

Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 18 жылдыгына арналган салтанатта президент Курманбек Бакиев эгемендүүлүк уруш-талашсыз, кан төгүүсүз келгенин, тарыхый белек болгон мындай ырыскынын Манастын урпактарына буюрганы түбөлүктүү сыймык экендигин белгиледи.

Өлкө башчысынын айтымында, 18 жыл аз убакыттын ичинде Кыргызстан жаңыдан эрезеге жетип каруусу катып бараткан, пайдубалы түптөлгөн мамлекетке айланды.

- Быйылкы жыл Кыргызстандын тарыхында бурулуш мезгил болду. Биз саясий туруксуздуктан жаратмандык жана жаңылануу жолуна кадам таштадык.
Кыргызстан кедей, өзүн-өзү багалбайт, келечеги жок деген көз караштын орунсуз экендигин далилдей алды. Буга чейин кыялыбызда гана болуп келген зор иштерди беттеп, региондогу эң ири гидроэнергетикалык долбоорду өз колубуз менен жасай баштадык. Эң негизгиси - биздин улутта өз күчүнө жана келечегине ишенүү сезими ойгонду. Быйыл биз эл аралык саясатта өз үнүбүз жана ордубуз бар экенин көрсөтө алдык. Бардык мамлекеттер, анын ичинде дүйнөлүк державалар Кыргызстандын улуттук мүдөөлөрү менен эсептешип, тең укуктуу алака-катыш түзө башташты.

Кыргызстанда цивилизациялуу мамлекеттин негизги белгилери Конституция, парламент, шайлоо системасы жана жарандык коом институттары жаралганын белгилеген президент Бакиев бул институттардын бир бүтүн организм катары туруктуу жана өз ара шайкеш иштөөсүн камсыз кылуу милдети тургандыгын белгиледи.

- Алдыбызда зор милдеттер турат. Алардын эн маанилүүсү - улуттук мурасты өнүктүрүү жана көп түркүн маданияттарды сактоо, жеке менчиктин кол тийбестигин камсыз кылуу, мыйзамдын өкүмүн орнотуу жана укуктук мамлекетти куруу.

“Курманбек Бакиев өзү айткандай өлкөдө мыйзамдуулук сакталбаса, чек ара маселеси такталбаса мамлекеттин эгемендүүлүгүнө доо кетет”,- дейт президенттикке мурдагы талапкер Токтайым Үмөталиева.

- Эгерде биз мыйзамдуулукту сактап, укуктук таалага кайта кайрылып келбесек, анда буга чейин жасалган иштер эч нерсеге арзыбай, азыркы идеология текке кетет. Экинчиден, чек ара маселеси. Учурда чек ара маселеси өтө олуттуу жана коркунучтуу проблема болуп баратат. Анан эгемендүүлүктү кийинки муундарга мурас кылып калтыруу үчүн генефондду сакташ керек.

Токтайым Үмөталиева тышкы жана ички миграция учурдагы өзгөчө көңүл бура турган орчундуу проблемалардын бири катары эсептейт.

Мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев мамлекеттин эгемендүүлүгү улуттун уңгулуу чексиз байлыгы экендигин, бирок бийликтегилердагы караламан калктын көпчүлүк бөлүгү көз карандысыздыктын баркына, анын баалуулугуна алигиче толук маани бербей келатат жеген көз карашта. Анын айтымында, канчалаган элдер кан төгүлгөн куралдуу ыңкылаптын аркасында эгмендүүлүккө жетсе, көптөгөн улуттар өздөрүнүн мамлекеттери жок, көз карандысыздыкка жете албай кор болуп жүрүшөт.

- Эгерде элдин, мамлекеттин жоопкерчилигин көтөргөн бийликтегилер мамлекеттин эгемендүүлүгүн сактайм десе, биринчиден адамдардын укугун сактоосу керек. Сөз эркиндигин, добуш берүү эркиндигин, жарандын жеке менчиктерин, анын аброюн, намысын баарын сакташы керек. Бизде азыр сот системасы, укук системасы абдан начар иштеп жатат, -деди Амангелди Муралиев.

Айрым жарандык уюмдар кийинки учурда Кыргызстанда адам укуктары сакталбай, саясий куугунтуктар күч алып, жеке менчиктерди тартып алууларга жол берилип, адамдардын дайынсыз жоголуп жатканына тынчсызданууларын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG