Парламент комитети дагы бир Мамлекеттик Кеңеш институтун түзүп, ага президент кызматын аткара албай калган чакта утурумдук мамлекет башчыны дайындоо укугун берүүнү Конституцияга киргизүүнү сунуштоодо.
Өлө элек аюунун териси
Ушул жылдын 21-январында Конституциялык Сот Башмыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөргө берген корутундусунда президент өз милдетин аткара албай калган учурда анын ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруучуну дайындоо маселесин Президенттик Кеңеш чече албайт деп белгилеген.
Мамлекеттик түзүлүш, конституциялык мыйзамдуулук комитети мурунку Президенттик Кеңешти Мамлекеттик Кеңешке алмаштырып жаңы өзгөрүүнү Конституциялык Сотко жөнөтмөкчү. Адилет министри Курмантай Абдиев мурунку Мамлекеттик Кеңеш жоюла электигин маалымдады.
- Азырынча ал Мамлекеттик Кеңеш бар. Эгер мобуреки кошумча кабыл алынып калса анын тагдыры чечилет да.
Башталган иштин аягы
Парламент төрагасы, өкмөт башчы, ошондой эле президенттик кызмат өкүлдөрүнөн турган жаңы Мамлекеттик Кеңеш мамлекет башчысы милдетин аткара албай калган чакта үч күн ичинде чогулуп, мамлекет башчысынын ордун кимге ыраа көрүштү чечишке укуктуу. Анын себеп жөнүн кесиптештерине депутат, “Ак жол” фракциясынын өкүлү Ажыбай Калмаматов мындайча түшүндүрдү.
- Мисалы үчүн мага Жогорку Кеңеш төрагасы автоматтык түрдө президенттин милдетин аткарып калганы жакпайт.
Конституцияга киргизилчү өзгөрүүлөр коммунисттер фракциясында да колдоо тапканын депутат Бейшебек Акунов белгилеп, бул жаңылык кесиптештеринин купулуна толгонун жашырган жок.
- Эмне болот деп отурсам, мынабу кичине ынандыргандай болуп калды. Мен ошон үчүн макул дедим эле. Көп деле кападар болбосок. Элдин баары беш колдой тең эмес. Бирөө ошол кеңешменин ичинен, ошол 750 кишинин ичинен эч болбоду дегенде каршы чыгышы мүмкүн да. Болбойт мунуңар деп.
Орун бирөө - ашыккандар экөө
Анткен менен Мамлекеттик Кеңеш мүчөлүгүнө кирген спикер, премьер-министр, анан да президенттик акимчиликтин жетекчилеринен куралган топ арасына көпчүлүктүн көзүн будамайлоону жактырган кайсы бир найсеп кирип калбайт деп деле эч ким кепилдик бере албайт. Аны парламенттеги социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Роза Отунбаева ачык эле айтты.
- А болсо жалаң чиновниктерге берип атат. Ичинде баласы отурат. Баласы айтат экен да кимди алып келиш керек экенин.Мен айтып атам, ошол Мамлекеттик Кеңештин ичинде төртөө-төртөө болуп кармашып калса, мейли төртөө-бешөө болуп. Бирөө болсо Жаныш Бакиев деп. Бирөө болсо Максим Бакиев деп. Эки жагынан. А биз эмнеге ошолордун барымтасы болобуз. Эмне үчүн ушундай механизмди куруп жатабыз? Биз бирөөнүн кызыкчылыгына Кыргызстандын элинин тагдырын толук салып берип жатабыз.
Мамлекеттик Кеңеш, “Ак Жол” партиясынын төрага орунбасары Автандил Арабаевдин ырасташынча президенттин милдетин аткаруучу адамды дайындоого гана чогулушу керек.
Парламент комитети Конституциялык Соттогу талкууда “Ак жол” фракциясынан төрт депутатка Мамлекеттик Кеңеш жөнүндөгү сунушту түшүндүрүү тапшырмасы берилди. Конституциялык Сот ишти кабыл алса, аны үч ай ичинде карап чыгышы керек.
Өлө элек аюунун териси
Ушул жылдын 21-январында Конституциялык Сот Башмыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөргө берген корутундусунда президент өз милдетин аткара албай калган учурда анын ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруучуну дайындоо маселесин Президенттик Кеңеш чече албайт деп белгилеген.
Мамлекеттик түзүлүш, конституциялык мыйзамдуулук комитети мурунку Президенттик Кеңешти Мамлекеттик Кеңешке алмаштырып жаңы өзгөрүүнү Конституциялык Сотко жөнөтмөкчү. Адилет министри Курмантай Абдиев мурунку Мамлекеттик Кеңеш жоюла электигин маалымдады.
- Азырынча ал Мамлекеттик Кеңеш бар. Эгер мобуреки кошумча кабыл алынып калса анын тагдыры чечилет да.
Башталган иштин аягы
Парламент төрагасы, өкмөт башчы, ошондой эле президенттик кызмат өкүлдөрүнөн турган жаңы Мамлекеттик Кеңеш мамлекет башчысы милдетин аткара албай калган чакта үч күн ичинде чогулуп, мамлекет башчысынын ордун кимге ыраа көрүштү чечишке укуктуу. Анын себеп жөнүн кесиптештерине депутат, “Ак жол” фракциясынын өкүлү Ажыбай Калмаматов мындайча түшүндүрдү.
- Мисалы үчүн мага Жогорку Кеңеш төрагасы автоматтык түрдө президенттин милдетин аткарып калганы жакпайт.
Конституцияга киргизилчү өзгөрүүлөр коммунисттер фракциясында да колдоо тапканын депутат Бейшебек Акунов белгилеп, бул жаңылык кесиптештеринин купулуна толгонун жашырган жок.
- Эмне болот деп отурсам, мынабу кичине ынандыргандай болуп калды. Мен ошон үчүн макул дедим эле. Көп деле кападар болбосок. Элдин баары беш колдой тең эмес. Бирөө ошол кеңешменин ичинен, ошол 750 кишинин ичинен эч болбоду дегенде каршы чыгышы мүмкүн да. Болбойт мунуңар деп.
Орун бирөө - ашыккандар экөө
Анткен менен Мамлекеттик Кеңеш мүчөлүгүнө кирген спикер, премьер-министр, анан да президенттик акимчиликтин жетекчилеринен куралган топ арасына көпчүлүктүн көзүн будамайлоону жактырган кайсы бир найсеп кирип калбайт деп деле эч ким кепилдик бере албайт. Аны парламенттеги социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Роза Отунбаева ачык эле айтты.
- А болсо жалаң чиновниктерге берип атат. Ичинде баласы отурат. Баласы айтат экен да кимди алып келиш керек экенин.
Баласы айтат экен да кимди алып келиш керек экенин.