Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Жалал-Абат: Ыңкылапта жоголгон миллиондорду ким басып жатат?


Жалал-Абаддагы элдик толкундоолор, март 2005-жыл.
Жалал-Абаддагы элдик толкундоолор, март 2005-жыл.

2005-жылдын март окуялары чагында Улуттук Банктын Жалал-Абаттагы башкармасынан 23 миллион сомго жакын акча жоголгон. Акчанын уурдалышына байланыштуу ошондо козголгон кылмыш иши ушу тапта токтоп турат.

Төрт жыл мурда болгон март ыңкылабында болгон банкка кол салуу окуясы боюнча ошо жылы кылмыш иши ачылып, тергөө иши жүргөн. Облус прокурорунун орунбасары Талант Аккозуевдин айтымында бир кишиге айып угузулуп, иш соттун кароосуна жиберилген. Бирок шектүү адам табылбагандыктан иш убактылуу токтотулган:

- Тергөөнүн натыйжасында Жалал-Абат шаарынын тургуну Нышанов Нурланга айып угузулуп, ал кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, сотко ал келбей койгонуна байланыштуу бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, камака алуу түрү тандалып, азыркы убакта Нышанов издөөдө жүргөндүгүнө байланыштуу кылмыш иши өндүрүштөн токтотулуп турат.

Банктын башкармасынын орунбасары өз аты-жөнүн жашырып, жоголгон акча тууралуу маалыматты борбордук жетекчиликтен алууну сунуштап, кызматка кийин келгендиктен ал окуя тууралуу билбей турганын билдирди. Ушундай эле жооп шаардагы күзөт башкармасынын жетекчисинен да алынды.

Ошо убактагы маалымат каражаттары билдиргендей, март ыңкылабында жүздөгөн адамдар областтык бийликтин имаратын ээлеп алып, миңдеген кишилер анын маңдайында митинг өткөрүп турушкан. 20-март күнү таңга маал милициянын атайын отряды митингди кууп-таркатканда жаалданган калк кечке жуук облбийликти кайра басып алып, шаардык милициянын имараты жарым-жартылай өрттөнгөн.

Милициянын бир нече автоунаасы да күйүп, курал-жарактар жоголду деген маалымат тараган. Жалал-Абат шаардык ички иштер бөлүмүнүн учурдагы башчысы Таалай Төрөкановдун жообу боюнча курал-жарактар эртеси күнү кайтарылып алынган. Күйгөн имараттын ордуна жаңысы капиталдык ремонттон өтүп, ишке берилгени турат:

- 2005-жылы 20-мартта Жалал-Абат облусунун тургундары ошол кездеги бийликке нааразы болуп, андан соң эл менен милициянын ортосунда түшүнбөстүккө келип, Жалал-Абат шаардык ички иштер бөлүмүнүн имаратын 50 пайыз талкалап кетишкен, андан сырткары 2 кызматтык машина талкаланган. Ушул маселе көйгөйлүү болуп чечилбей келди эле. Кызматтык 3 машина, 1 атайын машина бөлүп берди.

Базар-Коргон райондук кеңештин депутаты Асылбек Текебаевдин пикири боюнча кылмыш жазасы жок калбоого тийиш. Мыйзам алдында карапайым адамдан тартып президентке да бирдей. Банктан жоголгон 23 миллион сом ушу тапта деле өлкө казынасы үчүн эбегейсиз чоң акча.

Демек эмдигиче анын табылбай жатышы тармак уюмдарынын иш жүргүзбөгөнүн, иш жүргүзсө ал тууралуу калкка кабарлабаганын түшүндүрөт. Анча өлчөмдөгү акчаны бир кишинин уурдоосу мүмкүн эмес, анын шериктери, март окуясын уюштуруучулар да жооп берүүсү керек эле, деп эсептейт Асылбек Текебаев:

- Атайын күзөт турган жерден, бир топ банктын кызматкерлери иштеген жерден өзү жалгыз кирип, темир кесүүчү аппараттын жардамы менен сейфти кесип алып кетиши бул чындыкка сыйбайт. Ал жерде бир топ адамдар бул ишке аралашкан. Бир гана адамга кылмыш ишин козгоп коюп, аны качып кетти деп издөө бул эч кандай мыйзамга сыйбайт. Массалык аракеттерди уюштуруп жаткан жетекчилерди жана баардыгын чакырып, күнөөсү болсо бул ишке чекит коюш керек эле. Бирок бул ишке бийлик бүгүнкү күнгө чейин кызыкпай атат. Андыктан бул жерде алардын тиешеси бар деп ойлойм.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG