Кыргызстанда саясий система алмашкан сайын жаңы бийликке келгендер алды менен паракорлукту жоюга убада беришет. Тилекке каршы, мурдагы президент К.Бакиев өзү коррупциялашкан системанын курмандыгына айланса, 7-апрелден бери өлкөдө бийлик жүргүзгөн убактылуу, техникалык өкмөттөрдүн паракорлукту кыскартуу аракеттерине берилген баалар ар түрдүү.
“Бул жыл Кыргызстан үчүн өтө олуттуу сыноолорго бай болууда. Өлкө өткөөл мезгилди башынан кечирип жатканда Кыргызстандын алдында турган өтө маанилүү милдеттеринин бири – коррупцияга каршы туруу. Бул учурдун гана эмес келечектин дагы күрөшү болуусу керек. Кыргыз коому өз тандоосун жасады. Эми Кыргызстандын мамлекеттик институттары, аткаминерлер, укук коргоо органдары, сот-прокурорлор ким тарапта экенин - өлкөнүн же өз кызыкчылыгын коргойбу – алар да түшүндү”, деп айтылат Transparency International уюмунун баяндамасында.
Ыңкылап чакырыгы: коррупциялашкан бийликти кулатуу
Баяндамада белигиленгендей, мурдагы башкаруу системасынын тамырлашкан паракорлукка батканы 7-апрелдеги бийлик алмашууга өзөктүү түрткү болгон. Курамына 14 оппозициячыл-демократ кирген убактылуу бийлик, андан кийин өзүн техникалык деп атаган өкмөт революциялык чакырыктардын бири - коррупцияны кыскартуу аракетин көрүүдөбү?
Убактылуу өкмөт мүчөсү, каржы министринин милдетин аткарган Темир Сариев 7-апрелден кийин өлкөдөгү коррупцияны ооздуктоо максатында бир топ иштер жасалды деген ишенимде:
- Биз мурда туура эмес сатылган мамлекеттик менчктерди кайра өз ордуна алып келдик. Эбегейсиз жогору көтөрүлгөн тарифтерди кайра калыбына келтирдик. Кээ бир мамлекеттик бийлик органдарына, анын ичинде Президент институтуна эбегейсиз чоң каражат каралган, алардын баарын кыскарттык. Тилекке каршы, мына бул ортоку башкаруу системасында, ананд дагы өзгөчө бизнеске болгон аракеттер азырак болуп к алды. Биз 3 айлык кыска мөөнөттө гана иштедик.
Кыргыз өкмөтүнүн вице премьер министри Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” мурдагы эки президенттин бийлиги тушунда тамырлашкан паракорлукту жоюу оңойго турбасын, ага кошумча убактылуу өкмөттүн мүмкүнчүлүктөрү чамалуу гана болгондугун айтты. Ошол эле учурда соңку 7 ай ичинде укук коргоо, көзөмөл жүргүзүү органдарында коррупциялык фактылар кыскарбастан, тескерисинче өстү дегенди четке какты:
- 80-90% калп. Эгер ошол айтылгандардын чындыгы болсо эбак эле кылмыш иши козголуп, жоопко тартылат эле да. Мунун баардыгы сөз эркиндигинин баасын билбей жаткан оозуна алы жетпегендердин сөзү. Эртең эле легитимдүү бийлик келет, эгер ошондой болсо алар деле жазалайт. Убактылуу өкмөт андайга жол берген жок. Тескеринче кандайдыр бир деңгээлде коррупцияны токтото алды. Коррупциянын башын кесе албаса дагы куйругун белинен ылдый басты да.
Карапайым калк: “таанышың болсо танкасың”
Дүйнөлүк экономикалык форум 2010-11-жылдардагы өлкөлөрдүн атаандаштык аракетин баалаган тизмесинде Кыргызстандагы паракорлук ишкердикти өнүктүрүүдөгү негизги бөгөт деп аныктаган. Ал эми орто жана чакан ишкердик өнүкмөйүн карапайым калктын жашоосу оңолуп, кендир кескен кедейчилик жоюлбасын адистер такай айтып келишет.
Бишкектеги чакан курулуш фирманын ээси, 36 жаштагы Канат өз ишканасын каттоодон өткөрүүдө расмий жолдон көрө “тааныш” аркылуу бүтүргөн тез болооруна ынанган. “Каттоодон өтүү, банктан насыя алууда өзүңдүн таанышың болсо кыйла эле жеңил экен. Анан атайын пайыздар бар, ошону төлөп бересиң”, - дейт ал.
55 жаштагы айылдык дыйкан Ашыр: “банктарда “таанышы барлар” жеңил насыяларды алып кетет. Колунда бар байлар жеңилдетилген кредит алат. Ал эми карапайым дыйкан же фермер банктан насыя ала албайт. Алар “Финка”, “Компанион”, “Бай түшүм” сыяктуу кредиттик компаниялардан чоң процент менен акча алышат. Анан айылдагы жакырлардын турмушу кантип оңолсун?” - дейт “Азаттыктын” кабарчысына.
Кыргызстандагы паракорлук алды менен бийликтин жогорку деңгээлинде, бажы-салык, сот, укук коргоо тармактарында гүлдөп, ал тургай билим берүү менен саламаттык сактоо системасында кеңири жайылганы эч кимге жашыруун эмес. Карапайым калк болсо көйгөйүн “тааныш институту” аркылуу чечип, өз арбайын согууда.
Коррупция качан кыскарат?
2005-жылы Корруциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттик түзүлүп, анын максаты өлкөдө корруциянын жайылышына бөгөт коюп, паракорлукту кыскартууда мамлекеттик мекемелер, коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын ишин координациялоо болгон. Ошондой эле Кыргызстан Улуттар Уюмунун атайын конвенциясын ратификациялап, бир катар милдеттерди алган.
Бирок апрелде бийликке келген өкмөт адегенде эле бул агенттикти тап-такыр жоюп салган. Андан бери өлкө бийлиги корруцияны кыскартуу боюнча расмий план-аракеттерин тааныштыра элек. Мурдагы Корруциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттиктин башкы адиси Эркайым Мамбеталиеванын пикиринде, коомчулук убактылуу өкмөт паракорлукту кыскартуу аракетин көрүп жатканын байма-бай укканы менен иш жүзүндө эмне майнап чыккандыгын көрө элек.
- Коррупция - өкмөт, жалпы коомчулук жана эл аралык уюмдар биргелешип аракеттенип, эң башкысы мамлекет саясий эркин көрсөткөндө гана кыскарат. Бул жерде системалык иш-чараларды көрүш керек. Эгерде саясий эрк болбосо коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү, кыскартууда эч жыйынтык бербейт. Канчалык мекеме, 5 орган түзүлсө дагы натыйжа бербей тургандыгын көрдүк.
Эл аралык Transparency International уюмунун 2010-жылдагы баяндамасында Борбор Азия чөлкөмүндө Казакстан 105, Тажикстан 154, Кыргызстан 164, Өзбекстан менен Түркмөнстан 172 орунду ээлеген. Иликтөөгө дүйнөнүн 178 өлкөсү камтылган.

Жылдар | КРдин ээлеген орду | Өлкөлөрдүн саны |
---|---|---|
2003 | 119 | 133 |
2004 | 125 | 145 |
2005 | 135 | 158 |
2006 | 142 | 163 |
2007 | 150 | 179 |
2008 | 166 | 180 |
2009 | 162 | 180 |
2010 | 164 | 178 |