Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:32

Бали аралында I Азия оюндары жыйынтыкталды


Азия оюндарында Кыргызстандык спортсмендер байгеден кур калды
Азия оюндарында Кыргызстандык спортсмендер байгеден кур калды

Индонезияда Бали аралында жээкте ойнолуучу спорт түрлөрү боюнча I Азия оюндары 26-октябрда жыйынтыкталды. Кыргызстандык балбандар жана суучулдар I Азия оюндарында байгелүү орундарга илинбей калышты.

Мында спорттун 19 түрү боюнча Азиянын 45 өлкөсүнүн өкүлдөрү мөрөй талашты. Натыйжада 27 өлкөнүн спортчулары гана байгелүү орундарды ээледи. Биринчи орунду 23 алтын, 8 күмүш жана 20 коло медаль жеңип алууга жетишкен оюн ээси Индонезия өлкөсүнүн командасы ишенимдүү ээледи.

Экинчи катардагы тайланддыктардын 10 алтын, 17 күмүш, 10 коло байгеси бар. Ал эми үчүнчү орунда ээлеген Кытай эл республикасы 6 алтын, 10 күмүш, 27 коло байгелүү болушту. Спорттук ийгиликтери менен таанылып жүргөн Жапон өлкөсү- бешинчи, Түштүк Корея -төртүнчү орундарды камсыз кылышты.


Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан гана бир алтын, 1 күмүш жана 2 коло медалдын ээси болуп, командалык эсепте 15-орунга илинди. Ооганстан өлкөсүнүн балбандары кум үстүндөгү күрөштөн 1 алтын жана 1 коло байге утуп, Азиянын спорт адистерин көңүлүн бурду.


Бул Азиянын алгачкы жээк оюндарына Кыргызстан да расмий чакыруу алып, каражатына жараша 5 спортчусу менен катышты.

Өлкөнүн Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун телефон аркылуу билдиргенине караганда кыргызстандык балбандар 24-25- октябрда кум үстүндөгү таймашууларда күч сынашып, бирок ишенимди актай албады.


24-октябрда 65 кг салмакта грек- рим күрөшү боюнча Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү Султан Мухтаров алгачкы таймашууда эле жапон балбаны Котага 4:0 эсебинде жеңилип, оюндан четтеп калды. Ал эми 85 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, 15-Азия оюндарынын коло байге ээси Данияр Көбөнов кум үстүндөгү күрөштө пакистандык атаандашы Мажед Исманга алдырып койду.

25-октябрда 85 кг салмактан жогорку балбандардын таймашуусунда грек- рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө жана Азия чемпиону, 15-Азия оюндарынын коло медаль ээси Жанарбек Кенжеев өлкө намысын коргоп, алгач оогандык балбан Валкзада Абдуллахикти 4:0 эсебинде жеңди. Жанарбек бирок үчүнчү орун үчүн таймашууда пакистандык атаандашы Тазен Мухамедге утулуп калды.

Кыргызстандын дене тарбия, спорт, жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун айтымында бул балбандар байгелүү орундарды ээлейт деген ишеним бар эле. Себеби, Данияр Көбөнов менен Жанарбек Кенжеев быйылкы Бээжин олимпиадасына жолдомо албай намыстанып жүрүшкөн. Жаш балбан Султан Мухтаров да дымагы күчтүү болчу:


- Бирок тилекке каршы бул кум үстундөгү күрөш грек- рим күрөшүнө жакын деп ушул жигиттер Бали аралына барса, ал жактагы эреже эркин күрөшкө окшош болуп, балбандарды буттан алып күрөшкөндүгү менен биздин жигиттер бул ыкмага көнбөгөндүк кылышты. Мындай каталыкты улуттук олимпиада комитети туура эмес маалымат бергендиктен кетирип, балбандардын шагы сынып, жеңилүү ызасын тартышты.


Ал эми сууда сүзүү мелдештери атайын бассейинде өтпөй, кадимки деңизде марафондук жарыш болду. Ошондуктан Азия чемпионаттарында байге алып жүрүшкөн, Бээжин олимпиадасынын катышуучулары Василий Данилов менен Юрий Захаров 25-жана 26- октябрда 5 жана 10 км аралыкка сууда сүзүү марафондук жарышында өз күчтөрүн сынап көрүшкөнү менен марага жетпей ара жолдо калышты. Мында сириялык суучул Мохамед Сален эки күндүк жарышта тең марага озуп келип, биринчи Азия оюндарынын чемпиону аталып, 2 алтын медаль тагынды.

Азия аймагындагы спортту өнүктүрүү маселелери каралып, эмдиги жылы Сингапурда өтө турган жаштар арасындагы Азия оюндарынын шарты, программасы да Балиде талкууга алынды. Ошондой эле Азия олимпиадалык кеңешини Конгресси да болду, дешти улуттук олимпиада комитетинин жетекчилери.


Кум үстүндөгү айрым оюндар эл аралык Ысык-Көл оюндарынын программасына да кирип, мелдештер өткөрүлүп жүрөт. Балидеги кум үстүндө жээкте ойнолуучу биринчи Азия оюндары Ысык-Көл жээгинде да спорттун ушул түрлөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө болсо деген тилегин өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун директору Касымкул Оболбеков билдирди.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG