Күттүргөн курултай да өтөр
“Тойдун өткөнүнөн өтөрү кызык” демекчи 23-мартка президент Ынтымак курултайын чакыруу жарлыгын чыгаргандан бери элдик кеңештин айланасындагы кеп-сөздөр саясий өң-түс алып, барып-келип эле бийлик менен оппозициянын мамиле-катышына такалууда. Антишке кийинки кездери бийлик атаандаштарына кысым күчөп, оппозициянын соттолгондон калгандарынын бир тобунун чет жерден баш калка издөөгө аргасыз болуп жатышы себеп болду окшойт.
Көпчүлүктү көп түйшөлтчү суроолор: бийлик менен оппозициянын мамилеси, жумушсуздуктун айынан чет жерге иштөөгө кеткендердин арбып баратышы, экономикалык кризис этектеп турганда тарифтердин көтөрүлүшү, бийликти туташ дегидей чырмап алган коррупция, сөз эркиндиги, адам укугунун сакталышынын жылдан-жылга начарлап баратышы, Кыргызстандын демократиядан четтеп кетиши элдик кеңеште талкууга алынабы?
Белгилүү коомдук ишмер Жамал Ташыбекова ушу тапта элдин баарын азыркы бийликке оппозиция деген пикир натуура экендигин белгиледи.
- Бирок оппозиция эмес өзүнүн көңүлүн же болбосо өзүнүн оюн айткан элдер көп да. Мүмкүн аны бийлик уга элек, бийлик түшүнө элек. Бийликке жеткире элек эл арасында ар түрдүү сөздөр бардыр. Ойлор да бардыр. Ошонун баары ушул курултайда айтылып, бийликке чейин жетер.
Кош жыйындын эгиз жаңырыгы
Бишкек шаар башчысы Нариман Түлеев курултайда кыргыз мамлекетинин учурдагы, келечегине байланышкан суроолор көтөрүлүп, ага жооп таап, элди ошондой бийик идеянын алдына бириктирүү маселе көтөрүлүшү керек деп эсептейт. Оппозиция менен бийликтин мамиле-катышына токтолгон шаар башчы өз оюн мындайча улады.
- Эми беш кол тең эмес. Беш адамды койсоң беш адамдын ою ар кандай. Ошон үчүн “айткандар айта берет, кербен жүрө берет”, дейт. Эми аны көрө жатарбыз. Орустар айткандай анын чынбы-чын эмесин турмуш көрсөтөт.
Башкалаанын жергиликтүү жамааттар биримдигинин атынан Ынтымак курултайына өкүл болуп шайланган Кыргыз медициналык академиясынын ректору Ашыралы Зурдинов курултайда ынтымак маселеси козголо тургандыгын ырастады.
- Элибизде айткандай, “бир жакадан баш, бир жеңден кол” чыгарып ар ким өзүнүн көмөчүнө күл тартпай, ошо президентибиз айткан демилгени колдоп, кыргыз журтчулугунун айланасында бирдей жашаган эл-журттар биригип, жалпы аракет кылып, “мен Кыргызстандын жаранымыны”, “мен кыргызстандыкмын”, менин “Ата Журтум – Кыргызстан” деп, ошондой сезим менен аракет кылган эң негизги нерсе.
Удаалаш өтчү кош курултайда козголчу маселелердин тамыры бир жерден чыкканы менен, алардын эки жерде эки өңүттөн талкууга алыныш ыктымалдыгы Кыргызстандагы саясий жагдайдын кандайлыгын кашкайтып көрсөтчү белгиге айланууда. “Адилет” укук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупованын пикиринде, эки жыйынга тең чоң үмүт артыштын кажети жок.
- Элдин пикирин ким угат, ким сыйлайт? Мен ошонун баарын билем. Үмүтүм да үзүлдү, ишеним да жоголду. Бирок бир эле нерсеге өкүнүп жатам. Ушул убакка чейин бир суроого мен жоопту ала элекмин.
Азырынча жоопсуз калып жаткан суроо кыргыз бийлиги өз атаандаштары менен мунасага келе алабы, өлкө, коом тагдыры калтыс абалда турганда бийлик менен байлык талашынан өйдө көтөрүлүп, жалпы улуттук кызыкчылыктын туусун көтөрө алабы такилибине барып такалууда.