Апталыктын алкагында кино күйөрмандарына кыргыз тасмалары акысыз көрсөтүлдү. Ал фильмдердин катарында Мелис Убукеевдин, Төлөмүш Океевдин, Болот Шамшиевдин, Бакыт Карагуловдун тасмалары бар. Бул киножумалык мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын негизинде Ленин райондук администрациясы тарабынан уюштурулду.
Кыргызстанда кыргыздардын тарыхы жөнүндө киноэпопея тартылат. Бул жөнүндө өлкөнүн президенти окумуштуулар жана чыгармачыл интеллигенциясы менен жолугушуу учурунда билдирди.
Мамлекет башчысы ошондой эле окумуштууларды көчмөн маданияттын долбоордук жана изилдөө борборунун ишин жайылтууга чакырды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган токтомго ылайык, СССРдин эл артисти, белгилүү актер жана коомдук ишмер Муратбек Рыскуловдун 100 жылдык маарекеси белгиленет. Муратбек Рыскулов Кыргыз мамлекеттик драма театрында эмгектенип, чыгармачылык жолунда көптөгөн көркөм фильмдерге тартылып, бир катар образдарды жараткан. Ага улуттук көркөм өнөргө кошкон зор салымы үчүн бир нече мамлекеттик сыйлыктар берилип, Нарын областтык драма театрына улуу актердун ысымы ыйгарылган.
Бул жумада Третьяков галереясында “Орус империясынын америкалык сүрөтчүлөрү” аттуу экспозициясы ачылды. Анда 20-кылымда Америкада жашап иштеген сүрөтчүлөдүн эмгектери коюлду. Бул долбоор 30га жакын музей, галереяларды бириктирди.
Сочиде өткөн эл аралык “Кинотавр” кинофестивалында белгилүү драматург Василий Сигарев тарткан “Волчок” тасмасы баш байгени жеңип алды. Фильмде Орусия аймагында жашаган эне менен кыздын бири-бирине болгон мамилесин чагылдырат.
Июль айында Москвага белгилүү америкалык поп жылдыз Бритни Спирс келээри күтүлүүдө. Маалыматтарга караганда, ырчы концерт коюу үчүн өзүнүн музыкалык жабдуулары менен бирге эле иче турган тамак-аштарын да ала келет. Мунун себеби азырынча белгисиз.
Малавинин Жогорку Соту ырчы Мадоннага 3 жаштагы жетим кыз Мерси Джеймсти багып алууга уруксат берди. 50 жаштагы ырчы айымдын Лурдес жана Рокко аттуу уул-кызы жана Дэвид аттуу бакма баласы бар.