Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:28

Ч. Турусбеков: Кыргыз-өзбек чек арасында каттоо калыбына келди


Кыргыз-өзбек чек ара бекети, Ош.
Кыргыз-өзбек чек ара бекети, Ош.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал боюнча “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбеков жооп берди.

- Чолпонбек мырза, бүгүнкү күнгө карай кыргыз-өзбек арасында абал кандай? Чек арачылар дагы эле күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатабы?

- Туура айтып атасыз, азыркы күндө Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы 26-майдан баштап күчөтүлгөн тартипте иштеп жатабыз.

- Өзбекстан Ханабадка кол салгандар Кыргызстандан келген деп айтууда. Бул боюнча иликтөө жүрдүбү, сиздерде кандай маалымат бар?

- Бүгүнкү күндө биз тууралап айтканда, Өзбек Республикасынын чек ара кызматынан бизге маалымат, же түшүндүрмө кагаздар келген эмес, алар сурашкан да эмес. Ошого байланыштуу биздин Кыргызстандан андай баракчалар өткөн эмес, болгон эмес деп айтып атабыз.

- Шаймардан, Сох анклавдарындагы чек ара бекеттери кандай шартта иштеп жатат?

- Баткен облусундагы бул эки өзбек анклавындагы чек ара бекеттери 1-июнда жарым күнгө Өзбекстан тарабынан жабылган болчу. Атайын чек ара өкүлчүлүктөрү иш жүргүзүп, Сохту ошол күнү эле саат 15-00дө ачканбыз. Бүгүнкү күндө Жалал-Абат облусундагы кыргыз-өзбек чек арасында азыркы күндө эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин унаа жана жарандарды мамлекеттик чек арадан өткөрүү мурунку калыбына келтирилди. Ош жергесинде жайгашкан көзөмөл постторубуз бүгүнкү күндө өз тартибинде иштеп атат. Бирок бир тараптуу катуу көзөмөл өткөргөн өзгөчө жумуштар бар. Өзбек тарабынан да, биз тарабынан да бар. Биринчиден, жарандарды, унааны, өтүп аткан жүктү тыкыр текшерүүлөрдөн өткөрүп атабыз.

- Баткен облусунда чек арачыларды, аскерлерди эки тарап бири-бирине барымтага алды деген маалымат болду эле. Ал окуя кандай болду эле?

- 1-июнда ошондой окуя болгон. Биздин унаабыз Ош тараптан Баткенге жүк тартып бараткан эле. Кадамжай менен Айрыбас деген жердин ортосунда чек арадан өткөн жол бар. Ошол жолдо көзөмөлдө жүрүшкөн Өзбекстан чек арачылары аларды токтотуп, 6 саатка кармашкан. Андан кийин чек ара өкүлдөрү менен өзгөчө сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, ошол күнү эле биздин жоокерлерди кое беришкен. Биз тараптан дагы Кадамжай чек ара аймагында Өзбекстандын эки куралчан кызматкерин токтотуп, ал жерде документтери туура эмес деген себептер болгон. Биз ошол эле заматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, 4 саатан кийин ал жоокерлерди Өзбекстанга өткөрүп бергенбиз.

- Ооганстан, Тажикстан аймагы аркылуу куралдуу адамдардын келгени, же жүргөнү тууралуу маалымат чыккан. Сиздерде ал боюнча кандай маалымат бар?

- Бүгүнкү күндө өзүбүздүн оперативдүү жумуштарыбызды кыргыз-тажик чек арасында өткөрүп жатабыз. Биз деле андай кабарларды маалымат каражаттарынан алып жатабыз. Тагыраак айтканда, көзөмөлчүлөр иштерин өзүлөрү өткөрүп жатышат. Чек ара көзөмөлдө.

- Казакстан тарапка чыгуу да кыйындап жатканы айтылууда. Казак тарап чек арадан өтүүнү катаалданттыбы?

- Бүгүнкү күндө кыргыз-казак чек арасында унаа жана жарандар мурунку калыбында эле өтүп жатышат.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG