Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:35

Ош: Атамбаевчил жаштарга алгачкы эскертүү берилди


Ошто оппозициянын талапкери Алмазбек Атамбаевге үгүт жүргүзүп, анын шайлоочуларга кайрылуу баракчаларын таратып жүргөн жаштарга жергиликтүү укук коргоочулар тарабынан кысым күчөгөнүн социал-демократтар партиясынын жаштары билдиришүүдө. Бирок оппозиция жаштарынын мындай дооматын жергиликтүү тартип сакчылары жокко чыгарып, бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүп жатканын белгилешүүдө.

Социал-демократтар партиясынын жаш мүчөсү Руслан Орозматов талапкер Алмазбек Атамбаевдин шайлоо алдындагы программасы жарыяланган гезиттерди таратып жүргөндө түрдүү тоскоолдуктарга кабылып, укук коргоо кызматкерлери тарабынан аларга тыюу салынып жаткандыгын айтат:

-Кечээ мени кимдир бирөөлөр колуман булкуп кармоого аракет кылышты. Мен аларга баары бир позициямды өзгөртпөйм дедим. Мындай аракети менен бүгүнкү бийлик өзүнүн алсыздыгын көргөзүп жатат. Жаштар канатынын мүчөлөрүнө да кысым күчөдү. Мисалы мени укук коргоо кызматкерлери кармап, ар кандай суроолорду беришти. Гезит, кайрылууларды таратсак да, тыюу салып жатышат.

Орозматовдун белгилешинче, учурда оппозиция талапкерин колдогон жыйындарга катышкан студенттер да окуу жай жетекчилиги тарабынан кысымга алынып, үгүт иштеринде бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөй жатат.

-Ректорлор тарабынан оппозициялык маанайдагы жаштарга кысым күчөдү. Алар студенттерди чакырып алып, «Биз Бакиевди колдошубуз керек» деп укугун тепселеп жатышат. Анан «Ак жол» партиясынын жаштары кайда барбасын аларды кучак жайып тосуп алышат, бизди болсо өгөй баладай көрүшөт. Бирок биз мыйзам чегинде иш кылабыз.

Президенттикке талапкерлерге үгүт иштерине уруксат берилген күндөн тарта азыркы бийликтин саясатын кескин сынга алган эки талапкердин жактоочуларына түрдүүчө тоскоолдуктар башталганы айтылууда. Мындай бут тосуулар Баткенде эл менен жолугушууда талапкер Темир Сариевге көрсөтүлсө, Ош, Жалал-Абат, Талас, Нарын дубандарында Алмаз Атамбаевдин тарапкерлерине каршы жасалганы айтылган эле.

Бирок Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жениш Аширбаевдин «Азаттыка» билдиришинче, азырынча мындай иштер тууралуу бир да арыз түшө элек:

- Талапкерлерге тоскоолдук болуп жатат деген бул жалган. Мунун далили азыр Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунда Алмаз Атамбаев эч кандай тоскоолдуксуз эле эл менен жолугушуу өткөрдү. Үгүт иштери башталгандан бери Ош облусу боюнча тоскоолдук болду деген бир да арыз түшө элек. Шайлоого жашы жеткендер баары үгүт жүргүзүүгө акысы бар, тоскоолдук болбойт.

Деген менен учурда Ош шаарынын көчөлөрүндө «Бакиев биздин президент», «Бакиев накта президент» деген сыяктуу көрнөк-жарнактардан башка бир да талапкердин үгүт жарыяларын көрүүгө мүмкүн эмес.

Жергиликтүү серепчи Калык Садырбековдун пикиринде, шайлоо өнөктүгү башталган күндөн тартып эле талапкерлерге өз программасын жайылтууга бирдей шарт болбой жатат.

- «Бакиев накта президент» деген жарыялар көчөлөрдө жайнап турбайбы? Атамбаедин болгону бир гезити болсо, аны тараткан жаштарды да коркутуп кереги жок эле да. Мыйзам баарына бирдей болгону менен тендик болбой жатат. Шайлоо өнөктүгү кызый электе эле ушундай маанайда башталса, анда арты кандай болот билбейм.

Ошентип учурда өзгөчө түштүк дубандарында шайлоо өнөктүгү кызуу жүрүп, А. Атамбаев, Т. Сариев өндүү талапкерлер район-айылдарга чейин элди кыдырууда. Ал эми Т. Үмөталиева, Н. Мотуев, Ж. Назаралиев сыяктуу башка талапкерлер бул аймакта дагы эле үгүт иштерин баштай элек. Ошто алгачкылардан болуп үгүт иштерине кызуу киришкен Атамбаевчил жаштар болсо, эми минтип “чү” дегенде эле укук коргоо кызматкерлери тарабынан эскертүү алып отурушат.

2007-жылдагы парламенттик шайлоо учурунда да «Ата Мекен» партиясынын бир катар жигердүү жаштары ушундай эле эскертүү алышып, кийин окуудан четтетилип, түрдүүчө кысым коркутууларга кабылышкан эле.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG