Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:02

Кыргызстанды баңгизат басып баратат


Өлкө боюнча наркологиялык каттоодо баңгизатка көз каранды 9 миңге жакын адам турганы менен, иш жүзүндө алардын саны алда канча көп. 14-декабрдын түнүндө Сокулуктан 118,5 кг баңгизаты кармалды.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинде каттоого алынган 8 миң 464 баңгимандын 6 пайызын балдар түзсө, СПИДди жугузгандардын 90 пайызын баңгилер түзөт. Бул расмий каттоого алыган баңгилердин саны болсо, катталбагандары мындан 2-3 эсе көп дешет адистери.

Кыргызстандын түштүгүнүн Ооганстан, Тажикстан менен чектешкен жерлериндеги текшерүү күзөтүнүн начардыгы өлкөдө да баңгиликтин өсүшүнө шарт түзүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонжан Артыкбаев баңгилик элдин тагдырына кадимкидей кирип, Оогангстандын баңгизаттары Тажикстан аркылуу Кыргызстанга келишине бажы, милиция жана баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматкерлери өздөрү билинбей көмөкчү болуп жатканын жана бул иш чоң акча менен байланышуу экенин белгиледи:

-Беш жыл мурун 500 грамм героин менен кармалды десе, Кыргызстан үчүн сенсация болчу. Азыр мына бир күндө эле 119 кг баңгизаты кармалган. Бул эми бир эле күндө кармалганы. Ал эми кармалбай өтүп кетип атканы канча. Аларга ошол эле милиция, бажы, баңгизатты көзөмөлдөө агенттиги көмөкчү болушууда. Көзөмөлдү Тажикстанган эл аралык уюмдар аркылуу катуу орнотуу керек. Канчалаган жаш балдар өлүп кетип атат баңгиликтен. Аларды текшерүүгө алган так эсеп да жок. Ушундай жол менен кете берсек кылмыштуулук, терроризм күчөгөн өлкөгө айланып кетүү коркунучу турат.

Учурда баңгилик көбүрөөк өз чеңгелине жаштарды алууда. Ошондуктан баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин маалыматы өткөн 10 айда алтымышка чукул адам баңгизат колдонуудан каза болгон.

Өткөн жылы Ооганстандын алты провинциясы “апийимден эркин” деп жарыяланганына карабай быйыл айрым аймактарында апийимдин түшүмдүүлүгү 17 пайызга жогору өстүрүлгөнүн БУУнун баңгизаттары жана кылмыштуулук боюнча кеңсесинин маалыматында белгиленген.

Жалпысынан алганда былтыр Ооганстанда апийим өстүрүү 25 пайызга көбөйгөн жана болжол менен 8 миң 200 тонна апийим өстүрүлгөн. Бул дагы БУУнун баңгизаттары жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын маалыматы.

Өлкөнүн баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин басма сөз катчысы Кумарбек Чалданбаевдин айтымында Ооганстанда өндүрүлгөн баңгизаттар Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан аркылуу Орусия жана Европа өлкөлөрүнө ташылып кетүүдө.

Ушул агенттиктин кызматкерлери Сокулук районунан Албер аттуу тургунунун үйүнөн кармаган ири өлчөмдөгү баңгизатына уюшкан кылмыштуу топтордун катыштыгы бардыгын далилдешүүдө. Ушул инсандын үйүнөн 98 кг апийим жана 20 кг. героин кармалган.

-Коңшу өлкөлөр менен алканы жакшыртуу маанилүү экенин биз көрүп жатабыз. Бардык ооган апийими экспорттолот. Көбү Иран же Пакистан аркылуу ташылат. Апийимдин 20 процентке жакыны өлкө түндүгүндөгү Борбор Азия өлкөлөрү-Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан аркылуу андан ары кетет. Ушул биз кармаган баңгизат көздөгөн дарегине жетсе, анда Орусиядагы баасы менен кылмышкерлер 2 млрд. доллардан ашуун каражатка ээ болушмак.

Эгерде бул ири көлөмдөгү баңгизат көздөгөн дарегине жетсе бул кылмыштын артында тургандар өтө чоң суммадагы каражатка ээ болушмак. Мындай баңги заттын бир таңгагы эле 6 миң долларга бааланарын адистер айтып жүрүшөт.

Баңгизаттарын Ош, Баткен облустарынын аймагы аркылуу алып өтүүчү каналдар жылдан-жылга кеңейүүдө. Бул боюнча тынчсыздануусун билдирген баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча агентигинин басма сөз катчысы баңгизат соодасы менен алектенген эл аралык кылмыштуу топторду далил менен кармоо кыйынга туруп жатканын билдирди.

-Ош, Баткен шаарлары Тажикстан менен чектешкен чоң шаарлар. Автотрасса, башка каттоолор дагы Ош аркылуу өтөт.Түштүк тараптан өткөн маңзаттары сөзсүз түрдө Бишкек, Казакстан, Орусиянын кээ бир шаарлары аркылуу өтүп, анан таркап кетип атат.

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонжан Артыкбаевдин пикирине караганда баңгизатын ташыгандар эмес, ташыткан негизги товар ээлери учурда кармалбай келе жатканы коркунучтуу:

- Ооганстандан Кыргызстан аркылуу баңгизаттарды ташып аткан 2-3 деңгээлдеги адамдар кармалып, эң чокусунда турган наркобарондорго жетиш маселеси кыйын. Буга биздин таасирдүү адамдар калканыч болуп, өздөрү ага кызыкдар болушканы, милиция, бажы тармагындагылар дагы кошумча болуп жатышканы алардын кармалышына тоскоол болууда. Көп жаштар баңгиликке берилип кетип жатышат. Мен билем көп эле атактуу адамдардын кыздары-балдары баңгиликке берилип, ата-энелери сыздап жүргөнүн. Баңгилик тагдырды, өмүрдү талкалайт.

Баңгизат соодасына каршы күрөшкөн изкубарлар Ош облусунун Тажикстан менен чектешкен бийик тоолуу ашууларында учурда төрт багыттагы негизги жол каттамы аныкталгандыгын жана катуу көзөмөлгө алынганын кошумчалашты.


  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG