Пишпектеги уйгур башталгыч мектеби 1904-жылы ачылган. Жаңы окуу жай шаардагы билим берүүчү диний мектептердин катарын толуктаган.
Түркстан башкы курорттук башкармачылыгы тарабынан 1924-жылы Жалал-Абад курорту мамлекеттик маанидеги ден соолук сакайтуучу тизмеге киргизилген. Мамлекеттик бюджет эсебинен мында суу иче турган дартка даба булактар таш менен тосулуп, эс ала турган жайлардын курулуш долбоору каралган.
Токмок шаарынын жанынан 1929-жылдын бул күндөрү селитра менен кара топурак запасынын ачылганы коомчулукка белгилүү болгон. Адистер селитраны аскердик максат үчүн, кара топуракты болсо жер семирткич катары талаага чачуу максатында колдонууну сунуш кылышкан.
Фрунзе жумушчулар, кызыласкердик жана дыйкандардын шаардык кеңеши 1935-жылы борбордон акыр-чикирлерди ташып чыгаруунун жаңы тартибин кабыл алган. Ал убакта шаарда канализация курула электигине байланыштуу, акыр-чикирлер түн ичинде ташылып, анын маршруту белгиленген.
Болочок академик А. П. Окладников жетектеген СССР Илимдер Академиясынын археологиялык-этнографиялык экспедициясы Сталин, азыркы Москва районунун Мамай өрөөнүндө байыркы турак-жайды тапкан. Анда колодон жасалган эстелик үлгүлөрү табылып, Кыргызстандын тарыхы үчүн маанилүү материалдар чыккан.
1948-жылдын бул күндөрү Быстровка-Рыбачье багытында каттоочу поезд жүрө баштаган. Поезд Чалдыбардан баштап көл кылаасына чейинки калк жашаган аймактарды байланыштырып, өлкө экономикасын көтөрүү багытында маанилүү роль ойногон.
Канада мамлекетиндеги көркөм шаарлардын бири эсептелген Монреаль 1604-жылдын 19-май күнү негизделген.
Англия 1649-жылдын 19-майында республика деп жарыяланган.
Император Пётр II 1728-жылдын 19-май күнү Орусиянын борборун Санкт-Петербургдан кайра Москвага которгон.
Карл Маркс Пруссиядан чыгарылгандан кийин “Жаңы Рейн” гезитинин акыркы саны 1849-жылдын 19-май күнү жарык көргөн. Буга чейин гезитти Карл Маркс идеологиялык шакирти Фридрих Энгельс менен биргелешип чыгарып келген. “Жаңы Рейн” гезитинин акыркы саны кызыл түстө жарыялангандыктан ал коомчулуктун көңүлүн айрыкча бурган.
Дүйнөлүк экономика жана каржы маселелерине арналган Генуядагы Эл аралык конференция 1922-жылдын 19-май күнү ишин аяктаган. Генуя конференциясына 28 капиталисттик мамлекет, Британиялык 5 доминион жана Г. В. Чичерин баштаган РСФСРдин делегациясы катышкан.
Ленин атындагы пионердик уюм 1922-жылдын 19-май күнү уюшулган. Пионердик уюмдун курулушу Экинчи Бүткүл Орусиялык комсомолдун конференциясынын чечимине ылайык Москва шаарында пионердик отряддардын уюшулушуна байланыштуу болгон. Советтик партия тарыхына караганда пионердик уюмдун курулуш башатында Надежда Константиновна Крупская турган деп айтылат. Кыргызстанда пионердик кыймыл кулач жая өнүгүп, миллиондогон кыргызстандыктар коомдук кызматташуунун баштапкы даярдык тепкичинен өтүшкөн.
Атактуу ойлоп тапкыч Томас Эдисон 1926-жылдын 19-май күнү биринчи жолу радиодон сүйлөгөн. Атлантик Ситидеги Улуттук электр компаниясы уюштурган кечеде аны микрофонго сүйлөп берүүсүн өтүнүшкөн. Толкундануудан апкаарыган ойлоп тапкыч микрофонго «Мен эмне дээримди да билбейм... Мен биринчи жолу момундай нерсеге сүйлөп жатам. Түнүңөр бейпил болсун!» деген экен.
ВКП(б) Бобордук Комитети жергиликтүү партия уюмдарына «жумушчу тап арасындагы душмандардын» жүзүн ачуу үчүн 1935-жылдын 19-май күнү атайын кат жөнөткөн.
Андрей Тарковскийдин «Сталкер» аттуу тасмасы 1980-жылдын 19-май күнү экранга чыккан.
Орусиянын Мамлекеттик Думасы 1999-жылдын 19-май күнү Новгород шаарын Великий Новгород деп атаган мыйзам кабыл алган.