СДП фракциясынын мурдагы жетекчиси Бакыт Бешимов Ынтымак курултайы боюнча билдирүү таратып, анда бийлик 23-март Курултай күнү деп жарыя кылаардан мурда, бул тууралуу элдин макулдугун алышы керектигин айткан. “Мындай маселе элдин өзүнүн демилгеси менен көтөрүлүшү керек эле” деп жазган Бакыт Бешимов, Курултайга катышаардан мурда айрым жагдайларды эске алууну белгилеген.
“2005-жылдан кийин келген бийлик калкты тандоо укугунан ажыратып, мамлекеттик башкаруу калптын жана дайындоолордун эсебинен курулуп келе жатат. Бүгүн Кыргызстандын эли айыл өкмөтүн да, президентти да ачык, демократиялуу жол менен шайлай албайт. Азыр бийлик өзүнүн күнөөсүн билип, элдин каарынан коркуп турат. Алар бизди эл колдоп жатат дегендей түр көрсөтүш керек. Ошол себептүү “ынтымак” деп атаган курултайлар аларга керек” деп жазат Бакыт Бешимов. Мындан сырткары Бакыт Бешимов курултай бийликти бекемдөөнүн механизми катары болуп калбашы керектигине токтолгон.
Ал арада жер-жерлерде өткөн жашоочулардын жыйындары жана жамааттардын курултайларында көрсөтүлгөн делегаттар ушул күндөн тарта Ынтымак курултайына катышчу адамдарды тандай башташат. Ар бир айылдык округдун тургундары бирден, өздөрү ишенген жана сыйлаган, абройлуу адамын жибериши керек.
Курултайды уюштуруу комитетинин мүчөсү Уран Ботобеков делегаттарды шайлоодо бийликтин аралашуусу мүмкүн эместигин айтты:
- Биз план кабыл алганбыз, графигин түзгөнбүз. Ошол график боюнча жер-жерлерде иштер жүрүп жатат. Эл өзү тандап жатат. Эч кандай административдик басым же бийликтин аралашуусу жөнүндө сөз да жүрүшү мүмкүн эмес. Бизде азыр андай факт жок. Биз бардыгына эркин мүмкүнчүлүк бергенбиз. Активдүү катышпай туруп сыртынан тон бычкан туура эмес деп ойлойм.
Деген менен Ынтымак курултайынын уюштуруу иштерине байкоо салган “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова жер-жерлерде болуп жаткан жыйындардын графиги, бул тууралуу элдин маалыматы жоктугуна токтолду. Анын айтымында, бийлик дагы эле мугалимдер менен студенттердин тизмесин түзүп жатат.
- Биз азыр абдан нааразы болуп жатабыз. Эл, жөнөкөй жаран кантип билип, кантип курултайга катыша турганын билип, атайын байкап көрөлү десек баягы эски убактай эле студент, мугалимдерди чакырып, жер-жерлерде бийлик көзөмөлдөп, тизмени бекитип жатат. Катышам деген адам катышыш керек. Ошондо биз демократия аркылуу өтүп жатат деп айтабыз. Эгер бийлик маалыматты эч кимге бербей, өздөрүнүн делегаттарын жөнөтүп койсо бул элдик эмес, бийликтин курултайы болуп калат.
Барат-барбайт... Катышат-үйдө калат
Президент Ынтымак курултайына чакырганда эле оппозиция өкүлдөрү да жер-жерлерден көрсөтүлүп, бул жыйынга катыша ала тургандыгы айтылган. Бирок бул арада оппозиция өзүнүн курултайын өткөрүүгө камынып жатат. “Анткени оппозиция Ынтымак курултайынын рамкасына кирбей калган” деген оюн “Азаттыкка” Бириккен элдик кыймылдын мүчөсү Мукар Чолпонбаев билдирди.
- Президенттин өзүнүн жарыя кылганы боюнча өкүлдөр жер-жерлерден шайланып келишет. Аны болсо облустун губернаторлору ким барарын фамилия боюнча чечип койгон. Экинчиден, 150 кишини президент өзү аныктайт. Ал эми оппозицияга ал жерде орун жок. Оппозиция да чакырылат дегени жалган. Ал эми шайланып келгендер сөзсүз түрдө азыркы бийликтин камчысын чаап, сөзүн сүйлөй турган адамдар келет, андан башка адамдар келе албайт.
Ал эми Ош облусунун губернаторунун орун басары Айгүл Наватова облус жетекчилери тизмени түзүп атат деген сөздөргө кошулбай тургандыгын “Азаттыкка” билдирди:
- Биз жакшы деңгээлде өтсүн деп уюштуруу иштерин жасап жатабыз. Уюштуруп жатабыз. Бул жерде кадимкидей курултайга катыша турган делегаттардын талапкерлиги көрсөтүлүп, шайлоо болот. Ошого аракет жасап жатабыз.
Президент К. Бакиев улуттар аралык ынтымакты чыңдоо, жарандык коомду баш коштуруу жана социалдык мобилизациялоого көмөк көрсөтүү максатында “Ынтымак курултайын чакыруу жөнүндө 21-январда Жарлык чыгарган. Курултай 23-мартка белгиленген. Ага бардыгы болуп 750 делегат чакырылат.

Бийлик маалыматты эч кимге бербей, өздөрүнүн делегаттарын жөнөтүп койсо бул элдик эмес, бийликтин курултайы болуп калат.

Бул жерде кадимкидей курултайга катыша турган делегаттардын талапкерлиги көрсөтүлүп, шайлоо болот.