Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:04

Ж.Тойчубеков: Эл азыркы бийликке ишенбей калды


Элдик революциялык кыймыл эртең Таласта элдик жыйын өткөргөнү жатат. Бул жыйынга карата жергиликтүү элдин маанайын билүү максатында Кара-Буура айылынын тургуну, Коомдук парламенттин мүчөсү Жыпарбек Тойчубековду "Азаттыктын" таңкы түз обосунда кепке тарттык.

- Жыпарбек мырза, Революциялык кыймылдын Таласта өтчү Элдик жыйынын жалпы эл кандай кабылдоодо, ага көп киши катышчудайбы?

- Мен кичинекей айылдын тургуну катары ал маалыматты толук билем. Биздин Кара-Буура, Манас районунун тургундарына Элдик жыйын болоору тууралуу кабар айтылды. Элдердин көкүрөгүндөгү ой-тилек максаттардын бардыгы эле жыйынга барып Азимбек Бекназаровго кошулуп өзүбүздүн көйгөйүбүздү айтсак дешүүдө. Бирок бизди түйшөлткөн бир нерсе бар. Бул - жол кире. Мисалы Көк-Сай айылынан Таласка чейин 100 чакырымдан ашык. Айылдык карапайым адамга ал жакка барып келишке каражаттан оордук болуп калат экен. Эгерде ушул маселе чечилсе жыйынга катыша турган эл абдан эле көп.

- Элдик жыйынды өткөрүүгө жергиликтүү бийликтин бут тосуулары башталды деген кабар болуп жатат. Облустук, райондук администрация, ички иштер бөлүмдөрү тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр болгон жокбу?

- Коркутуулар болгон жок. Бирок жергиликтүү бийлик эртең саат ондо ипподромдо оюн-зоок уюштуруп, элге бекер концерт берет экен деген маалымат бар. Бул деген бийликтин чычалаганы. Себеби элдик жыйын саат он бирде Таластын стадионунда башталат. Мен кечинде өзүмдүн балдарым менен кабарлашсам, бүгүн кечке чейин Бишкектен милициянын атайын даярдыктагы тобу келиши мүмкүн деп айтышты. Эми бул жердеги Талас облустук ички иштер башкармалыгынын, райондук милиция кызматкерлери деле жетишет эле. Бул жерде милициялардын кереги барбы же жокбу деген ой туулат. Биз барып туруп Азимбек Бекназаровго кошулуп алып тополоң чыгаралык деген ой жок. Биз ал жерге барып, көйгөйлүү маселебизди айталык деп жатабыз. Бийлик чычалагансып минтип бизге каршы оюн-зоокту уюштуруп жатат.

- Эл арасында оппозицияга ишеним жок деген да пикирлер айтылууда. Карапайым калк кимге ишеним артууда, бийликеби же оппозициягабы?

-Айылдагы карапайым калк оппозицияга ишеним артууда. Бийликке эч ким ишенбей калды. Айылдагы кичинекей баладан баштап, картайган абышкага чейин оппозицияны билет. Оппозициянын жасап жаткан иштеринен бери билет. Ал эми бийлик ким десе, бийлик райондогу аким, облустун губернатору дейт. Электр жарыгыбыз күнүгө өчүп жатса, алар деле билет да электр жарыгын ким өчүрүп жатканын.

Сиздин баамыңызда, Элдик жыйындан эл эмнени күтүп жатат?

-Эртеңки элдик жыйындан элдин күткөнү Курманбек Бакиевдин кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетиши. Азыркы башкаруу системасын оңдош керек болуп калды. Мына момундай башкаруу системасы менен кыштын убагында дагы эки-үч ай чыдай албайбыз деп жатышат.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG