Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

Ө.Текебаев: Эл өз пикирин чечкиндүү айтат


Жаңы жылдан тарта баалардын көтөрүлүшү, оппозициянын айрым мүчөлөрүнүн соттолуп жатышы жана өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал тууралуу “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: - Өмүрбек мырза, баалардын көтөрүлүшүнө байланыштуу сиз жетектеген партия элди акцияга үндөп чыкты эле. Жооп болуп жатабы?

Өмүрбек Текебаев: - “Ата Мекен” партиясы атуулдарды өз укугун активдүү коргоого, бүгүнкү бийликтин элге каршы энергетикалык саясатына каршы ой-пикирлерин билдирүүгө чакырган. Көптөгөн жерлерде стихиялуу түрдө адамдар ушул маселелерди талкуулап, өздөрүнүн нааразычылыктарын билдирип жатышат.
Чындыкты жаап-жашырыш үчүн информациялык блокада кылып элге чындыкты жеткирбегенге аракет кылып жатышат.


Кайсы бир деңгээлде уюшулган бирдиктүү акция катары азырынча, тиликке каршы, элдин пейили уюшула элек. Бирок биз ойлойбуз, талкуулардан кийин, өзгөчө биринчи эсеп-кысаптар башталгандан кийин эл өзүнүн ой пикирин уюшулган жана чечкиндүү түрдө айтат болуш керек.

“Азаттык”: - Оппозиция мүчөлөрүнүн үстүнөн сот иштери уланып жатат. Генерал Исмаил Исаковдун аксакал жердештери анын соттолушуна байланыштуу маселени мамлекет башчынын өзүнө айтып, чечүүгө аракет кылабыз деп атышат. Бирок ошол эле учурда Исаковдун жалаага кабылышы – бийликтин буйругу деген сөздөр бар. Макул, президент Исаковдун, Бөлөкбаевдин, Жекшенкуловдун, Балыкчы окуясында айыпталып жаткандардын сотунан кабарсыз дейли, бирок кабардар болгон күндө деле адилет чечип береби?

Өмүрбек Текебаев: - Биринчи кезекте И. Исаковдун жердештеринин, досторунун жана партиялаштарынын, пикирлештеринин акциялары коомчулукту Кыргызстанда мыйзам бузуулар болуп жаткандыгын, саясий мотив менен адамдарды куугунтуктоо улантылып жаткандыгына көңүл буруу болуп эсептелет.
Өзгөчө биринчи эсеп-кысаптар башталгандан кийин эл өзүнүн ой пикирин уюшулган жана чекиндүү түрдө айтат болуш керек.


Бул Кыргызстанды гана эмес, эл аралык коомчулуктун да көңүлүн бурат. Соттун адилеттүү болушуна саясий шарт түзүп бериши да ыктымал. Ошондуктан албетте президентке кайрылуу - ал түздөн-түз бул ишке аралашат дегендик эмес. Соттун ишине кийлигишүү процессин азайтышы мүмкүн дегендиги.

“Азаттык”: - Байкап аткандырсыз, соттор улам кийинкиге жылдырылып жатат. Кээ бир пикирлер боюнча акыркы чечимдер жаңы жылдын алдында, эл жаңы жыл майрамы менен алаксып, саясаттан алыстай түшкөндө кабыл алынышы мүмкүн. Сиз кандай дейсиз?

Өмүрбек Текебаев: - Бөлүштүрүү, компанияларды сатуу 29-декабрга коюлган. Мына ошол тариф саясатына, энерго тармакты приватташтырып сатууга каршы элдин нааразычылык акциясы уюшулбашы үчүн оппозициянын лидерлерине ар кандай куугунтуктоолорду жасап, жарым жыл, бир жылдап созуп келе жатат. Бул бүгүнкү бийликтин примитивдүү тактикасы, суук, майрам убакта бардыгын жең ичинен уюштуруп койгонго аракети деп ойлойм.
Чындыкты жаап жашырыш үчүн информациялык блокада кылып элге чындыкты жеткирбегенге аракет кылып жатышат.


“Азаттык”: - Мына азыркы учурда болуп жаткан соттук жараяндар боюнча бир дагы мамлекеттик маалымат каражаттары маалымат бербей келатат. Ошол эле учурда суроо туулат, эгерде Исаковдун, Жекшенкуловдун, же Бөлөкбаевдин айыптары бар болсо эмнеге маалымат каражаттары муну жаап-жашырат деген?

Өмүрбек Текебаев: - Сиз айткан биздин азаматтарга коюлган күнөө негизсиз экени көрүнүп калды. Эгерде мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу бул маселе чагылдырылса, анда эл булардын күнөөсүз экендигине мындан да көбүрөк ишенмек. Чындыкты жаап-жашырыш үчүн информациялык блокада кылып элге чындыкты жеткирбегенге аракет кылып жатышат.

“Азаттык”: - Өмүрбек мырза, маегиңизге рахмат!

Тасмада: 7-декабрда Бишкек гарнизондук соту Исмаил Исаковдун иши боюнча чечим чыгарышы күтүлгөн эле. Бирок сот дагы 10 күнгө жылдырылды.

И. Исаков: Өз ара кеңешүү үчүн сот жылдырылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:38 0:00
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG